Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:08

Египет Конституциясын өзгөртүүгө киришти


Египетте Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум былтыр декабрда эле өткөн болчу. Сүрөттө: Каирдин бир добушканасындагы бюллетен саноо. 22-декабрь, 2012.
Египетте Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум былтыр декабрда эле өткөн болчу. Сүрөттө: Каирдин бир добушканасындагы бюллетен саноо. 22-декабрь, 2012.

Египеттин өткөөл мезгилдеги президенти Адли Мансур Баш мыйзамга түзөтүү киргизчү топ түздү.

Бул топтогу эксперттер жекшемби күнү ишке киришип, сунуштарын бир айдан кечикпей бериши керек. Андан соң бул демилгени көп мүчөдөн турган укуктук комиссия карап чыгат. Акырында Адли Мансур бул оңдоолор боюнча референдумдун мөөнөтүн аныктайт.

Утурумдук президент тарабынан дайындалган комитетте 4 университет профессору жана 6 сот бар. Топко отуз күн берилди, андан кийин 50 мүчөдөн турган комиссия оңдоолорду карап чыгат. 50 адам Египеттеги коомдун түрдүү топторунун өкүлдөрү. Алар 60 күндүн ичинде акыркы вариантка келип, андан соң жаңы Баш мыйзам референдум аркылуу добуштан өтүшү зарыл.

Чоң талаштарды жараткан азыркы Конституция 2012-жылдын декабрь айында референдумдан өткөн, аны добуш бергендердин 64 пайызы жактырган. Бирок референдумга калктын 33 гана пайызы катышкан жана бул Баш мыйзамды сындоого кийин шарт түзгөн.

Исламчылар тарабынан иштелип чыккан мурунку Конституция 3-июлда Мухаммед Мурси президенттиктен кулатылышы менен токтотулган.

Оппозиция жана укук коргоочулар Мурсинин учурундагы Баш мыйзамды аялдардын жана улуттук азчылыктардын укугун бузат деп сындап келишкен.

Убактылуу премьер-министр Хазем ал-Баблави ишемби күнү каршылашып жаткан тараптарды улуттун биримдигин сактап калуу үчүн тынчтыкка чакырды жана коопсуздук калыбына келтирилиш керектигин айтты.

Мамлекеттик телеканалдагы маегинде ал мына буларга токтолду:

- Биз азыр согушка жакын абалда турабыз. Бирок бул согуш бирөө мени чабып кетип, мен андан коргонгон согуш эмес. Жок. Биз өлкөдө төгүлүп жаткан канды токтотуу, экономиканы көтөрүү жана көчөлөрдө коопсуздукту калыбына келтирүү үчүн согушуубуз керек.

Хазем ал-Баблави экономика калыбына келтирилсе, коопсуздук да камсыздалаарын белгиледи.

2011-жылдан тарта Хосни Мубарак бийликтен кулатылган соң Египеттин экономикасы кыйын күндөрдү баштан кечирүүдө. Айрыкча туризм жана инвестиция тармагы жабыркады.

Акыркы жумалардагы Мурсинин тарапкерлери менен каршылаштарынын кагылышы да адамдардын өлүмүнө алып келди. Мурдагы президент Мурсини колдогон исламчыл “Мусулман агайындар” кыймылы убактылуу өкмөт менен кызматташуудан баш тартты.

Хазем ал-Баблави өлкөдө тирешүү күч алганын мойнуна алып, бирок азыркы кризистен чыгуу үчүн тараптарды ынтымакка келүүгө чакырды:

- Азыр биз ынтымакка келүү учуру деп ойлойм. Өлкө бөлүндү жана биз бөлүнүүнү уланта бере албайбыз. Мындай кырдаалдарда эң башкысы - ынтымакка келүү. Биз баарыбыз ар башкача көз караштабыз, бирок көчөдөгү кан төгүүлөр кечке улана бере албайт.

Учурда аймакта Египеттеги утурумдук бийликти колдоонун белгилери пайда болгондой. Иорданиянын падышасы Абдулла Каирге 20-июлда жарыялабай туруп келип кетти. Ал Мурси кулатылгандан бери Египетке келген биринчи араб лидери болду.
  • 16x9 Image

    Аида Касымалиева

    Азаттык+ телепрограммасынын алып баруучусу, продюсери (2005-2009), Москвадагы кабарчысы (2011). 2012-жылы "Москвада калган ый" даректүү тасмасы "Бир дүйнө" кинофестивалында "Ачылыш" наамына татыган. Бишкек гуманитардык университетинин журналистика бөлүмүн 2005-жылы аяктаган.

XS
SM
MD
LG