Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:33

Экономикасы чабал өлкө бирөөгө көз каранды


Ош базары, Бишкек. Илюстрациялык сүрөт.
Ош базары, Бишкек. Илюстрациялык сүрөт.

"Азаттык" радиосунун "Эгемендикти эмне бекемдейт?" аттуу сынагына Кожобаев Табыштан келген макаланы сунуштайбыз.

Эгемендикке ээ болгон отуз жыл аралыгындагы тарыхый окуялар жана ушул жылдардагы мамлекетибиздеги жашоо (өнүгүү нугу деп айта албайм) көз карандысыздыкты бекемдей албагандыгын ачык эле айтышыбыз керек.

Бирок кайсы бир чет өлкөлүк маалыматтарда көрсөтүлгөндөй мамлекеттүүлүгүбүз олку-солку абалда эмес. Кыргызстан мамлекет катары жок болбойт! Себеби, бүгүнкү күндөгү ааламдашуу, цивилизациянын, илимдин, техниканын жана аң-сезимдин өнүгүүсү ага жол бербейт. Эч бир мамлекет өлкөбүздү басып алууга батынбайт.

Эгемендикти бекемдеш үчүн экономиканы өнүктүрүү зарыл. Экспорт, импорт балансы 1:3. Бул экономикасы начар, кембагал өлкө экенибизди көрсөтүп турат. Экономиканы өнүктүрүш үчүн коррупцияны жоюшубуз керек. Коррупцияны жоюш үчүн өлкөбүздүн жогорку жетекчилиги, өзгөчө президенттин эрки жана иш жүзүндөгү аракети коомго, элге сезилип турушу керек.

Мамлекетибиздеги экономиканын кыр аркасы - гидроэнергетика деп эсептейм. Эксперттердин айтканы боюнча, бүгүнкү күнгө энергетикалык мүмкүнчүлүгүбүздүн 10% гана колдонуп жатабыз. Жыл сайын мамлекетибиздин энергияга талабы 5% өсүп жатканын эске алганда, энергетиканы өнүктүрүү мамлекетибиздеги кечиктирилгис иштердин бири болушу керек.

Экономиканы өнүктүрүүдө кийинки орунда айыл чарбасын өнүктүрүү, азык түлүк коопсуздугун камсыздоо. Бул иштерди аткарууда президент (президенттик башкарууга өтпөдүкпү) башында турган жогорку бийлик адамдарынан баштап, айыл өкмөт башчыларына чейин ачык айкын, акыйкат иш алып баруусу зарыл. Бул жерде илгерки көчмөн кыргыздардын Конституциясы болгон “Абийир, намыс, уят” деген сөздөрдүн маанисинин негизинде иштешибиз керек.

Бул биздей чакан мамлекет үчүн аткарыла турган иш. Буга жогорку бийликтин эрки, кадрларды туура тандоо жана туура колдонуу гана керек.

Мен өзүм жаш курагыма байланыштуу тикелей салым кошо албайм, бирок мамлекетибиздин кайдыгер карабаган адам катары, ушул сунуш пикиримди билдирип жатам.

Кожобаев Табыш

P.S. Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG