Чолпон-Ата саммити буга чейинкилерден эмнеси менен өзгөчөлөнөт? Борбор Азиядагы интеграция тереңдейби же ар бир өлкөнүн өз көмөчүнө күл тартмай адаты улана береби?
Дегеле лидерлер чөлкөм сырткы коркунучтарга бет келген маалда ички маселелерде мунаса таап, ынтымактуу иш алып бара алабы? Борбор Азия боюнча эксперттердин пикирлери.
Биз сөзгө тарткан эксперттер азыркы жыйын эл аралык жана ички контексттен алганда буга чейинкилерден кыйла айырманаларын белгилешет.
Алардын айтымында, Борбор Азиянын негизги өнөктөшү Орусиянын Украинага согуш ачканы, кошуна Ооганстанга “Талибан” (Кыргызстанда тыюу салынган) кыймылынын кайтып келиши, жыл башында Казакстанда болгон кан төгүү, Тоолуу Бадахшан жана Каракалпакстандагы окуялар лидерлердин жолугушуусуна таасир этпей койбойт.
Бир жылда өзгөргөн геосаясий кырдаал
"Былтыр августтун башында президенттер жолукканда Ооганстанда талибдер бийликти ала элек болчу. Ал жакта кеп жалгыз “Талибан” тууралуу жүргөн жок. “Ислам мамлекети-Хорасан” деген экстремисттик топ акыркы айларда Тажикстан жана Өзбекстандын аймактарына ракета атканын унутпайлы. Бул - өзүнчө бир баш оору. Орусиянын Украинага каршы баштаган согушу дагы бир көйгөй жана албетте, толгон-токой ички көйгөйлөр кала берүүдө. Казакстандагы ири массалык митингдерге күбө болдук. Жарандык согуш аяктагандан бери тажик жергесинде Тоолуу Бадахшандагыдай зордук-зомбулук боло элек болчу. Көп узабай, июлдун башында Каракалпакстанда кан төгүүгө күбө болдук. 2005-жылкы Анжиян окуяларынан бери Өзбекстанда мындай күчтүү нааразылык тутанган эмес. Кыскасы, чөлкөмдө көп нерселер болууда", - деген ою менен бөлүштү Борбор Азия боюнча баяндамачы Брюс Панниер.
Казакстандык коомдук ишмер жана экономист Мухтар Тайжандын айтымында, чөлкөмдүн түрк тилдүү өлкөлөрү экономикалык гана эмес, аскердик кызматташтыкты да өнүктүрүшү керек. Соңку эки жылда бул багытта бир топ жумуш жасалды.
"Менин пикиримде, геосаясий өзгөрүүлөр Орусиянын Украинадагы согушу, дагы башка окуялар биздин ынтымакташуубузга дагы да таасирин тийгизет. Биздин эл жакындашы керек, бирге болуубуз керек, анткени эгер чачылып кетсек, эртең чоң-чоң геосаясий факторлор биздин чөлкөмгө таасирин тийгизиши мүмкүн. Биз айтып отурган көйгөйлөр бар. Мисалы, Казакстан менен Кыргызстандын ортосундагы суроолор бар. Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында кагылыштар болуп келет. Бирок эң негизгиси биздин аймагыбыз бири-бирине көмөк көрсөтүүчү уюмдарды да, көмөк көрсөтүү иштерин да күчөтүү керек. Мен үмүттөнөм. Мамлекет башчылары да аны түшүнүп турат. Эми ошол ишке ашабы, жокпу аны көрөрбүз".
Орусияга жана талибдерге канчалык ишенсе болот?
Расмий маалыматтарга караганда, бул кеңешме жыйында аймактагы коопсуздукту, экономикалык өсүштү камсыздоо маселелери, кызматташтыкты кеңейтүү, маданий-гуманитардык кызматташтыкты бекемдөө каралмакчы.
Панниердин пикиринде, жыйындын күн тартибинде Орусияга артыкчылык берилүүгө тийиш:
"Президент Путинден баштап калган жетекчилер мурдагы советтик жумурияттардын бардыгы, демек Борбор Азия дагы орустардын тарыхый жерлери болчу деп айтып атса, буга көңүл буруш керек. Өзгөчө Казакстандын түндүк бөлүгү же бүтүндөй Казакстандын аймагы тууралуу комментарийлер көп айтылып келет. Орусияга канчалык ишенсе болот деген суроо пайда болууда. Ал өлкө менен болочок кызматташтык, достук мамилелери кандай болот? Андан тышкры “Талибан” менен бизнес жүргүзсө болот дегендей ишараттар байкалууда. Бирок кыймыл Ооганстандын бүтүндөй аймагын көзөмөлдөбөгөндөй көрүнөт".
Орусияга байланган аймак, жаңы соода жолдорун табуу аракети
Тажикстандык көз карандысыз саясат таануучу Парвиз Мулложанов аймактагы өлкөлөрү жаңы реалдуулукта өз стратегиясын өзгөртүүгө аргасыз деген ойдо. Себеби, буга чейинки кездешүүлөрдө социалдык-экономикалык кызматташтыкка, жалпы маселелерге көбүрөөк басым жасалып келген.
Эми Украинадагы согуш тутанып, Орусия менен Батыштын тиреши күчөгөн чакта көптөгөн башка көйгөйлөр биринчи планга чыгууда. Ошондой маселелердин мисалы катары Мулложанов мунайды ташуунун каттамдарын атайт:
"Мунайды, энергетикалык ресурстарды түштүк тарапка, андан ары Каспий бассейни аркылуу кардарларга жеткирүү маселеси жаңы геосаясий шартта мурдагыдай абстракттуу болбой калды. Атүгүл мааниси аймак өлкөлөрү гана эмес, Орусия үчүн да артууда. Айтайын дегеним, стратегияга түзөтүүлөр киргизилиши керек. Президенттер аймактын өнүгүүсү боюнча 2022-2024-жылдарга карата жол картасына кол коюуга тийиш. Менимче, ал жерде жаңы маселелер пайда болот".
Июлдун башында Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев мунайды ташуу жолдорун диверсификациялоону маанилүү максат деп атап, Кытай, Казакстан, Каспий деңизинин акваториясы, Азербайжан, Грузия, Түркия, Кара деңиз аркылуу Европага кеткен Транскаспий каттамын оптималдаштыруу тапшырмасын берген.
Токаев өлкө деңиз аркылуу жүк ташуунун толук потенциалын пайдаланбаганына, бирок эми заман өзгөргөнүнө басым жасаган.
Өз кезегинде Өзбекстан дагы түштүк тарабындагы коңшуларга артыкчылык берип, жаңы соода жолдорун издеп келет.
Москва эзелтен эле Ташкенттин негизги соода өнөктөшү болуп келген. Ортодогу сооданын жылдык жүгүртүүсү 7,5 миллиард долларды түзөт. Андан тышкары Өзбекстан газ, мунай, металлды Орусиянын порттору аркылуу дүйнөлүк рынокко чыгарат.
Айрым талдоочулардын баамында, президент Шавкат Мирзиёевдин бийликке келиши менен өлкө бир катар соода жолдорун диверсификациялоого киришип, Пакистанга өзгөчө көңүл бурулган.
Эрте жазда Индиядан салынган жүк деңиздеги жана кургактагы жолдор менен Пакистан жана талибдер көзөмөлдөгөн Ооганстан аркылуу Өзбекстандын Термез шаарына жеткирилген. Брюс Панниер дал ошол маршрутка да көңүл буруу зарыл деп эсептейт:
"Биринчи кезекте алар соода маселесин чечип алса болот. Соода жолдору өзгөрүп жатат. Борбор Азиянын экспорт-импортунун негизги бөлүгү Орусия аркылуу өтөт. Бул – аймак СССРден мурастап алган көрүнүш. Эми кырдаал өзгөргөндүктөн, башка мүмкүнчүлүктөрдү кароо зарыл. Каспий жолу бар, бирок анын чамасы чектелүү. Чыгыш-Батыш маршрутун, Кытайдан Иранга карай соода жолун өнүктүрүү, мүмкүнчүлүгүн арттырууну караса болот. Же болбосо түштүктү көздөй, Инди океанына чыгуу 30 жылдан бери каралып жүрөт".
БА интеграциясы жана кагазда калган демилгелер
Эл аралык тынчтык үчүн Карнеги фондунун илимий кызматкери Темур Умаров дагы былтыр Түркмөнстандын Аваза деген жеринде өткөн кездешүүдөн бери дүйнө да, регион дагы өзгөргөнүн баса белгилеп, ошол эле маалда ички олку-солкулар, тескерисинче, интеграцияга бут тосууда деген оюн ортого салды.
"Менимче, саясий режимдер акыркы кездешүүдөн бери олуттуу кризистерди баштан кечирди. Анын аркасы менен негизги максаттарын, бийлигинин маанисин аныктап алышты десем болот. Атап айтканда, стабилдүүлүк баарынан жогору турганына көз жеткендей. Бул азырынча реалдуу интеграция тууралуу сөз кылууга болбойт дегенди билдирет. Интеграция деген эмне? Интеграцияны бир өлкө өзүнүн суверендүүлүгүнүн кичинекей бөлүгүн регион чоң жетишкендиктерге ээ болсун деген максатта ири, мамлекеттен жогору турган институттарга берип коюуга, мунасага барууга даяр туруу деп чечмелесе болот. Ар бир режим өз кризистерин башынан кечирип жаткан чакта менимче, андай маселенин күн тартибине чыгышы күмөндүү".
Албетте, идеалында региондогу маселелер интеграция аркылуу чечилсе жакшы болмок. Алсак, Орусия, Кытай, “Талибан” боюнча орток саясатты иштеп чыгуу оң өнүгүүгө жатмак. Бирок ички араздашуулар ушунчалык кеңири, көп болгондуктан, режимдер өз көйгөйлөрүн өз алдынча чечүүнү, жаманы же жакшысы болобу, кошуналар менен бөлүшпөөнү эп көрүшөт. Ички маселелер тескерисинче, аймактагы өлкөлөрдү бири-биринен алыстатат. 2005-жылкы Анжиян окуяларын эстесеңер, Өзбекстан ошондо толук жабылып калган. Президент Мирзиеёв бийликке келгиче жабык бойдон турду".
Айрым маалымат каражаттары кабарлагандай, Чолпон-Атадагы саммитте мамлекет башчылар достукту жана кызматташтыкты өнүктүрүү тууралуу келишимге кол коюшат. Саясат таануучу Умаров андай документтерге карата пессимисттик оюн ортого салды:
"Кандай гана меморандумдарга, кооз кагаздарга кол коюлбасын, кагаз жүзүндө кала берет. Бирок реалдуулук башкача. Суу, чек ара талаштарынан баштап, советтик мезгилден, ошол мамлекеттер түптөлгөн доордон бери чубалып келаткан улутчул маселелер кала берүүдө. Казакстан, Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине кирет, муну менен бирге Казакстан, Кыргызстан жана Тажикстан ЖККУга мүчө. Түркмөнстан эч бир уюмга кошулган эмес. Орусиялык долбоорлорго кирбеген Өзбекстан азыр Евразия экономикалык биримдигине этият байкоо салууда. Орусиянын экономикалык изоляциясын эске алганда, андан кандайдыр бир жыйынтык чыгары күмөн. Ушундай бөлүнүүнү эске алганда кайсы бир интеграция тууралуу сөз кылуу кыйын".
Брюс Панниер мурда деле чөлкөм жетекчилери бир топ келишимдерге кол коюп келгенин, андай макулдашуулар чек ара же суу маселелерин жөнгө салууга көмөктөшсө гана, пайдалуу деп атаса болорун белгиледи:
"Мисалы, 1990-жылдары эки өлкө ортосунда же үч тараптуу, көп тараптуу макулдашуулар кагаз түрүндө байма-бай түзүлгөн. Соңку 30 жылда ал документтер абалды өзгөртүп жиберген жок. Алар канчалык пайдалуу болгонун айта албайм. Мен сунуш кылынган келишимди бүт карап чыга элемин. Бирок билгениме караганда, кызматташуу тууралуу кеп болот. Андай жараяндар Борбор Азия лидерлеринин саммиттери башталган 2018-жылкы жолугушуудан бери жүрүп келатат.
"Андан тышкары өлкөлөр бири-бири менен ортодогу маселелерди кандай чечиши керек деген суроо да турат. Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара көйгөйүн билебиз. Достук жана кызматташтык деген документтер чек ара маселесин чечүүгө жардам берсе, анда албетте, бул жакшы жышаан болот. Бирок иш жүзүндө ошол документтер көйгөйдү жолго салууга кандайча көмөктөшөрүн элестете албайм. Балким бирөө арачы түшсө майнап чыгаар... Менимче, казак же өзбек президенттери ошондой ортомчу ролун аткара алат эле, өзгөчө өзбек лидери. Буга чейин эле ал Фергана өрөөнүнүн саммитин уюштурууга, чөлкөмдө эмне болуп атканын эки тараптын өкүлдөрү менен талкуулоого тийиш эле деген пикирлер айтылып келди".
Аймак чочулаган "үчүнчү мамлекеттер" кимдер?
Бийик деңгээлдеги жыйынды утурлай Казакстандын Тышкы иштер министрлиги сөз болгон келишимдин долбоорун жарыялады. Андагы пункттардын биринде тараптар “келишимге кол койгон башка өлкөнүн эгемендигине, конституциялык түзүлүшүнө, аймактык бүтүндүгүнө зыян алып келсе, өз аймактарын, байланыш системаларын жана башка инфраструктурасын үчүнчү мамлекеттин пайдалануусуна жол бербөө милдетин” өзүнө алары айтылат.
Бул жерде кеп кайсы үчүнчү мамлекеттер тууралуу жүрүшү мүмкүн? Биз сөзгө тарткан эксперттер эки ача пикирлерин ортого салды.
Парвиз Мулложанов:
"Бул беренеден борбор азиялык өлкөлөр менен катар Орусиянын да тынчсыздануусу байкалып турат. Менимче, Орусиянын өкүлдөрү саммитке катышпаганы менен, Москванын, Путиндин позициясы эске алынууда. Расмий айтылбаса да, Кремлдин өз кызыкчылыктары жок эмес. Жетекчилерге жакын адамдар, саясат талдоочулар бул багытта ой-пикирлерин буга чейин деле билдирип келген. Мисалы, альтернатива жолдорго тынчсыздануусун айтып, бул Кошмо Штаттардын эгидасы, таасири менен жасалып жатат деп айтып жүрүшөт. Экинчи жагынан Орусия ошол жаңы соода жолдоруна кызыкдар. Себеби, Кытайга мунай ташыган каттамга азыр күч келүүдө. Орусия менен кеңешип, маслеттешип турушкан деп ойлойм.
Үчүнчү мамлекет деп кимди айтып жатканын айтуу кыйын. Менимче, Борбор Азия президенттери көбүрөөк Батыштан чочулашат. Алардын билдирүүлөрүнө көз чаптырсаңар же менталитетин билсеңер эле жетиштүү. Казакстанда жыл башында болгон окуялар, Тоолуу Бадахшан, Каракалпакстандагы тополоңдор үчүн бир добуштан Батышты күнөөлөп жатышпадыбы. Алар үчүнчү күчтөр деп сыпаттаганда, көбүнчө Батышты туюндурат".
Ал эми Панниер Мулложановдун бул сөздөрүнө кайчы пикирди карманат жана кеп Орусиянын базалары тууралуу жүрүшү мүмкүн деп боолголойт:
"Борбор Азияга ушунча таасир эткен мамлекет дагы ким болмок эле? Мисалы Кытай статус-квону каалайт. Кайсы бир өлкөдө ири өзгөрүүлөрдү, өзгөчө бийликтин алмашуусун көздөбөйт. Ошол өкмөттөр менен канча жылдан бери иштеп келатат. Ал эми Орусиянын тарыхый жерлер тууралуу комментарийлерин жогоруда айта кеттим.
Казакстан менен Орусиянын жыл башынан берки мамилелери өзгөргөнүн алып карасак... Казакстан январда Орусия башында турган Жамааттык коопсуздук келишим уюмунан (ЖККУ) аскерлерин жөнөтүүнү өтүнгөн. Ошондо чет өлкөлүк контингент өлкөгө киргизилген. Эми болсо достук тууралуу сунуш кылынып жаткан келишим андайга жол бербеши мүмкүн көрүнөт. Борбор Азияда бирөөнүн аймагын орустар башка өлкөгө каршы пайдаланбасын деп жатышат. Нур-Султан менен Москванын мамилелери жети айдын ичинде эле канчалык начарлаганын ушундан байкаса болот. Менимче, Орусия Канттагы базаны же Тажикстандагы базаны колдонбосун, Борбор Азиядагы үчүнчү өлкөгө каршы багытталышы ыктымал деген иш-аракеттерге жол берилбесин дешет. Бирок кайра эле, бул жаатта көп нерсе кыла алышпайт, ал шарттар кагаз жүзүндө кала берет деп ойлойм".
«Орусиянын ордун Кытай ээлеши мүмкүн»
Орусия Украинага басып киргенден бери бир катар саясат таануучулар, байкоочулар Борбор Азия үчүн Москванын орбитасынан чыгуу үчүн ыңгайлуу учур жаралып жатканын айтып келишет. Ошол эле маалда Орусияга экономикалык жактан байланган, миллиондогон жарандары ал жакта иштеп жатканда ал өлкөлөр үчүн мындай кадам оңой-олтоң болбосун эскертишет. Парвиз Мулложанов дагы бир коркунучту эске салды:
"Орусия Украинадагы согушка белчесине чейине батты. Албетте, региондогу позициялары кыйла алсырады. Бул тенденция мындан ары да уланмакчы. Москва азыр бир жагынан Батыш менен алпурушуп келатат. Экинчи жагынан кайсы бир деңгээлде Кытайдан көз каранды экенин да эстен чыгарбоо зарыл. Бул жерде Борбор Азия үчүн мүмкүнчүлүктөр ачылып, ошол эле маалда тобокелдиктер да жок эмес. Аймактагы өлкөлөрдүн баарынын Бээжинге карызы бар. Менимче, Орусиянын ордуна Кытай келет деген ыктымалдык абдан чоң".
Сөзүбүздүн аягында Темур Умаров бул жолугушууга көп үмүт артпаганын, сырткы көйгөйлөр Борбор Азия өлкөлөрүн бири-бирине эч качан жакындатпаганын белгилөө менен катар кандай болгон күндө да жолугушуп, сүйлөшүп турууну дайыма оң жышаан деп бааларын кошумчалады:
"Жолугушуп туруу дайыма жакшы көрүнүш. Беш өлкөнүн жетекчилери гана чогулуп жатканы бул - оң жышаан. Алардын позицияларына таасир эте алат деген үчүнчү тараптын жок болгону жакшы. Позициямды ачык билдирсем, ошол үчүнчү тарап эмне деп айтат деп сөздөрүн ылгап, тандап отурушпайт. Бой көтөрүп үстүнөн байкоо салып жаткан эч ким жокто аймактын ичинде эмне болуп жатканын аңдап-билүү үчүн бул жакшы мүмкүнчүлүк. Андан тышкары жергиликтүү элиталардын бири-бири менен жакындан таанышуусуна өбөлгө түзүлөт. Президенттер, алардын тар чөйрөсүнөн тышкары жыйынды даярдаган, координация кылган Тышкы иштер министрликтеринде, атайын кызматтарда иштегендер, дипломаттар, президенттердин аппаратынын өкүлдөрү өз ара жолугуп, таанышып, кызматташууга мүмкүнчүлүк алышты. Бул дагы символикалык болсо да, өзүнчө бириктирүүчү бир учур".
Президенттердин кездешүүсү 2020-жылы өтмөк, бирок пандемияга байланыштуу кийинкиге которулган жана былтыр саммитти Түркмөнстан уюштурган.
Расмий маалыматка ылайык, 20-21-июль күндөрү өтчү жыйынга Чолпон-Атага Борбор Азиядагы беш мамлекеттин бардыгынын башчылары келери күтүлүп жатат.