Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:39

"Чет элдик өкүл" мыйзамы биринчи окуудан талкуусуз өттү


Иллюстрация
Иллюстрация

Жогорку Кеңеш 25-октябрдагы жыйынында "Чет элдик өкүл жөнүндөгү" мыйзам долбоорун карап, аны биринчи окууда талкуусуз кабыл алды.

Документтин негизги автору, депутат Надира Нарматова баяндама жасагандан кийин төрага Нурланбек Шакиев сунуш-пикирлер болсо экинчи окууга чейин жазуу түрүндө берүү керектигин айтып, документти талкуусуз добушка койду жана көпчүлүк колдоду.

Чукул добушка коюлду

Сессияда каттоодон өткөн 72 депутаттын 52си аны колдоп, жетөө каршы болду.

Долбоордун шашылыш, талкуусуз добушка коюлушу нааразылык жаратты. Күн тартибинде бешинчи болуп турган маселе, күтүүсүз жерден биринчи болуп каралды. Айрым депутаттар талкууга катышууга үлгүрбөй калганын айтышты. Алардын бири депутат Чыңгыз Айдарбеков "Азаттыкка" буларды билдирди:

“Ооба, эл аралык деңгээлде ушундай практика бар. Бирок биздикиндей жазага тартуу деген жок. Эгер бейөкмөт уюмдун мүчөсү болсо, ага иштесе, анда 10 жылга эркинен ажыратуу каралып атат. Мындай башка мамлекеттерде жок. Ошондуктан биздин кесиптештер карап, талдоо жасап, чечим кабыл алышат деп ишенем. Кылмыш кодексине мындай өзгөрүүлөрдү киргизбешибиз керек. Бул өтө кооптуу иш. Мындан тышкары жарандарыбызга “чет элдик агент” деген макамдын берилиши кандай болот? Бул туура эмес. Андыктан мындай өзгөрүүлөр такыр кереги жок. Бейөкмөт уюмдар ар кайсы тармакты иштеп атат. Мүмкүнчүлүгү чектелгендер, балдардын аялдардын укугу менен иш алып барып атышат. Ошолорго түздөн-түз таасир эте турган чечим. Экинчи окууда кандайдыр бир өзгөртүүлөр киргизилиши мүмкүн. Депутаттар тең салмактуу чечим кабыл алат деп ишенем”.

"Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын депутаты Гуля Кожокулова сессияда парламенттин регламенти сакталбай калганын айтып чыкты. Ал “чет элдик өкүл” деп таанылган уюмдун ишине катышкандарды же аларды пропаганда кылгандарды 10 жылга эркинен ажырата турган беренени сынга алды.

“Маселе мыйзамда эмес, кеп андагы кылмыш жоопкерчилигинде болуп жатат. Эмнеге Кылмыш кодексине өзгөртүүлөр киргизилип жатат? Эгерде кайсыл бир нормалар бузулса, башында эскертүү берилип, же айыпка жыкса болот го. Бирок 10 жылга эркинен ажырата турган кылмыш жоопкерчилиги болбош керек да. “Бейөкмөт уюмдардын ишине жигердүү катышуу” деген эмне болгон кылмыш? Катышуу үчүн камалбайт да. Бизде текшерүүчү Финансылык чалгын кызматы, прокуратура бар. Каттоосун чакыртып ала турган Юстиция министрлиги бар. Мамлекеттин рычагы абдан эле көп. Бирок кылмыш жоопкерчилиги болбош керек да”.

Спикер Нурланбек Шакиев талкууга коюлган мыйзам боюнча буларды айтты:

“Бул мыйзамдын тегерегинде бир топ делегацияны кабыл алдык. Мен баарына түшүндүрүп айтып аттым. Мындан чочулай турган эч нерсе жок. Силер өзүңүздөр бардыгы ачык, так болсун деген талапты коесуздар. Сиздердин өлкөңүздөрдө, ошол эле АКШ, Европада дагы ачыктык, тартип биринчи орунда. Биз ошол эле нерсени талап кылып атабыз. Эч кандай тыюу, кысуу, басынтуу жок. Болгону бардык ишмердиги ачык, так болсун. Ошондуктан мындан коркуунун, чочулоонун кереги жок”.

Төраганын мындай сөзү сынга кабылып, депутат Эрулан Көкүлов аны "адвокат болбоого" чакырып, экөө кайым айтыша кетти.

- Урматтуу Нурланбек мырза, сиз жада калса демилгечилердин катарында да жок экенсиз го.

- Мен жокмун. Бирок бул мыйзамды колдойм. Ошон үчүн сүйлөп атам.

- Анда эмнеге эл аралык уюмдардын өкүлдөру менен жолугушуп жүрөсүз?

- Эл аралык уюмдар Жогорку Кеңештин төрагасы катары мага келишти. Алар жолугушууну суранышты. Мен 10дон ашык жолугушуу өткөрдүм. Ошондо бүт баарына ушул түшүнүктү айттым.

- Демилгечилердин арасында деле кирип алсаңыз болот экен да. Туурабы?

- Мага маселе эмес.

Мыйзам долбоорунун таржымалы

Кыргызстанда сырттан каражат алган өкмөттүк эмес уюмдарды жана жарандарды “чет элдик тыңчы” деп атоого багытталган мыйзам 2013-2014-жылдары сунушталып, каралбай келген. Андан бери парламентте ушуга үндөш бир-эки мыйзам кабыл алынган. Мыйзамдын мурдагы автору Надира Нарматова анын атын "чет элдик өкүл" деп өзгөртүп, 2022-жылы кайра алып чыккан.

"Чет элдик өкүл": Ар бир жаранга кооптуу мыйзам
please wait

No media source currently available

0:00 0:32:24 0:00


Башында автор катары Нарматова өзү жалгыз көрсөтүлгөн документке кийин дагы 32 депутат демилгечи болуп кошулган. Коомчулуктагы кызуу талаш-тартыштардан соң бир катар депутаттар авторлуктан баш тартышкан. Мунун себебин алар документте ашыкча чектөөлөр киргизилип жатканы менен байланыштырган.

“Адилет” укуктук клиникасы Нарматованын мыйзам долбоорун иликтеп чыгып, ал Орусиянын “Чет элдик агенттер жөнүндөгү” мыйзамына 98% окшош экенин аныктаган. 120 уюм парламенттин комитетинин төрагасы Сүйүнбек Өмүрзаковго кайрылуу жолдоп, бул мыйзам “чет элдик агенттер жөнүндөгү” мыйзамдан айырмасы жоктугун, агент деген сөздү өкүл деп гана алмаштырып коюшканын, эгер ал кабыл алынса, жарандардын эркиндиги менен укуктарына гана эмес, социалдык тармакка жана экономикага залакасы тиерин белгилешкен.

Кайрылууда мыйзам долбоорунда демократия принциптерине карама-каршы келүүчү бир катар басмырлоочу ченемдер бар экени, алар өлкөнүн Баш мыйзамына да туура келбестиги, мамлекеттик органдарга өзүнө жакпаган бейөкмөт уюмду каалагандай жол менен жаап коюу мүмкүнчүлүгү берилип калары, калктын орчундуу социалдык муктаждыктарын чечүүгө салымын кошуп келе жаткан уюмдардын ишине да бөгөт коюлары айтылган.

Нарматова бул документ өкмөттүк эмес уюмдардын ишине тоскоол болбойт деп ишендирип келет.

Орусиянын тажрыйбасы

"Чет элдик агент" деген термин орус мыйзамдарында 2012-жылдын жазындагы каршылык акцияларынан кийин пайда болгон. Ал кезде саясий ишмердик менен алектенип, чет мамлекеттен, чет өлкөлүк уюмдардан жана жарандардан, эл аралык уюмдардан каржыланган бейөкмөт уюмдардын баары "чет элдик агент" деп жарыяланган.

Мындай бейөкмөт уюмдар Юстиция министрлигинен каттоодон өтүп, каржылануусу жана чыгымдары тууралуу отчёт тапшырып турушу керек эле.

Андан тышкары алар аудитордук отчёт тапшырып, өздөрүнүн макала-баяндарын интернетте жана бардык жактарда "бул материал чет элдик агенттин функциясын аткарып жаткан уюм тарабынан жарыяланууда" деген эскертүү менен жарыялоого милдеттендирилген.

Буга баш ийбеген уюмдардын жетекчилерине 300 миң рублга чейин айып пул салуу, коомдук жумушка тартуу, алтургай эки жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.

2014-жылы Юстиция министрлигине уюмдарды "чет элдик агент" деп өз алдынча жарыялоо укугу берилген.

2017-жылы Путин маалымат каражаттарын «чет элдик агент» катары тааныган мыйзамга кол койгон. Документти он күн ичинде сунуштап, жактырып жиберишкен. Бир нече жума өтпөй, ал тизмеге тогуз маалымат каражаты, анын ичинен "Америка авазы" жана "Свобода" радиосунун бир нече долбоору киргизилген.

2019-жылы Юстиция министрлигине "чет элдик тыңчы" макамына ээ маалымат каражатынын материалдарын таркаткан, аларды даярдоого катышкан, "чет элдик тыңчыдан" же тыштан каржы алган адамдарды "чет элдик тыңчы" катары таанууга уруксат берилген.

Мындан улам "чет элдик тыңчы" катары таанылган маалымат каражатынын материалдарын бөлүшкөн социалдык тармактардын ар бир колдонуучусу коркунучка кептелди.

Орусия Украинага жапырт кол салып, репрессивдүү мыйзамдарын күчөткөндөн бери "чет элдик тыңчылардын" тизмеси болуп көрбөгөндөй тездик менен толуктала баштады.

Грузин парламенти четке каккан мыйзам долбоору

Грузиянын парламенти "чет элдик агенттер" жөнүндө мыйзам долбоорун быйыл 10-мартта экинчи окууда четке какты.

Башкаруучу "Грузин кыялы" партиясы бир күн мурун мыйзам долбоорун парламенттин кароосунан алып саларын билдирген.

Мыйзам долбоорунда сырттан 20% ашуун каржылоо алган кандай гана уюм болбосун "чет элдик агент" деп каттоодон өтүүгө милдеттендирген жобо жазылган. Ал шартты аткарбагандарга чоң айып пул каралган эле.

Өлкө президенти Саломе Зурабишвили жана оппозиция мыйзам долбоору сөз эркиндигин жана жарандык жигердүүлүктү чектей турганын билдиришкен. Аны АКШ менен Европа Биримдиги да сынга алган.

Документ биринчи окууда кабыл алынгандан кийин, өлкөдө жапырт нааразылыктар башталганда, демонстранттар менен полиция кагылышкан.

Кыргызстанда сунушталып жаткан мыйзам эмнени көздөйт?

Орусиядагы репрессивдүү “чет элдик агент” мыйзамынын Кыргызстандагы аналогу катары сыпатталып жаткан бул мыйзам долбоору “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзамга жана Кылмыш кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүүнү максат кылат.

Ага ылайык, чет өлкөдөн каржыланган жана Кыргызстанда саясий ишмердик менен алектенген жергиликтүү бейөкмөт уюмдар “чет элдик өкүлдүн ишин аткаруучу” деп таанылат жана тиешелүү реестрге катталат. “Чет элдик өкүл” катары каттоодон өтпөгөн уюмдардын ишмердиги алты айга чейин токтотулат.

“Мамлекеттик органдардын чечимине таасир этүүнү”, ал органдар жүргүзгөн “мамлекеттик саясатты өзгөртүүнү” жана бул багытта “коомдук пикирди түзүүнү” көздөгөн саясий акцияларды уюштурган жана аларды каржылаган уюмдар саясий ишмердикке катышкан болуп таанылат.

Илим, маданият, искусство, саламаттык сактоо, жарандарды социалдык колдоо, спорт, экология жана кайрымдуулук багытында иш алып барган уюмдар саясатка аралашты деп эсептелбейт.

“Чет элдик өкүл” деп таанылган уюмдардан кошумча отчёттор талап кылынат. Маселен, алар сырттан алган акча кандай максатта колдонулганы тууралуу тиешелүү мамлекеттик мекемелерге квартал сайын, ал эми жалпы ишмердиги жана башкаруучулары тууралуу жарым жыл сайын отчёт берип турушу керек.

Мыйзам долбоору кабыл алынса, бейөкмөт уюмдар пландалбаган текшерүүлөргө да туш болушу ыктымал. Кезексиз текшерүүгө кайсы бир мамлекеттик органдын арызы негиз бериши мүмкүн.

Кылмыш кодексине киргизилип жаткан өзгөртүүлөргө ылайык, атуулдарды “жарандык милдеттерин аткаруудан баш тартууга жана башка укукка каршы келген аракеттерге” үгүттөгөн уюмдарды түзгөндөр жана жетектегендер же айып пулга жыгылат, же беш жылга чейин эркинен ажыратылат. Мындай уюмдардын ишине жигердүү катышкандар же алардын ишин пропаганда кылгандар 10 жылга чейин эркинен ажыратылышы ыктымал.

"Бейөкмөт уюмдардын ишине тыюу салган, сөз эркиндигине шек келтирген, демократияга каршы багытталган эч нерсе жок. Адам укуктарын басмырлоого эч тиешеси жок. Ошол эле учурда биз коммерциялык эмес уюмдардын иштөөсүнө кеңири мүмкүнчүлүк ачуу менен бирге алардын жоопкерчилиги тууралуу да пункт киргиздик. Көрсөтүлгөн талаптарга каршы иш жасаган болсо, 50-100 миң айып пул төлөө, беш жылга чейин эркинен ажыратуу, туура эмес иштерди дагы эле жасаган болсо, 100-200 миң айыппул салуу, 10 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы сунуш кылынып жатат”, - деп билдирген мыйзам долбоорун демилгелеген депутат Надира Нарматова.

"Чет элдик өкүл" мыйзамынын кесепети кандай болот?

Эл аралык ишкердик кеңештин аткаруучу директору Аскар Сыдыков Евробиримдик Кыргызстанда талкууланып жаткан бул мыйзам долбоору боюнча резолюция кабыл алганын, ВСП+ жеңилдиктер макамы дүйнөдө саналуу гана өлкөгө берилгенин эскертти. Ишкерлер, бизнес коомчулук депутаттардын демилгесине тынчсызданып жатышканын билдирди:

“Июль айында Европа парламентинин резолюциясы чыккан. Анда ушул мыйзам долбоору тууралуу баса белгиленип, Европа комиссиясына Кыргызстанга карата ВСП+ артыкчылыгы берилген системаны кайра карап чыгуу сунушу берилген. ВСП+ системасы дүйнө жүзү боюнча тогуз мамлекетке гана берилген, анын ичинде биз барбыз. Ал 2015-жылы биздин 6 миңден ашуун товарды бажы төлөмүсүз экспорттоого жол ачып берди . Ушул статустан да кол жууп калсак, биздин экономикага абдан терс таасирин тийгизиши мүмкүн. Бул статустун бирден-бир критерийи – демократия жана адам укуктары”.

Сыдыков эл аралык уюмдар Кыргызстанга колдоо көрсөтүүдө демократиянын, адам укуктарынын жана сөз эркиндигинин абалына биринчи кезекте көңүл бурушарын белгилеп, айрым жалпыга маалымдоо каражаттары коммерциялык уюм катары катталганын, андыктан бул мыйзам аларга да таасир этерин кошумчалады:

“Сөз эркиндиги бизге абдан маанилүү, себеби мыйзамдар, демилгелер тууралуу көпчүлүк учурда жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу билебиз. Эгер бул мыйзам кабыл алынып калса жалпыга малымдоо каражаттарына басым, кысым кылууга же алардын укуктарын тебелөөгө жол ачып берсе бул дагы терс таасирин тийгизет”.

"Лейлек-Инсан" коомдук фондунун төрайымы Гүлнара Дербишева "Чет өлкөлүк өкүл" тууралуу мыйзам долбоору боюнча парламенттик угууда бейөкмөт уюмдардын ордун белгиледи.

"Элет жеринде көйгөйлөр аябай көп. Жергиликтүү бийликтин, өкмөттүн, парламенттин аларды чечүүгө эч колу тийбейт. Кыргызстандагы бейөкмөт уюмдар өкмөткө, бийликке жардамчы катары иштейбиз. Былтыркы Баткенде болгон кыргыз-тажик жаңжалында да биз, мамлекеттик эмес уюмдардын активисттери, алгачкылардан болуп ыктыярчыларды уюштуруп, эвакуацияны баштап, жардам колубузду сунганбыз. Биз элеттик аялдарга, чек арадагы элге дайыма жардам берип келебиз. Биз чет өлкөлүк өкүл деген ат менен ушундай оор мезгилдерде кантип иштейбиз? Сиз ошону да ойлошуңуз керек. Мамлекеттик эмес уюмдар деле Кыргызстандын өнүгүшүн каалайбыз, биз деле ошонун үстүндө иштеп жатабыз. Кыргызстан силердин гана эмес, биздин да мекенибиз, өлкөбүз", - деди Гүлнара Дербишева.


"Интербилим" коомдук уюмунун Оштогу өкүлү Гүлгакы Мамасалиева "чет элдик өкүл" тууралуу мыйзамсыз эле бейөкмөт уюмдарга кысым күчөгөнүн айтты.

"Мен Баткенге барып, ал жактагы элге укуктук жардамды кантип алуу керектиги, Конституциялык укуктарын кантип колдоно алышары жана башка маселелер боюнча кеп-кеңештерди берип жүрөм. Милиция менин артымдан жүрөт, мен кирип-чыккан үйлөргө алар да кирип, ошол үй-бүлө мүчөлөрүн "эмне үчүн бул аял менен сүйлөшөсүң" деп, коркутуп чыгат. Эми бул мыйзам кабыл алынса, кылган ишим үчүн 5 жылдан 10 жылга чейин камалып кетет экенмин. Бул деген киши өлтүргөн адамдын жазасы менен барабар да", - деген Гүлгакы Мамасалиева депутаттарды бул мыйзамды кабыл албоого чакырды.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Антье Граве “Чет элдик өкүл” мыйзамы кабыл алынса, Кыргызстанда адам укуктарынын абалына жана өлкөнүн өнүгүүсүнө коркунуч жаралат деген пикирде.

17-октябрда аталган мыйзам долбоору боюнча парламенттик угууда Гравье сунуш кылынып жаткан мыйзам долбоорундагы көпчүлүк беренелер Кыргызстандын адам укугу жана сөз эркиндиги боюнча эл аралык милдеттенмелерге каршы келерин билдирди.

Ошону менен катар кылмыш жоопкерчилигинде каралган 10 жылга эркинен ажыратуу беренси өзгөчө тынчсыздануу жаратарын айтты.

Эл аралык Human Rights Watch уюмунун 17-октябрда тараткан билдирүүсүндө, бул мыйзам кабыл алына турган болсо, ал “өлкөнүн жигердүү жарандык коомуна терс таасир этип, алардын карапайым жарандардын укуктарын коргоосуна, социалдык кызматтарды көрсөтүүсүнө жана күчтүү, инклюзивдүү коомдун өнүгүшүнө кедергисин тийгизери” айтылат.

Билдирүүдө мыйзам долбоору өкмөткө бейөкмөт уюмдарды көзөмөлдөө үчүн ашыкча ыйгарым укуктары берери, бул эл аралык коомчулуктун жана жарандардын нааразылыгын жаратканы да айтылат.

“Бул Кыргызстандын бийлиги үчүн өлкөнүн эл аралык-укуктук милдеттенмелерине ылайык адам укуктарын сактоого берилгендигин көрсөтө турган учур. Кыргызстан февралда Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча кеңешине мүчө болгондон кийин өз жеринде жана чет өлкөдө адам укуктарын коргоо боюнча алган милдеттенмесин эске алганда, бул - өзгөчө актуалдуу”, - деп айтылат билдирүүдө.

Уюм Жогорку Кеңеш бул мыйзам долбоорун четке кагышы керектигин, эгерде кабыл ала турган болсо, ага президент Садыр Жапаров кол коюудан баш тартышы керектигин белгилеген.

  • 16x9 Image

    Айбек Бийбосунов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2015-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

     

XS
SM
MD
LG