Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:02

"Өнүгөм деген өлкө балдарды тарбиялайт"


Бишкектеги Нооруз майрамы. 21-март, 2019-жыл. Иллюстрациялык сүрөт
Бишкектеги Нооруз майрамы. 21-март, 2019-жыл. Иллюстрациялык сүрөт

"Азаттык" радиосунун "Эгемендикти эмне бекемдейт?" аттуу сынагына Лидия Ибраевадан келген материалды сунуштайбыз.

Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына карата жарыяланган сынак тууралуу окуп алып абдан сүйүндүм. Мен үчүн сынакка катышуу чоң жоопкерчилик.

Өзүм орус тилдүү мектепте 9-класста окуйм. Биздин үй-бүлөдө дайыма тамак ичүү убагында, эс алуу маалында ар кимибиз тартынбастан бири-бирибиздин өз ойлорубузду, алдыга койгон максаттарыбызды талкуулап, кеңешип турабыз. Мен сынакка катышуу тууралуу оюмду бир тууган байкеме айттым. Кантип жазсам деп кеңеш сурадым. Ал "Сингапур мамлекетинин лидери Ли Куан Ю дегендин китебин карап чык" деди. Ошондон кийин интернет булактарынан ошол киши тууралуу маалыматтарды таап окуп, аябай таң калдым.

Бул киши жөнүндө биздин үй-бүлө сыйлаган, жакшы көргөн, Кыргыз эл акыны Шайлообек Дүйшеев агайыбыз дагы бир нече уктурууларды жасаган экен. Отуз жылдын ичинде Сингапур мамлекетин сабатсыздыктан, кедейликтен, коррупциядан тазалап, өз өлкөсүн аз убактын ичинде кандай чоң жетишкендердикке жеткиргенин окуп алып, биздин өлкө менен салыштырдым.

Эгерде биз отуз жыл мурун өнүгүп жаткан мамлекетибизди чачыратып, кен-байлыктарын, чоң ишканаларды, жада калса тоодогу сарайларды сатып, тонотуп, бүгүн-эртең мамлекетибиз жок болуп кетет экен деген коркунучта турсак, Малайзия өлкөсүнөн өз алдынча бөлүнгөн, кичинекей аймагы менен эч кандай жер ресурстары жок Сингапур мамлекети отуз жылда өнүгүп кеткен.

Малайзия өлкөсүнөн Сингапур мамлекети бөлүнүп кеткенден кийин көп өзгөрүүлөр башталган. Ал өзгөрүүлөр жакшы жакка багыт бергенин азыр көрүп жатабыз. Айтып кетсем, Сингапур Малайзиядан өзүнчө болуп кеткенден кийин алардын колунда эчтеке жок болчу. Ал эми азыр эң өнүккөн өлкөлөрдүн катарына кирет. Ошондо, Кыргызстан менен салыштырсак, Советтер Союзунан чыгып кеткен Кыргызстанда көп жакшы мүмкүнчүлүктөр бар болчу, бирок биз колдоно алган жокпуз. Эмне себептен колдоно албаганыбыз чоң суроо.

“Кыргызстан дагы эле мамлекеттүүлүгү олку-солку абалдагы өлкөбү?” же “Ушул жылдары мамлекетте болуп өткөн тарыхый окуялар, өнүгүү нугу көз карандысыздыкты бекемдей алдыбы?” деген суроолорго жооп издеп көрөлү.

Алыска барбай эле азыркы пандемия шартындагы окуялар менен салыштырсам болот. Эсиңизден чыкпаса былтыркы жылы COVID-19 оорусу дүйнө жүзүн каптаганда, биздин медицина карапайым элдерге эмес, өзүнүн дарыгерлерин сактап кала албаганын көрсөттү. Мунун баары эмнеден башталды? Албетте, биздин мамлекетибиздин башына келген алгачкы президенттердин эл-жерди сыйлабаганы таасир кылды окшойт.

Менин оюмча, биздин мамлекетибиздин эгемендүүлүгүн бекемдеш үчүн эң биринчи балдардын, жаштардын билимин жогорулатуу керек. “Билеги күчтүү бирди жыгат, билими күтүү миңди жыгат” деген макал бар. Анын сыңарындай, биздин мамлекеттин күчтүүлүгүн, байлыгын, эгемендүүлүгүн билимдүү гана жаштар сактап калат. Жашырбай ачык айтканда, билим берүү биздин мамлекетте эң төмөн абалда.

Элестетсеңер, өнүккөн өлкөлөрдөгү окуу жайларда студенттер экзамендерди акчага сатып алып жатканын! Мектепте болсо "окуу куралдар жок" деп, ата-энелерден акча чогултуу кадимки эле көрүнүш болуп калды. Өнүгө турган өлкө биринчи кезекте өзүнүн балдарын, кыздарын билимдүү кылып тарбиялаш керек.

Экинчиден, мамлекеттин туруктуулугун Сингапурдун лидери Ли Куан Ю айткан “мыйзамдын так аткарылышынан” көрөм. Ошондой эле күчтүү армия болуш керек. Биздин мыйзамдар байлар үчүн жазылгандай сезилет. Алардын балдары армияга да барышпайт.

Үчүнчүдөн, мамлекеттин эгемендүүлүгүн патриоттук сезим сактап турат. Буга Кыргыз эл акыны Эсенгул Ибраевдин ырларын мисал катарында көрсөткүм келет.

Тилим менен улутмун!

Эй жарандар,

Эрендер,

Бектер жана берендер,

Эл баштаган кеменгер,

Мейли бакыр,

Мейли баатыр,

«МЕН КЫРГЫЗМЫН» дегендер!

Зоок үчүн келгеним жок бу жерге.

Соболум бар,

Айта турган силерге.

Бир АТА ЖУРТ,

Бир АСАБА,

Бир АЖО бар бир элде.

Анан муну билип ал,

Кулагыңа сырга кылып илип ал:

Ар адамдын

Ар башкача дини бар,

Ар башкача дили бар,

Бирок билгин,

Бирден гана тили бар.

Билгин,

Муну билип ал!

Маңкурттарды көрүп туруп,

Маңкурттукка кыялбайм.

КЫРГЫЗ десе сыймыктанам,

КЫРГЫЗ десе уялбайм.

Кыргыз тилин билбегенди

КЫРГЫЗ десе ынанбайм!

Кыргыз туруп Кыргыз боло албаган,

Кийиз жүрөк «Киргиздерге» таң калам.

Эне тили гүлдөп жаткан,

Эне тилде сүйлөп жаткан,

Коңшулардан арданам...

Келе жаткан Эгемендүүлүк майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайм! Кандай гана кыйынчылыктар болбосун, биздин өлкө бир убакта баары бир гүлдөп-өнүккөн өлкөлөрдүн катарына кошулат!

Ибраева Лидия Талантбековна

P.S. Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт.

XS
SM
MD
LG