Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:27

Журналисттер Мамдумага бойкот жарыялашты


Москвада Думанын имаратынын алдында "Журналист аялдардан колуңарды тарткыла!" деген ураанды көтөрүп турган аял. 21-март, 2018-жыл.
Москвада Думанын имаратынын алдында "Журналист аялдардан колуңарды тарткыла!" деген ураанды көтөрүп турган аял. 21-март, 2018-жыл.

Орусияда бир катар маалымат каражаттары өлкөнүн башкы мыйзам чыгаруу органына бойкот жарыялашты. Этика боюнча комиссия "аялдарга асылган" деп айыпталып жаткан ЛДПР партиясынан депутат Леонид Слуцкийди "күнөөсү жок" жарыялоодон баш тарткандан кийин журналисттер парламенттин төмөнкү палатасынын ишин чагылдырууну толугу менен же жарым-жартылай токтотушаарын билдиришти.

Бейшемби күнү Думанын спикери Вячеслав Володин депутат Слуцкийдин айланасындагы жаңжалдан улам мыйзам чыгаруучулардын ишин чагылдыруудан баш тарткан маалымат каражаттары менен журналисттер аккредитациясынан ажыратылганын билдирди.

"Дождь" телеканалы Мамдумага кирүүгө тыюу салынган журналисттердин тизмеси да бар экенин кабарлады.

Леонид Слуцкий.
Леонид Слуцкий.

Мамлекеттик Думанын басма сөз кызматы Би-Би-Синин суроосуна жооп берип жатып, журналисттердин аккредитациясы тууралуу эрежелерди карап чыгууга кеңеш берди. Анда тигил же бул маалымат каражатынын редакциясы өзү кызматкерлерин чакыртып алууну чечсе, алардын аккредитациясы жоюлары айтылат.

Парламенттин төмөнкү палатасынын Этика боюнча комиссиясы "депутат Слуцкийдин жүрүм-турумунда эч кандай жат көрүнүш жок" деп тыянак чыгаргандан кийин 22-мартта РБК медиахолдинги, «Дождь» телеканалы жана «Эхо Москвы» радиостанциясы кабарчыларын Думага жөнөтпөсүн жарыялашты. RTVI телеканалы Дума менен иштешпей тургандыгын билдирди.

"Коммерсант", "Ведомости" жана "Новая газета" депутат Слуцкий жана Этика боюнча комиссия менен кызматташуудан баш тартса, "Лента.ру" жана "Znak.com" интернет-басылмалары эл өкүлү Слуцкий жөнүндөгү материалдарын алып салууга, анын жыныстык асылуусу жөнүндө гана макалаларды калтыраарын билдиришти.

Дагы бир маалымат каражаттары Мамдума жөнүндөгү кабарларында “сексуалдык асылууну актаган бийлик органы” деп кашаанын ичинде белгилеп тураарын эскертишти. Кремлдин басма сөз кызматы бул окуяга комментарий берген жок.

Депутат Слуцкийди бир нече журналист Би-Би-Си радиосунун орус кызматынын кабарчысы Фарида Рустамова, RTVI каналынын башкы редакторунун орун басары Екатерина Котрикадзе жана “Дождь” каналынын продюсери Дарья Жук сексуалдык асылуу үчүн айыпташкан.

Ал ортодо 22-мартта "Настоящее время" телеканалынын журналисти Ренат Давлетгилдеев ЛДПР фракциясынын лидери Владимир Жириновскийди сексуалдык асылуу үчүн айыптады. Журналист башка эркектерди да саясатчылардын ушул өңдүү жоруктарын ачык айтууга чакырды.

Давлетгилдеевдин айтымында, Жириновский 2006-жылы «Орусия сулуусу» конкурсунун финалы маалында чакан интервью берип жатып өзүн адеп-ахлакка жатпаган түрдө алып барган. Журналист ал кезде өзүнүн кумсалыгын жашырып жүргөн, аныктан уялып, инцидент жөнүндө эч кимге айткан эмес.

Ал арада Мамдумадагы Этика боюнча комиссиянын жетекчиси Отари Аршба шаршемби күнкү жыйында Слуцкийдин жүрүм-турумунда эч кандай эреже бузуу табылбаганын билдирди.

- Сунуш кылынган материалдар менен таанышып, Дарья Жук менен Фарида Рустамованын, Слуцкийдин көрсөтмөлөрүн угуп чыккандан кийин далилдерди тапкан жокпуз. Депутат Слуцкий жүрүм-туруму менен эреже бузган эмес деп чечтик.

РБКнын башкы редактору Игорь Тростников «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун орус редакциясына берген комментарийде комиссиянын чечимин «формалдуу жана алгылыксыз» деп атады.

Депутаттардан жыныстык асылууга каршы мыйзам кабыл алууну талап кылган акция. 21-март, 2018-жыл.
Депутаттардан жыныстык асылууга каршы мыйзам кабыл алууну талап кылган акция. 21-март, 2018-жыл.

«Эхо Москвы» радиосу кесиптештерге тилектештигин билдирип, ошол эле маалда Думаны толук бойкоттоо жөнүндө сөз болбогонун тактай кетти. Башкы редактор Алексей Венедиктов 5-мартта эле депутат Слуцкий журналист аялдардан кечирим сурабаса, аны менен иштешпей туруу жөнүндө чечим кабыл алынганын кошумчалады.

Мамлекеттик Дума болсо бойкотту комиссия мүчөлөрүнө кысым көрсөтүү аракети катары мүнөздөдү. Маалыматтык саясат комитетинин төрагасы Леонид Левин журналисттерди чакыртып алуу чечимин «коомго маалымат таратуу максатына каршы келген, ачууга алдырган кадам» деп баалады. «Московский комсомолец» гезитинин башкы редактору болсо төмөнкү палатанын ишин чагылдырган кабарчыларын көбөйтүүгө убада берди.

Баса, буга чейин спикер Володин кабарчы аялдарды 8-март менен куттуктап жатып, "Думада иштөө кооптуу деп санагандар кесибин алмаштырсын" деп кеңеш бергени бар.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG