Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:02

Эштон Мурси менен эки саат сүйлөштү


Кэтрин Эштон Каирде, 30-июль, 2013.
Кэтрин Эштон Каирде, 30-июль, 2013.

ЕБнын тышкы саясат боюнча жогорку өкүлү Кэтрин Эштон Египетте бийликтен кулатылган мурдагы президент менен да жолукту.

Жолугушуу кайда өткөнү тууралуу маалымат жок, cебеби 3-июлда аскер башчылыгы тарабынан бийликтен түшүрүлгөндөн бери Мурси кайсы жерде экени сыр бойдон калууда. Мурсинин камакта экени белгилүү.

3-июлдан бери Мурсинин 70тен ашуун тарапкери коопсуздук күчтөрү менен кагылышууларда набыт болду. Иcламчылар жана алардын союздаштары Мурсинин кайра бийликке келишин талап кылышууда.

Мурсини колдогондор Каирде дагы каршылык акцияларын өткөргөнү жатат. Убактылуу өкмөт мыйзамды бузгандарга катаал чаралар көрүлөрүн эскертти.

Кулатылган президенттин оппоненттери аны улуттук кызыкчылыктан диний кызыкчылыктарды жогору койду деп күнөөлөшкөн.

Эштон 30-июлда Каирдеги маалымат жыйын учурунда Египетке жасаган эки күндүк сапарынын максаты тууралуу мына буларды айтты:

- Биз бул жерге чектөөлөрдү таңуулоо үчүн эмес, жардам берүү үчүн келдик. Египеттин эли өз келечегине өзү эгедер жана ал чечимдерди кабыл алган, жоопкерчиликти тарта билген лидерлерди эл өзү шайлайт. Бирок бизде мындай суроолорду чечүүдө тажрыйба бар, алар балким пайдалуу болоор. Биз ар тарап менен сүйлөшүп, кулак салып, балким пайдалуу кеңештерибизди бере аларбыз.

Эштон Египетке келгенге чейин эле өткөөл жараян үчүн экендигин жана бул жараянга бардык күчтөр, анын ичинде “Мусулман агайындар” да катышыш керектигин жашырган эмес.

- Мен бардыгыңарды абдан кылдаттык менен ойлонууга чакыраар элем. Канткенде бардык тараптар жараянга кошула алат? Анткени Египет демократиянын жолунда өнүгө бериши керек. Жарандык өкмөт курууга, шайлоого бардык күчтөр катышыш керек.

Эштон Мурси менен жолукмайынча Египетке бара албастыгын алдын ала айткан.

- Мен Мурсини көрмөйүнчө бара албайм деген шарт койдум, мага ал мүмкүнчүлүктү жеңил эле түзүп беришти.

Эштон Мурси менен жолугушуу жылуу маанайда өткөнүн кошумчалады:

- Биз эки саат сүйлөштүк. Абдан маңыздуу жана терең талкуу болду. Мурсинин сыналгы, гезит аркылуу маалымат алуу мүмкүнчүлүгү бар экен. Ошондуктан биз өлкөдө болуп жаткан кырдаал, алдыда кандай кадамдар кабыл алынышы керектиги тууралуу баарлаша алдык. Бирок азырынча мен жолугушууда эмнелер тууралуу сүйлөшкөнүбүз жөнүндө маалыматты ачыктай албайм.

Европалык башкы дипломат Каирде Египет армиясынын башчысы генерал Абдел Фатах ал-Сиси жана убактылуу өкмөттүн башка министрлери менен да жолугушту.
  • 16x9 Image

    Аида Касымалиева

    Азаттык+ телепрограммасынын алып баруучусу, продюсери (2005-2009), Москвадагы кабарчысы (2011). 2012-жылы "Москвада калган ый" даректүү тасмасы "Бир дүйнө" кинофестивалында "Ачылыш" наамына татыган. Бишкек гуманитардык университетинин журналистика бөлүмүн 2005-жылы аяктаган.

XS
SM
MD
LG