Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:51

"Элге чындыкты айтуу абзел". Казакстан КГБ архивдерин ачууда


Казакcтандын бийлиги 1929-1956-жылдары саясий репрессиянын курмандыктарына тиешелүү жана купуя сакталган жүз миңдеген архивдик маалыматтарды ачыкка чыгарууда. Бул үчүн атайын комиссия иштеп жатат.

Казакстандын Башкы прокуратурасы "сүргүнгө айдалгандардын, атайын жер которгондордун жана кылмыш жоопкерчилигине тартылгандардын ичинен 311 миң адам акталганы" тууралуу маалымат таратты. Архив материалдарда эмне сыр бар? Анын тарых үчүн мааниси кандай? Кыргызстанда архивдерди ачуу демилгелери эмне үчүн ишке ашпай жатат?

“Куугунтук курмандыктары” подкастында казакстандык окумуштуу, тарых илимдеринин доктору, академик Мамбет Койгелдиев жана кыргызстандык тарыхчы Жумагул Байдилдеев менен ушул тууралуу кеп кылабыз.

- Казакстандын бийлиги 1929-1956-жылдары саясий репрессиянын курмандыктарына тиешелүү купуя сакталган 2 миллиондон ашык архивдик материалдарды жарыялады деген маалыматтар чыкты. Муну Казакстандын Башкы прокуратурасы жарыялады. Сиз репрессия темасын изилдеп жүргөн окумуштуу катары архивдик материалдарды ачыкка чыгаруу үчүн түзүлгөн комиссияга да мүчө экенсиз. Ал кандай ишке ашууда, бизге ошол тажрыйба тууралуу айтып берсеңиз?

Мамбет Койгелдиев
Мамбет Койгелдиев

Мамбет Койгелдиев: Өткөн кылымдын 20-30-жылдарындагы советтик реформаларды тергеп-териштирүү иштери Казакстанда 1990-1991-жылдары эле башталган. Парламентте атайын комиссия түзүлүп, ошол комиссия караштырган. Комиссиянын чечими 1992-жылы гезитке жарыяланган. Бул биринчи жолу каралганы. Бирок бул процесс аягына чыкпай калган. Ошентип, толук болбосо дагы советтик реформаларга баа берилген. Анткен менен репрессияга тиешелүү документтердин толук ачылбай калган жерлери бар эле.

Президент Касым-Жомарт Токаев 2020-жылы (24-ноябрда болуш керек) “Репрессия курмандыктарын толук актоо жөнүндө” жарлык чыгарды. Ага ылайык мамлекеттик комиссия түзүлдү. Мен да ошол комиссиянын курамында иштедим. Ал комиссиянын астында 1929-1931-жылкы дыйкандардын көтөрүлүшү, колунда барлардын мал-мүлкүнүн тартып алынышы, сырттан көчүрүп келүү ж.б.у.с. боюнча дагы 11 өзүнчө комиссия түзүлдү. Ошондон кийин иш башталды. Ал комиссиялардын бирден бир милдети архивдик купуя материалдарды ачыкка чыгаруу эле.

Репрессия тууралуу купуя материалдар Улуттук коопсуздук комитетинин, Башкы прокуратуранын, ИИМдин, Жогорку Соттун архивдик корлорунда сакталып келген. Алардын баарын ачыкка чыгаруу иштери башталды. Комиссиянын отурумунда бардык облус, шаарлардагы репрессия тууралуу чогулган маалыматтарды бир жерде, Алматыдагы президенттик архивге жыйнайлы деп сунуш киргиздим. Ошол иштер жүрүп жатат. Учурда репрессияга тиешеси бар материалдардын баары Алматыдагы президенттик архивде топтолду деп айтса болот.

Казактар. ХХ кылымдын 30-жылдарында тартылган документалдуу сүрөт. Фото музейден тартылган. Автору Дмитрий Багаев.
Казактар. ХХ кылымдын 30-жылдарында тартылган документалдуу сүрөт. Фото музейден тартылган. Автору Дмитрий Багаев.

- Ошондо “2 миллиондон ашуун архивдик маалыматтар ачыкка чыкты” деген билдирүү туурабы?

Мамбет Койгелдиев: Туура. Менин билишимче, азыр президенттик архивде 700 000ге чукул маалымат жыйналды. Бирок али толук чогултулуп бүтө элек.

- Жумагул мырза, Кыргызстанда бул боюнча маселе эмнеге улам козголуп, кайра дымып калууда? Жакында эле бул боюнча мыйзамды кайра парламентке алып кирүү аракеттери болду. Эмнеден тайсалдап жатабыз, окумуштуулардын пикири кандай?

Жумагул Байдилдеев
Жумагул Байдилдеев

Жумагул Байдилдеев: Кыргызстанда 1920-50-жылдардагы репрессия курмандыктарын актоо маселеси эгемендикке жеткенден кийинки 32 жылдан бери улам козголуп, айтылып келе жатат. Бирок бизде көрүнүктүү иш жүргүзүлбөгөнү дагы аябай өкүнүчтүү. Ырас, 2018-жылдан бери репрессия курмандыктарын актоо боюнча мыйзамдын долбоору даярдалып, улам коомчулукка талкууга коюлуп, былтыр дагы парламент биз, тарыхчылар, депутаттарга ачык сүйлөп чыктык. Жакында эле Жогорку Кеңештин комитетинин отурумунда каралды дейт.

Эми эмнеге кечигип жатабыз деген суроого келели. Чындыгында парламентте отурган депутаттардын көпчүлүгүнүн бул жөнүндө маалыматы жок болуш керек. Бир акылман кыргыздын акылдуу баласы айткан тура, "атамдын көңүлү жок болсо, мен кайдан чүкө утмак элем" деп. Биздин бийликте отургандардын колдоосу, президенттин деле жарлыгы керек. Тарыхтын актай барактарга алардын көңүлүн бурсак, анда иш алдыга жылат эле. Мен мына акыркы үч жылдан бери Казакстандын архивдери менен, ошондой эле илимий институттар менен тыгыз иштешип келем, аларда иштин кандай жүрүп атканын аябай жакшы билем.

Соңку үч жыл ичинде эле бир топ иштерди жасап коюшту. Репрессия курмандыктарын актоо багытында архивдик материалдардын негизинде 33 томдук китепти чыгарышты. Казакстанда облустар көп эмеспи, ар бир аймактан репрессия болгондордун документтерин өзүнчө облустук архивдерден да чогултуп, 60-70 пайызын тактап коюшту десек болот. Биз ушул жагынан артта калдык. Жогорку Кеңеш репрессия боюнча мыйзамды чыгарса, ошондо деле мамлекет бюджеттин бир тыйын акча бөлбөсө, бул деген баягы мылтыкты берип, ок-дары бербей койгондой эле кеп да. Мындай абалда биз эчтеке кыла албайбыз. Адегенде илимпоздор киришип, ошол инсандардын тизмесин алып, делолорун карап, Казакстандыкындай 33 том болбосо дагы 15-20 томдук китеп чыгарсак, тарыхтын актай барактары кыйла толукталып, элге жетет эле да. Анткени тарыхчылар, биз, өзүбүз ошону түшүндүрүп ачып бербесек, коомчулук туура эмес кабылдашы мүмкүн.

- Эгер архивдер ачылса эле ушул ишке чекит коё алабызбы? Сурайын дегеним, реабилитация, актоо маселеси чечилеби ошону менен?

Жумагул Байдилдеев: Албетте, актоо ал өзүнчө иш. Репрессиялангандарды жөн эле актап, документтерди кайра КГБнын архивине салып койгондун эч мааниси жок. Мына азыр ар кайсы инсандардын мааракелери болуп жатат. Ишенаалы Арабаевди, Жусуп Абдрахмановду эскерип, алардын Алматыдагы, Оренбургдагы документтерин таап келдик. Ал эми Кыргызстандагысын болсо баягы эле туулган жылын билебиз. Кыргызстанда жасаган көп иштерин, ачыгын айтканда, кандай күнөөлөнгөнүн да биле элекпиз. Ошондуктан Улуттук коопсуздук комитетиндеги архив бири-бирин толуктап бермек. Ачылбай күңүрт болуп жаткан жагын толуктап турат эле. Белгилүү инсандардын бейнесин ачканда дагы чоң жардамы тиет.

Экинчиден, ошондой белгилүү болбосо деле, райондук масштабда же айылда иштеп жүргөн адамдар жөнүндө урпактары кулакка тартылган, үйдөн айдап кетиптир деп жомок, имиш-имиштерди айтышат. Ошолордун баары эмне болгону, кандай иштеп жүргөнү, эмне үчүн камалгандыгы такталышы керек.

Райондук масштабда иштеп туруп, республикалык маанидеги иштерге аралашкан, чоң кызмат кылгандар бар. Биздин айылда 30-жылдары Барашев Мааданбек деген болгон. Ал районду түптөп, бактарды тиктирип, мектептерди салдырган, ошол күнөөсү үчүн камалган. Мына ошондой инсандар 30-жылдарда репрессия болгон. Ал кишинин аты азыр улуттук лицейге коюлду. Бирок анын дагы басып өткөн жолун толук биле элекпиз. Райондук масштабда иштесе да Кыргыз АССРинин Борбордук аткаруу комитетине мүчө болуп, анын сессияларында сүйлөп жүргөн киши. Демек, ар бир инсан ар бир райондун социалдык-маданий турмушун көтөрүүгө эмгек сиңирген. Ошондуктан коопсуздук кызматынын архиви ачылышы өтө маанилүү.

- "Архив материалдарды ачса, көп талаштуу маселелер бар. Ошол кезде бири-биринин үстүнөн тоголок кат жазып эле соттотуп, аттырып жибергендер болгон, ошол ачыкка чыгып, коомдо жаатташууга себеп болот" деп айтылып келе жатпайбы. Мамбет ага, сиздер ачкан КГБ архивдеринде ошондой нерселер бар бекен?

Мамбет Койгелдиев: Мен бул жабык материалдар менен 35 жыл иштегем. Ал материалдар кандай экенин жакшы билем. Ал айтылгандардын баары чындыкка жатпайт. Кезинде КГБ (Мамлекеттик коопсуздук комитети) “адамдар бири-бирин саткан” деп, ошондой жалган мифти калыптандырган. Андай болгон эмес. Казакта да, кыргызда да андай болгон эмес. Алар эмне үчүн мындай имиштерди чыгарды? Өздөрүн актоо үчүн, коомчулук аларды айыптабашы үчүн “бири-бирин саткан, эл өзү күнөөлүү” деп, ушундай пикирди жараткан. Андай эч маалымат жок. Мен буга толук кепилдик бере алам.

Подкастты бул жерден угуңуз:
"Элге чындыкты айтуу абзел". Казакстан КГБ архивдерин ачууда
please wait

No media source currently available

0:00 0:24:12 0:00

Мындай архивдик маалыматтарды ачыктоо процесси Европадагы бардык мурунку социалисттик өлкөлөрдө, Германиядан баштап, Польша, Балтика боюндагы өлкөлөрдө да жүрдү. Эмне, Кыргызстан менен Казакстан өзгөчөбү? Бул жактын калкы бөтөнчө калкпы? Поляк болобу, немис болобу, кыргыз-казак болобу, элдин баары бирдей. Ошондуктан бул уламыштан, мифтен баш тартуу керек. Улуттук коопсуздук комитети дагы баш тартышы зарыл. Кезинде мен Кыргызстандын Улуттук коопсуздук комитетине кат жазгам. Казак-кыргыз зиялылары (айдыңдары) революцияга чейин, революциядан кийин 20-жылдары чогуу иштеген. Чогуу маданиятты көтөргөн. Алардын алака-катышы жакшы болгон. Кыйын-кыстоо замандарда (мисалы, 1916-1917-жылдары) бири-бирин колдоп, жардамдашып турган. Алаш козголушуңда Солтоноев, Арабаев, Тыныстанов сыяктуу кыргыз айдыңдары казактар менен бирге жүргөн деп жазгам. Архивдерди ачыш керек. Кыргыз, казак айдыңдары жөнүндө материалдарды аныктап-тактап жарыялоо зарыл. Алар саткын болгон эмес. Алар өз улутуна кызмат кылган. К.Тыныстанов саткын болгон деп ким айтат? Эч ким айта албайт. Андай маалымат да жок. Демек, биздин атайын кызматтагылар ОГПУнун купуя материалдарын сактап жатат. Бөтөн элдин намысын коргоо дурус эмес. Андыктан баарын ачыкка чыгаруу керек.

Биздин Абайдын “Бир жанга эки жолу күйүү адилетпи?” деген сөзү бар. Бир жан эки жолу өлбөшү, күйбөшү керек. Тыныстанов, Арабаевдер бир жолу күйдү го! Аларды эл душманы деп атып салышты. Алардын артында калган мурасын, документтерин эмне үчүн жашырып отурушат? Ушинтип аларды экинчи жолу өлтүргөнгө кантип болсун!

Бул кайдан чыккан мыйзам?! Кайдан чыккан маданият?! Элге тарыхый чындыкты жеткирүү керек. Элден жашырылган тарыхый чындык болбошу керек. Эл өз тарыхын өзү билиши шарт. Купуялыкты сактап отурган кишилер жаңылышат. Эл чындыкты канчалык эрте билсе, ошончолук жакшы. Ошондо калктын көзү ачылат, өсөт, өнүгөт. Элдин көзүн, кулагын жаап койгон болмок беле? Болбойт, бул уят иш.

Жумагул Байдилдеев: Мен 22 жылдан бери архивдик маалыматтар менен иштеп жүрөм. Улуттук коопсуздук комитетиндеги сурактардын бардыгы же протоколдордун көпчүлүгү 20-30 пайызы биздин коомдук-саясий документация архивинде ачык эле турат. Суракта кыйноо менен бири-бирин каралаткан учурлар да бар. Ошол кездеги адамдардын көпчүлүгү карапайым болгон, көп нерсени билген эмес. Мисалы, “сен качан “Социал-туран” партиясына мүчө болгонсуң?” деген суроого “Туран акени жайында эле тоодо көргөм, бөлөк убакта көргөн жокмун” деп жатат бирөө. Дагы бир мисал, Байсерке Калпаковдун Улуттук коопсуздук комитетине берген сурагында анын мамлекеттен бир тыйын акча албай, элдин салымы менен мектептерди ачкан “Талап” коомунда иштегени көрсөтүлгөн. Көлгө барып, айылдарда мектеп ачабыз, китеп чыгарабыз деп, элдин баары акчасы жок болгондуктан бирден коюн берген. Суракта “Калпаков бизге жайында келип кой алган” дешкен. Ошентип, контрреволюциячыл “Талап” коомун түзүп, элден акча чогулткандыгы үчүн деп айыпташкан. Ушундай түшүнбөстүктөр бар. Эми ток этер жерине келели. Бири-бирин каралоо деген сөз болбогон нерсе. Кыргызстанда репрессия тарыхын изилдеген үркөрдөй эле топ – беш-алты, онго жетпеген эле тарыхчылар барбыз. Адегенде окумуштуулар киришип, маалыматты элге маданияттуу жеткирип, түшүндүрүшүбүз керек.

Эгер ал жерге дагы бөрк ал десе баш алган, чымынды пил кылган, тарыхтан кабары жок кишилерди киргизип ийсек, анда элди дүрбөтүп ийиши мүмкүн деп ойлойм. Ошондуктан бул жерге тарыхчы илимпоздор кирип, атайын томдуктарды чыгарышы керек. Казакстандын, Орусиянын архивдеринен алып келип, бири-бирин толуктап, “Эмне үчүн мындай суракка алынган? Эмне үчүн ошондой суракты жүргүзгөн?” деп тактоо кажет. Репрессия Казакстан, Өзбекстан Кыргызстанда - жалпы союздук республикаларда окшош жүргөн. Бири-бирин каралоо да бирдей эле болгон. Биз азыр эгемен мамлекетпиз. Ал убакта СССРдин диктовкасы, кандуу репрессия болду, генетикалык куугун-сүргүн болду, мунун ичинде кулакка тартуулар да бар.

Улуттук коопсуздук комитетинин архиви ачылса, мамлекет каражат бөлсө, биз, илимпоздор эки-үч жыл ичинде 20-кылымдын 30-жылдарындагы куугун-сүргүн, репрессия боюнча чоң иштерди жүргүзөт элек. Анан дагы бир айтып койчу нерсе, эгер дагы ушинтип кылчактай берип беш-он жыл өтүп кетсе, анда дагы көп нерседен кур жалак калабыз. Репрессияны изилдөөчүлөр аз элебиз деп айттым го, он чактыбыз. Биздин артыбыздан бул темага кызыккандар өтө аз. Кийин акчабызды көтөрүп алып каратканга адис таппай калабызбы дейм.

- 20-жылдарда кыргыз казак интелигенциясынын карым-катнашы бекем болгон дедиңиз. Сиздер ачкан архивдик материалдарда кыргыз айдыңдарына тиешелүү маалыматтар да бар бекен?

Мамбет Койгелдиев: Албетте бар. Мисалы, Тыныстанов, Абдрахманов тууралуу материалдар бар. Өткөн жазда архивде отуруп 12 томдон турган “Алаш ордо ичи” деген документтердин жыйнагын даярдадым. Ошонун ичинде 20-30-жылдардагы казак элине каршы жүргүзүлгөн бир нече атайын операцияларды документтештирип жаздык.

- Совет бийлиги тарабынан атайын жүргүзүлгөн операциялар тууралуу айтып жатасызбы?

Мамбет Койгелдиев: Ооба. Ал операцияларды жаап-жашырууга болбойт. 1920-жылы Москвада “Парламент-2” операциясы башталган. Башында Ленин ОГПУнун Чыгыш бөлүмүн түзүүгө каршы болгон. Бирок кийин өзү кол койгон. Ошол ОГПУнун Чыгыш бөлүмү “Парламент-2” операциясын жүргүзгөн. Ал операция Орусия империясынын курамындагы түрк элдеринин жогорку кызмат адамдарына, саясий элитасына каршы иш жүргүзгөн. Аларды каралаган маалымат чогултуу керек болгон. Ушул операция Кыргызстанда ачыкка чыктыбы?

- Жок. Бизде ал тууралуу сөз жок.

Мамбет Койгелдиев: Мен Москванын архивинен кыргыздын айдыңдары, манаптары тууралуу анча-мынча материал алып келгем. Ал материалдар менде бар. Эмне үчүн айрыкча кыргыз манаптарын репрессия объектиси катары жок кылды? Кыргыздын ак сөөк бай-манаптары көп болгон. Алардын баары эле эл душманы эмес да. Советтик иделогия аларды “эл душманы” катары көрсөткөн. Алар болгону кыргыз элинин курамындагы инсандар, үй-бүлө башчылары, элдин уюткусу. Алардын баарын эл душманы кылышты. Алар кайдан чыккан душман? Асмандан түштүбү же жерден чыктыбы? Андай душман жок, болгон да эмес. Ошондуктан советтик идеологиядан баш тартуу керек. Улуттук коопсуздук комитети сыяктуу кызматтарда иштеген кээ бир башчыларыбыз дагы деле советтик идеологиянын таасиринде жүрүшөт. Андай болбойт. Элге чындыкты жеткирүү керек. Кандай тарыхый окуялар жүз бергендигин эл билиши абзел.

Жумагул Байдилдеев: Казак туугандар өздөрүнүн эле аймагында эмес, Кыргызстанда, Түркмөнстанда, Каракалпакстанда, Өзбекстанда репрессияга кабылган казактардын дарегин таап чыгышты. Кыргызстанда эле репрессия болгондордун тизмесин эки том кылып чыгарышты. Биз өзүбүздүн архивибизди эле карай албай жатабыз. Ошол эле Казакстанда, Орусияда, Оренбургда, Каракалпакстанда иштеген кыргыздын белгилүү азаматтары болгон. Мисалы, Москвада, Орусиянын архивинде 44 тизме турат, Кыргызстандан репрессия болгон белгилүү инсандардын тизмеси. Муну мен жети-сегиз жылдан бери президенттик аппаратка жазып турдум. Улам бири түшүнгүчө эле президенттер алмашып кетип, Москвадагы архивге киргенге жетишпей жатабыз. Экинчиден, сиз туура суроо бердиңиз, Алматынын архивинде эле партиянын Алматыдагы Жети-Суу облустук аткаруу комитетинде иштеп турган Жусуп Абдрахманов, Кожокан Шооруков, Данаке Иманов, Абдыкерим Сыдыков ж.б. биздин белгилүү инсандарга тиешелүү маалыматтар бар. Мисалы, Данаке Иманов тууралуу эле 200 барактан ашкан көлөмдөгү чоң монография чыгардым. Эң чоң архивдик материалдар табылды.

Ал эми Ташкентте Ишеналы Арабаев “Ала-Тоо” деген кыргыз коомун ачкандыгы буга чейин белгисиз болуп келген. Ошол кезде кыргыздын таанымал инсандары Ташкентте эл агаруу институтунда окуп турган Касым Тыныстанов, Осмонкул Аалиев сыяктуу кыргыз студенттердин башын бириктирген ал коом. Коомдун максаты кыргыз студенттерин көбөйтүп окутуу, кыргыз тилиндеги китептерди чыгаруу, мектептерди ачуу жана илимди көтөрүү болгон. Анын ичинен тарыхты, “Манасты” жазып калтырыптыр – ошол коомдун атайын документи табылды. Демек, Ташкент, Оренбург, Москванын архивдерин карасак, көптөгөн белгилүү инсандарыбыздын бейнесин толугураак ачабыз. Өзүбүздүн коопсуздук комитеттин архивин ачалы деп жатпайбызбы. Аларды изилдесек, кимиси кандайча күнөөлөнүп, жоопко тартылганы, каерде атылганы ж.б. такталат.

– Демек, ошол Казакстанда ачылып жаткан жүз миңдеген архивдик материалдарга колубуз жетип изилдесек, андан деле бир топ маалыматтарды алсак болот экен да?

Жумагул Байдилдеев: Көп маалыматтар чыгат.

-30-жылдардагы сталиндик репрессиянын курмандыктары тууралуу так сандар жок. Айрым изилдөөлөрдө жалпы жонунан 1937-1938-жылдары НКВД 1 млн 500 миң ашуун кишини камакка алып, анын 680 миңден ашууну атууга кеткен деп жазылып жүрөт. Атууга өкүм кылынгандардан сырткары 100 миңден ашык киши тергөө учурунда каза тапканы, башкача айтканда, кыйноолордон көз жумганы тууралуу тарыхчылар жазышкан. Казакстанда репрессия курмандыктарынын саны такталганбы?

Мамбет Койгелдиев: Ал иштер азыр жүрүп жатат. Кезинде баштапкы комиссия 103 миң киши репрессияланган, анын 25 миңи атылган деп аныктаган болчу. Ал сөз жалган болуп чыкты. Миллиондогон адам репрессиянын курмандыгы болгон. Бүткүл айдыңдар, “Алаш Ордонун” талапкерлери, “Алаш Ордонун” идеясын карманган кийинки муундун айдыңдарынын баары репрессия курмандыгы болду. Ошол репрессиянын айынан казак эли акылмандарынан, саясий элитасынан айырылып калды. Башчысы жок калк болуп калды. Башчысы жок элди алдыга салып айдоо оңой болуп калат. Бул идеологиянын, процесстин максаты ушул болчу. Мисалы, Арабаев менен Тыныстановдор кимге зыян кылды? Эч кимге зыян кылган жок. Тескерисинче, кыргыз калкын көтөрсөм, эл катарына кошсом деп ниет кылган. Мына ошол ойлору үчүн жазаланды, атылды. Болгон чындыкты айтуу керек да. Ошондуктан архивдик материалдарын ачуу процесси башталды. Менимче, Кыргызстанда азырынча баштала элек окшойт. Архивдер баары бир ачылат. Быйыл болбосо келерки жылы ачылат. Бирок чындыкты убагында айтуу керек, элге кечеңдетпей жеткирүү зарыл. Мисалы, азыркы муун, жаштар, чындыкты билип өсүшү шарт.

- Ошончо миңдеген архивдерди казып изилдеп, атылган, соттолгон, куугунтукталган кишилерди актоонун өзү оңой жумуш эмес. Бирок мунун чоң мааниси бар эмеспи. Репрессиянын сабагы эмне, тарыхтын ушундай кара тактары кийинки урпакка кандай сабак берет?

Мамбет Койгелдиев: Эмне үчүн репрессия саясатын жектейбиз? Муну кайра болтурбоо үчүн, келечекте мындай тарыхый процесске жол бербөө үчүн. Качан чындык айтылса гана жол бербейбиз. Ушул нерсени биле жүрүшүбүз керек. Элди алдаган болбойт, элге чындыкты айтуу абзел.

Жумагул Байдилдеев: Репрессиянын сабагы өтө чоң. XX кылымда кыргыз элинин башынан эң оор эки окуя өттү: 1916-жылдагы Үркүн менен 1920-1937-жылдагы репрессия жана кулакка тартуулар. Ошондо канчалаган мыкты инсандар кырылды. Бийлик элдин үшүн алды. 70 жыл бою чындыкты толук айткандан коркуп, бири-биринен чочулап, атасына куран окуткандан коркуп келишти. Мына эми 30 жылдан бери эгемен мамлекетпиз. Эгемендиктин белгиси – тарыхтан сабак алып, келечекке кадам жасоо. Тарыхтан сабак албасак, жөн эле экономика менен эгемендикти сактап кала албайбыз. Ошондуктан маанилүү маалыматтарды ачып, кийинки муундарга жеткиришибиз керек.

Ата-бабаларыбыз мамлекеттүүлүк үчүн кандай күрөшкөн?

Союздун тутумунда туруп, өз алдынча мамлекет бололу деп ошол “Алашты” түзүшкөн, андан кийин 1922-жылы совет өкмөтү күчөп, “Алаш” союзга кошулгандан кийин кыргыз маданиятын колдоо, кыргыз тилдүү мектептерди ачуу, китептерди чыгаруу, илимди өнүктүрүү үчүн “Талап” деген коомду түзүшкөн. Бул өзүнчө мамлекеттүүлүктүн белгиси да. Болбосо орус тилинде эле окуй берсек, улут катары жоголуп кетмекпиз. Ошондуктан ал инсандар улутчул деп күнөөлөнгөн. Архивдерден буга чейин белгисиз болуп келген жаңы маалыматтарды таап чыгып жатабыз. Мунун баарын унуткарыш үчүн атайын жашырып келишкен. Улуттук коопсуздук комитетинин архивин ачканда жүз жыл мурун эле өз алдынча мамлекет болуу үчүн күрөш жүргөнүн, ошонун аркасында автоном облус, анан АССР, кийин өзүнчө республика болгонубуз даана көрүнөт. Ошол күрөштүн шарапаты менен эгемендикке жетиштик да. Болбосо канчалаган элдер мамлекети жок азыркы кезде. Эң чоң сабак ушул – мамлекеттүүлүктү сактоо зарылдыгын түшүнүү керек.

XS
SM
MD
LG