Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:13

Казакстанда сот Январь окуясында каза тапкан беш кишини күнөөлүү деп тапты


Иллюстрация.
Иллюстрация.

Казакстанда Январь окуялары маалында каза тапкан беш кишини сот күнөөлүү деп тапты. Мындай чечимди 2-майда Алматынын Бостандык райондук соту чыгарды.

Серик Керимов, Канат Аубакиров, Нурболат Касымжанов, Аслан Уалиев, Шынгыс Тастанбеков Алматы акимчилигине кол салууга айыпталган.

Тhe Qazaq Times басылмасы кабарлагандай, Сот Тастанбековго “жапырт башаламандыкка катышты” деген айып такса, Керимов, Аубакиров, Касымжанов жана Уалиев “жапырт башаламандыкка катышты”, “мамлекеттик имаратка чабуул жасады” деп күнөөлөндү.

Сотто прокурор алар Алматы акимчилиги менен президенттин резиденциясына чабуул жасаганын айтты.

Маркумдардын туугандары соттун өкүмүнө макул эмес жана жогорку инстанцияга доо арыз менен кайрылат.

Казакстанда суюлтулган газдын кескин кымбатташына байланыштуу тынч митингдер былтыр 2-январда башталып, кийин өлкөнүн башка аймактарына жайылып, кан төгүү, башаламандык менен коштолгон. Расмий маалыматка караганда, тополоңдо кеминде 238 киши каза болгон.

Быйыл февралда Таразда Январь окуясына байланыштуу тогуз айыпталуучуга өкүм чыккан. Алардын бешөө ошол башаламандыктарда окко учкан. Калган төртөө тагылган айыптарды четке каккан. Маркумдардын туугандары иликтөө адилетсиз жүргөнүнө нааразы болушкан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG