Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:26

Египет бийлигине кысым күчөдү


Eгипет -- Бийликтен кулатылган президент Мухаммед Мурсинин тарапкерлери. Каир, 16-август, 2013.
Eгипет -- Бийликтен кулатылган президент Мухаммед Мурсинин тарапкерлери. Каир, 16-август, 2013.

Египеттин “Мусулман агайындар” уюму өз тарапкерлерин бүгүн көчөгө жабыла чыгып, “Каарлануу күнүн” өткөрүүгө чакырды.

Өкмөт мындай үндөө ич ара тирешүүнү күчөтүп, жаңы кан төгүүлөргө алып барат деген кооптонууда. Шаршемби күнү 3-июлда армия бийликтен кулаткан исламчыл президент Мурсинин жактоочуларынын Каирдеги лагерин жок кылуу учурунда 620дан ашуун адам курман болгон. Алардын көбү жайкын жарандар.

Египеттиги кырдаалды Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңеши бейшемби күнү чукул чакырылган жыйында талкуулап, египеттиктерди сабырдуу болуп, өз ара элдешүүгө чакырды.

“Кеңештин мүчөлөрү, биринчи кезекте жайран болгондорго көңүл айтып, адам өлүмүнө өкүнүч билдиребиз,- деп маалымдады Коопсуздук кеңешинин учурдагы төрайымы, Аргентинанын Улуттар уюмундагы өкүлү Мария Кристина Персеваль.- Кеңештин мүчөлөрүнүн пикири Египеттеги коогалаңды токтотуу, тараптардын колдон келишинче сабырдуу болуусу үчүн маанилүү. Зобун-зордукту басуу жана улутту элдештирүүгө жетишүү боюнча биздин пикирибиз бир”.

Египеттин убактылуу жетекчилиги коопсуздук күчтөрүнүн исламчылардын лагерин аёосуз таркатуу учурунда жүздөгөн адамдардын өмүрүнө зобун келтирүүсүнө байланыштуу эл аралык коомчулук, анын ичинде АКШ президенти айткан сындоолорду “далилсиз” жана “куралчан топторду” демдендирет деп четке какты.

Барак Обама 15-августтагы сөзүндө коогалаңдар басылмайын Вашингтондун Египет менен нормалдуу кызматташуусу жөнүндө сөз болушу мүмкүн эмес деп, Египет-АКШ армиясы менен чогуу өткөрүлөөрү мерчемделип жаткан “Ачык жылдыз” (Bright Star) машыгуусу болбосун жарыя кылды:

- Биз Египетке жана бул өлкө элине болгон милдеттенмебизди тастыктайбыз, бирок көчөлөрдө жарандар өлтүрүлүп, алардын укуктары бузулуп жатканда Египет менен калыптанып калган кызматташуубузду улантуу мүмкүн эмес. Ошентип, бүгүн эртең менен Египет өкмөтүнө ар жылы чогуу өткөрчү аскерий машыгуулар келерки айда болбосун эскерттик. Мен улуттук коопсуздук боюнча кеңешчилеримдин тобунан убактылуу өкмөттүн аракеттерине баа берүүнү жана АКШ-Египет мамилесин урматтоо менен болочокто эмне кадам жасоо керек экенин тактоону сурадым.

АКШ жыл сайын Египетке 1, 5 миллиард долларга аскерий жардам берет. Ал эми Мамдепартаменттин өкүлү Жен Псаки болсо египеттиктерди зобун-зордуктарды токтотконго чакырды:

- Кошмо Штаттар Египеттеги бардык чабуулдарды, зобун-зордуктарды жана кан төгүүлөрдү катуу сындайт. Кийинки күндөрү Копт чиркөөлөрүнө жасалган чабуулдар бизди кыжырдантты жана аны катуу сындайбыз. Биз, ошондой эле акыркы күндөрү коомдук имараттарга, анын ичинде полицияканаларга жасалган чабуулдарды жектейбиз. Египетте мындай коога-чатактарга орун жок жана Египеттин бардык лидерлерин бул тейдеги чабуулдарды айыптаганга чакырабыз.

Египеттин утурумдук президенти Адли Мансур эми өлкөдөгү мамлекеттик мекемелер менен маанилүү объекттер террордук чабуулдардын бутасы болорун эскертти.

Бейшемби күнү коопсуздук күчтөрүнө жана христиан чиркөөлөрүнө кол салынып, Гизадагы өкмөттүк имараттар өрттөлгөнү маалымдалды. Мындай шартта Вашингтон өз жарандарын Египеттен чыгып кеткенге чакырды.

Жакынкы Чыгыштагы эң ири оюнчу - Түркиянын премьер-министри Режеп Тайып Эрдоган Батыш мамлекеттерин Египеттеги кандуу окуяларга таназар салбады деп сындады жана Каирдеги элчисин масилээт үчүн чакырып алды. Жооп ирети Египет да Анкарадагы элчисин чакырып алганы маалымдалды.

XS
SM
MD
LG