Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:20

Египет: ал-Барадей премьер боло элек


Египеттин утурумдук президенти Адли Мансур (оңдо) оппозициянын лидери Мухаммед ал-Барадей менен Каирдеги президенттик резиденцияда жолугушууда, 6-июль, 2013
Египеттин утурумдук президенти Адли Мансур (оңдо) оппозициянын лидери Мухаммед ал-Барадей менен Каирдеги президенттик резиденцияда жолугушууда, 6-июль, 2013

Мухаммед ал-Барадей азырынча расмий түрдө өкмөт башчы катары дайындала электигин президенттин өкүлү кабарлады.

Бир аз мурдараак таркатылган кабарларда Бириккен улуттар уюмунун Атомдук энергетика боюнча эл аралык агенттигин (МАГАТЭни) буга чейин жетектеген Мухаммед ал-Барадей Египеттин премьер-министри деп жарыяланганы айтылган болчу.

Египетте өткөн аптада аскерий жетекчилик президент Мухаммад Мурсини бийликтен кулаткандан кийин өлкөнү убактылуу башкарууга ант берген президент Адли Мансурдун расмий өкүлү ушинтип билдирди. Ахмед ал-Муслиманинин айтымында, ишембиде мамлекет башчы Мансур ал-Барадей менен жолугуп сүйлөшкөн, бирок аны өкмөттүн башчысы катары дайындай элек.

Ошол эле маалда, расмий өкүл азыр премьерликке чынында Нобелдин тынчтык сыйлыгынын лауреаты ал-Барадейдин гана талапкерлиги “туура тандоо болмок” деп кошумчалады.

"Азырынча акыркы чечим чыгарыла элек, президент премьер-министрдин атын атай элек. Ким болушу керектиги тууралуу кеңештер, сөздөр айтылууда, сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Кризис учурундагы өкмөттү тандоо, албетте бир топ убакты алышы мүмкүн", - деди президенттин расмий өкүлү Ахмед ал-Муслимани.

Азыр ал-Барадейдин премьерликке дайындалышына өлкөдөгү экинчи ири исламчыл кыймыл - “Нур” партиясы – каршы болуп жатат. Алар “непада ал-Барадей премьер болуп калса, партия аскерий жетекчиликти колдобой тургандыгын” эскертишти.

Ал арада АКШ Египетте президент Мурси бийликтен кулатылгандан кийинки окуяларда “Вашингтон бир да саясий партиянын тарабын талашпай турганын” айтты. Азырынча Кошмо Штаттары бийликке армиянын келишин колдой элек, ошол эле маалда, Мурсинин кетирилишин “аскерий төңкөрүш” деп да атаган жок.

Жума күнү Мурсинин тарапкерлери менен ага каршы болгондордун көчөлөрдөгү кагылыштарынан кеминде 35 киши набыт болду, жүздөгөн адамдар жаракат алышты. Ушундан уламбы, өлкөдөгү абалдын улам чыңалышы сыртта да камтамачылыктарды жаратууда.

Орусиянын президенти Владимир Путин “Египетте жарандык согуш тутанып кетүү коркунучу бар” деп билдирди. Жекшембиде Астанада Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев менен жолугушууда Путин: "Сирия граждандык согуштун чордонуна айланды. Египет да азыр ошол нукта баратканы өкүнтөт. Египеттиктер мындай тетири жолго барышпайт го деп ишенгим келет", - деди.

Назарбаев болсо, азыр Жакынкы Чыгыштагы окуялар аны да катуу ойлонтуп жатканын айтты: "Карасаңыз, азыр Египет менен Сирияда эмне болуп жатат. Бүтүндөй аскерий каршылыктын кучагында калды. Мунун баары бизди да катуу кыжаалатка салат".

Египетте ишембиде салыштырмалуу тынч болду. Бирок эртеси күнгө кулатылган президент Мурсинин колдоочулары жана ага каршы болгондор элди ири демонстрацияларга чакырышты.

Мурсини колдогон “Мусулман агайындар” жана башка исламчыл уюмдар элди Каирдин чыгышындагы Наср шаарына, ал эми Мурсини кетирүү үчүн күрөшкөндөр борбордогу Тахрир аянтына чакырышкан.

Жекшембиде Каирде сот президент Мурсини айыптаганы үчүн камалган саясатчы жана блогер Ахмед Думаны боштондукка чыгарып актады. Ал президентти “кылмышкер” дегени үчүн июнда жарым жылга кесилген. Андан сырткары Мурси менен “Мусулман агайындарга” каршы болгон дагы 11 киши түрмөдөн чыгарылды.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG