Финансы полициясы бул факт ырасталбаганын, кампалардан табылган дары-дармектер дарыканаларга таратуу үчүн сакталып турганын кабарлады. Бирок алар кимге таандык жана дарынын көлөмү канча деген суроолорго расмий жооп болбой, коомчулукта күдүк ойлорду жаратты.
Бул өлкөдө мамлекеттик деңгээлде элге туура эмес маалымат жайылтуу катары кабыл алынып, «табылган кампалар таасирдүү кишилерге таандыкпы?» деген суроо пайда болду.
Бишкектеги ири фармкомпаниянын кампасынан табылган дары-дармектер тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) иликтөө жүргүзүп, дарылар атайын катылбаганын белгиледи:
«Дары-дармек ташыган ири компаниялар дарылардын баасын атайын көтөрүп, жасалма таңкыстык жаратуу фактылары боюнча Финансы полициясы тарабынан бир катар иликтөө иштери болду. Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында кампалардын биринде дарылар табылган. Тергөөнүн жүрүшүндө табылган дары-дармектер өлкөдөгү дарыканаларга таратуу үчүн кампада сакталып турганы аныкталды», - деди мекеменин басма сөз катчысы Анастасия Пискур.
Финансы полициясы муну менен иш жүзүндө Бишкекте кампаларда элге эң керектүү, бирок тартыш болуп турган дарыларды атайын катып жаткандар боюнча 14-июлда премьер-министр Кубатбек Боронов айткан маалыматты четке каккандай болду.
Өткөн аптада өкмөт башчы брифинг учурунда Кыргызстанда ооруп жаткан адамдардын өмүрү үчүн маанилүү жана өтө керектүү делген дарылар катылган кампалар табылганын шардана кылган.
Кубатбек Боронов бул иштер дарылардын баасын атайын көтөрүп, жасалма таңкыстык жаратуу үчүн жасалганын, буга байланыштуу эки факты боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери жүрүп жатканын айтып, кампада катылып жатканы айтылган дарыларды тизмектеп берген.
«Гепарин, левофлоксацин, азитромицин, левоцин, физрастворлор, ингавирин, арбидол, авипромицин, эргоферон, анаферон, парацетамол, кардиомагнил, тромбо асс дарыларын, асма укол үчүн керектүү системаларды, кычкылтек үчүн жаздыктарды катып жаткан кампалар табылды. Урматтуу жарандар, дарыканалар, компаниялар дарыларды кымбат сатып жатса аларга каршы туруп, ар бирибиз алардын бетин ачышыбыз керек. Кыйын кырдаалда байыгысы келгендердин жүзүн элге көрсөтөлү».
Өкмөт башчы элди абалдан пайдаланып акча жасагысы келгендерди уяткарууга чакырганы менен адамдар дарыканаларды түрө кыдырып таппай жүргөн дары-дармектерди кампада катып жаткан деген фармкомпаниянын атын өзү да ачык айткан эмес.
Бул маалымат чыгары менен социалдык тармактын колдонуучулары дарылар, медициналык жабдыктар катылган деген кампа кимдики экенин жарыялоону, бул үчүн тиешелүү адамдарды жазага тартууну талап кылышкан.
Ошол кезде гепарин, ингавирин, арбидол, эргоферон, анаферон деген дарылар табылбай, болсо да кишилер дарыканаларда жана кампаларда узун кезекке туруп сатып алып жатышкан.
Бирок азыркыга чейин ишкананын аты ачык айтыла элек. Финансы полициясы «тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн» деген жүйө менен кенен маалымат берүүдөн баш тартты.
Журналист Айдай Ивакова премьер-министрдин сөзү менен Финансы полициясынын маалыматынын эки ача чыгышын өкмөттүк деңгээлде маалыматты туура эмес жайылтуу катары баалады. Ал мунун артында көмүскө кызыкчылыктар да болушу мүмкүн деп күмөн санайт.
«Жалган маалымат таратууну өзүнчө бир ыкма катары да караса болот. Бул дүйнөдө коомчулуктун пикирин өзгөртүү үчүн курал катары колдонулуп келет. Себеби, кампаларда катылып турган дарылар тууралуу маалымат Кыргызстанда адамдар дарыга өтө муктаж болуп турган учурда чыкты. Буга кыргызстандыктар нааразы болуп, каргап да жиберишти. Эл дары-дармектин жетишсиздигине өкмөттү күнөөлөп жаткан болсо, бул маалымат чыккандан кийин нааразылык толкуну ушул апааттан пайда көргүсү келген тарапка бурулду. Азыр дарылар кампада атайын катылып эмес дарыканаларга жеткирүү үчүн сакталып турганы боюнча маалымат мурдагыдан да көп суроо жаратты. Өкмөттүн такталбаган маалыматтарды чыгарышы аларга болгон элдин ишенимине болгон сокку».
Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) ушул тапта суроо-талап күчөгөн дарыларды дүңүнөн алып кайра кымбат сатып жаткан адамдарды, дарынын баасын негизсиз көтөргөн дарыканаларды аныктап жатат. Финпол аларды кармоо учурунда тартылган видеолорду «Ютубдагы» расмий баракчасына жарыялап турат.
Маселен, соңку тараткан маалыматта Бишкек шаарынын Арча-Бешик конушундагы жеке үйлөрдүн биринде гепарин дарысы мыйзамсыз кымбат баада сатылып жатканы аныкталганы кабарланды. Бул боюнча тартылган ыкчам тасма Интернетке жайгаштырылды.
Бирок премьер-министр айткан кампаны текшерүү учуру тууралуу сүрөт же видео материал жок. Муну Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева «мыйзам бузгандарга каршы кош стандарттуу мамиле» деп атады.
«Учурда фармбизнес, фарм лобби парламентте деле абдан күчтүү. Демек, мунун артында таасирдүү, белгилүү эле адамдар турат. Фармкомпаниялар кимге тиешелүү экенин Юстиция министрлигинин сайтына кирип эле таап алса болот. Премьер-министр расмий маалымат бергенден кийин Финансы полициясы «дарылар жөн гана кармалып туруптур. Ал дарыканаларга таратылмак экен» дегени суроо жаратат. Ал дарылар саттыкка даярдалып турганын баарыбыз эле түшүнүп турабыз. Бийликке болгон элдин ишенимин жогорулатуунун бир гана жолу бар – ал элге ачык-айкын расмий маалымат берүү. Бул окуяда Финансы полициясы премьер-министрге туура эмес маалымат бергенби же өкмөт башчы так маалыматты билип турса да Финансы полициясы ортодо ишти чече калыштыбы? Анткени, премьер-министр мындай маалыматты өз оюнан чыгарып эле айтып коё албайт».
Жогорку Кеңештин дагы бир депутаты Улукбек Ормонов факт боюнча күмөн ой жараткан маалыматтар тууралуу өкмөт тезирээк так маалымат бериши керектин айтты.
«Өкмөттүн аппараты суроолорго жооп берип, эгерде премьер-министрге туура эмес маалымат берилген болсо тиешелүү адамдар кызматтык жоопкерчиликке тартылыш керек. Себеби, өкмөт башчы аппараты даярдап берген маалыматты айтты да. Экинчиден, Финансы полициясы элде күдүк ой калбагандай кылып маалымат бербесе болбойт». Кампадагы дары дарыканаларга таратуу үчүн даярдалган болсо да ал кайсы компания экени, ээси ким экени ачык айтылышы керек».
Июль айынын башында Кыргызстанда дары-дармектин баасы көтөрүлүп, айрымдары таптакыр табылбай калган. Көпчүлүк адамдар канды суюлтуучу антикагулянттарга, антибиотиктерге жана вируска каршы дарыларга муктаж болууда.
Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат жарандарды дарыны кымбат саткан фактылар боюнча 1955 телефонуна кайрылууга чакырат.
Эскертүү!
«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.