Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Июль, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:31

АКШ өкүлү Каирде сүйлөшүүлөрдү өткөрүүдө


Уилиям Бөрнс Египеттеги армияны тезирээк жарандык башкарууга чакырат деп күтүлүүдө
Уилиям Бөрнс Египеттеги армияны тезирээк жарандык башкарууга чакырат деп күтүлүүдө

Мамлекеттик катчынын орун басары Уиллиям Бөрнс - президент Мухаммад Мурсини армия ушул айдын башында бийликтен кулаткандан бери Египетке барган америкалык алгачкы мартабалуу өкүл.

Бөрнс Египеттеги эки күндүк сапары маалында өлкөнү азыр убактылуу башкарып турган аскерий жетекчилик менен жолугушаары кабарланган. Бирок бийликтен күч менен кетирилген президент Мурсини колдогон “Мусулман агайындар” кыймылынын башчылары менен жолугушаары азырынча анык эмес. Мурсинин азыр каерде кармалып турганы да белгисиз.

“Мусулман агайындар” исламчыл кыймылы Мурси президенттиктен кулатылгандан бери армиянын аракеттерине нааразылыгын билдирип келатат жана бүгүн да элди көчөгө массалык демонстрацияга чакырган.

АКШда Мамлекеттик департамент "Уилиям Бөрнс азыркы зордук-зобундун токтотулушуна, бийликти демократиялык жол менен тандалган жарандык өкмөткө өткөрүп берүүгө көндүргөнгө аракет кылат” деп билдирди.

Мурси бийликтен кетирилгенден бери тополоңдордо токсондон ашуун адам өлдү.

Президенттин күч менен бийликтен кулатылышын Вашингтондо Обаманын администрациясы “аскерий төңкөрүш” деп атаган жок. Эгер АКШ муну “төңкөрүш” деп тааныса, анда Америкадагы мыйзамдарга ылайык, өлкө Египеттеги аскерий жетекчиликке жылына берип жаткан 1 млрд. долларлык колдоосун токтотууга тийиш болуп калмак.

Бөрнс бул мамлекетке келип жаткан чакта Каирде бийликтер “Мусулман агайындарга” каршы аракеттерин улантышууда. Египеттин башкы прокурору исламчыл кыймылдын лидерлеринин 14үнүн банктагы эсептерин жабууга буйрук берди.

Жекшембиде телеканал аркылуу кайрылуусунда Египет армиясынын башчысы, генерал Абдел Фаттах ас-Сиси президент Мурсини кулатуу боюнча өзүнүн чечимин коргоду.

Ал Мурсини өзүнө берилген мандатты жеке бийлигин күчтөндүрүш үчүн колдонуп, былтыр конституцияны өзгөртүү боюнча референдум өткөргөнү, мамлекеттик институттар ортосунда карама-каршылыкты күчөткөнү үчүн айыптады.

"Мен мурдагы президент менен былтыр ноябрда сүйлөшкөндө биз аны жалпы улуттук диалогго чакырганбыз, - деди Сиси. - Аны өзү жетектеши керек эле. Бирок лидерлер ортосундагы жарака барган сайын жалпы элге таркап, Египетти бөлүп-жарат деп чочуладык".

Армия башчысы Мурсини кулатууга өлкө лидерлеринин исламчылар менен байланышы себеп болду деген айыптоолорду да четке какты.

"Элдин өз лидерин тандоо укугунун эркиндиги диний соодалашууга айланбашы керек. Бул жерде бизди мыйзамдуулукту сактабады же жең ичинен келишимге барды деп да айта албайсың. Жок, - деди Египет армиясынын башчысы. - Маселенин баары башкаруучуга кандай баа берилгенинде. Жакшы баа берилсе, демек, лидер да ийгиликке жеткен болот. Начар баа берилсе, лидер да жеңилет. Бирок эч качан муну динге байланыштуу нерсе катары карабаш керек, биз динге каршы күрөшкөн жокпуз. Бул өлкөдө болуп жаткан окуяларга натуура берилген мүнөздөмө болуп калат".

Жекшембиде башкы прокуратура банк эсептерин жапкан “мусулман агайынчылардын” ичинде кыймылдын лидери Мухаммад Бади, анын орун басарлары да бар.

Соңку аракет ишембиде прокуратура азыр Мурсиге каршы “тыңчылык, зомбулукту козутуу, экономиканы кыйратуу” өңдүү айыптар боюнча кылмыштарды иликтөө иштери жүрүп жатканын кабарлагандан кийин болду.

Ал арада жумурияттын убактылуу премьер-министри Хазем ал-Беблави министрлер кабинетин куроо боюнча кеңири сүйлөшүүлөрдү өткөрүп жатат. МАГАТЭнин мурдагы башчысы, Нобель Тынчтык сыйлыгынын лауреаты Мухаммед ал-Барадей жекшембиде тышкы иштер боюнча вице-президенттикке дайындалды.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG