Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:37

"Чет элдик өкүл” мыйзамы менен АКШнын FARA мыйзамынын айырмасы эмнеде?


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жакында эле “Чет элдик өкүл” тууралуу мыйзамынын долбоору биринчи окууда Жогорку Кеңештин тармактык эки комитетинде колдоо таап, ал боюнча 17-октябрда парламенттик угуу өттү,

Укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү комитетинде мыйзам долбоорунун башкы демилгечиси Надира Нарматова аны Америкадагы FARA мыйзамына салыштырды. Бул эки мыйзамды салыштыруу эмне үчүн туура эмес?

Бейөкмөт уюмдарга көзөмөлдү күчөтүп, "чет элдик агент же өкүл" деп табуу аракетин бир нече жылдан бери көрүп келген Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматова мыйзам долбоорун коргоп жатып: “Бул мыйзамды бир эле Кыргызстанда Нарматова көтөрүп чыгып жаткан жери жок. Бул мыйзам 100 жылдан ашуун убакыттан бери ошол эле демократиянын туу чокусу саналган Америкада дагы бар. Ал жакта 1938-жылы FARA деген ат менен кабыл алынган”, - деди.

Ушундай эле сөздөрдү 2012-жылы Орусияда чет элдик агент тууралуу мыйзам кабыл алынып жатканда Орусиянын президенти Владимир Путин дагы айткан.

“Орусияда кабыл алынган мыйзамга ылайык, чет жактан каржыланып, өлкө ичинде саясий ишмердик жүргүзгөн уюмдар чет элдик агент катары каттоодон өтүшү зарыл. Бул дүйнөлүк саясий тажрыйбада кандайдыр бир өзгөчө жаңычылык эмес. Так эле ушундай мыйзам Америка Кошмо Штаттарында дагы 1938-жылдан бери иштейт”, - деген орус президенти.

Путин менен Нарматованын сөздөрү окшошуп калганы дагы жөн жеринен болбосо керек. Буга чейин “Адилет” укуктук клиникасы Жогорку Кеңештин депутаты сунуштаган мыйзам долбоору Орусиянын “тыңчылар” тууралуу мыйзамы менен 98% окшош экенин аныктап чыккан.

Нарматова “жашоонун принциптери, анын сүрөттөй турган сөздөр бардык жерде бирдей болгону үчүн” мыйзамдар окшошуп калганын жүйө келтирди.

Foreign Agents Registration Act же FARA деген эмне?

Баары Адольф Гитлердин пропагандалык машинесине каршы туруу аракеттеринен башталган. АКШда нацисттик пропаганда күч алып, Берлин көмүскөдөн каржылап турган уюмдардын саны көбөйүп, германиялык тыңчылар америкалык технологиянын сырларын уурдай баштаганда Конгресс кийлигишүүнү чечет.

Foreign Agents Registration Act (FARA) – чет элдик агенттерди каттоо мыйзамы кабыл алынгандан кийин АКШда чындап эле нацисттик пропаганда ооздукталган.

Кийин мыйзам бир нече ирет өзгөртүлгөн. 1966-жылы Конгресс бул мыйзам чет элдик лоббисттердин ишмердигин дагы тескеш керек деген чечим кабыл алат.

Учурда FARA'нын алкагында чет өлкө өкмөттөрү менен кызматташып, алар үчүн экономикалык жана саясий пайда табууну көздөгөн лоббисттик уюмдар жана адамдар каттоодон өтөт.

Андан тышкары редакциялык саясатын чет өлкөнүн өкмөтү тескеген медиа каражаттары бул мыйзамдын алкагында каттоодон өтүшү зарыл.

АКШда Британиянын Би-би-си, Германиянын "Немис толкуну" компаниялары каттоосуз эле иштейт.

Ал эми Кремль каржылаган Russia Today телеканалы Американын Юстиция министрлигинин талабы менен 2017-жылы “чет элдик агент” катары кайра каттоодон өткөн.

АКШнын чалгын кызматтарынын эсебинде RT менен "Спутник" "мамлекеттик орус пропагандалык машинесинин бөлүкчөлөрү" болуп саналат.

Эң башкысы, америкалык мыйзам "чет элдик агент" катары катталган медиа каражаттарынын маалымат алуу жана таркатуу эркиндигине бөгөт койбойт жана бейөкмөт уюмдардын ишмердигин чектебейт.

Ал эми Орусия бул мыйзамды көз карандысыз маалымат каражаттарын жана башка бейөкмөт уюмдарын чектеп, коркутуп-үркүтүп, сот аркылуу куугунтуктап, жабуу үчүн колдонуп келет.

Орусиянын тажрыйбасы

"Чет элдик агент" деген термин орус мыйзамдарында 2012-жылдын жазындагы ири каршылык акцияларынан кийин пайда болгон. Ал кезде саясий ишмердик менен алектенип, чет мамлекеттен, чет өлкөлүк уюмдардан жана жарандардан, эл аралык уюмдардан каржыланган бейөкмөт уюмдардын баары "чет элдик агент" деп жарыяланган.

Мындай бейөкмөт уюмдар Юстиция министрлигинен каттоодон өтүп, каржылануусу жана чыгымдары тууралуу отчёт тапшырып турушу керек эле.

Андан тышкары алар аудитордук отчёт тапшырып, өздөрүнүн макала-баяндарын интернетте жана бардык жактарда "бул материал чет элдик агенттин функциясын аткарып жаткан уюм тарабынан жарыяланууда" деген эскертүү менен жарыялоого милдеттендирилген.

Буга баш ийбеген уюмдардын жетекчилерине 300 миң рублга чейин айып пул салуу, коомдук жумушка тартуу, атургай эки жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.

2014-жылы Юстиция министрлигине уюмдарды "чет элдик агент" деп өз алдынча жарыялоо укугу берилген.

2017-жылы Путин маалымат каражаттарын «чет элдик агент» катары тааныган мыйзамга кол койгон. Документти он күн ичинде сунуштап, жактырып жиберишкен. Бир нече жума өтпөй, ал тизмеге тогуз маалымат каражаты, анын ичинен "Америка авазы" жана "Свобода" радиосунун бир нече долбоору киргизилген.

2019-жылы Юстиция министрлигине "чет элдик тыңчы" макамына ээ маалымат каражатынын материалдарын таркаткан, аларды даярдоого катышкан, "чет элдик тыңчыдан" же тыштан каржы алган адамдарды "чет элдик тыңчы" катары таанууга уруксат берилген.

Мындан улам "чет элдик тыңчы" катары таанылган маалымат каражатынын материалдарын бөлүшкөн социалдык тармактардын ар бир колдонуучусу коркунучка кептелди.

Орусия Украинага жапырт кол салып, репрессивдүү мыйзамдарын күчөткөндөн бери "чет элдик тыңчылардын" тизмеси болуп көрбөгөндөй тездик менен толуктала баштады.

Грузия парламенти четке каккан мыйзам долбоору

Грузиянын парламенти "чет элдик агенттер" жөнүндө мыйзам долбоорун 10-мартта экинчи окууда четке какты.

Башкаруучу "Грузин кыялы" партиясы бир күн мурун мыйзам долбоорун парламенттин кароосунан алып саларын билдирген.

Мыйзам долбоорунда сырттан 20% ашуун каржылоо алган кандай гана уюм болбосун "чет элдик агент" деп каттоодон өтүүгө милдеттендирген жобо жазылган. Ал шартты аткарбагандарга чоң айып пул каралган эле.

Өлкө президенти Саломе Зурабишвили жана оппозиция мыйзам долбоору сөз эркиндигин жана жарандык жигердүүлүктү чектей турганын билдиришкен. Аны АКШ менен Европа Биримдиги да сынга алган.

Документ биринчи окууда кабыл алынгандан кийин, өлкөдө жапырт нааразылыктар башталганда, демонстранттар менен полиция кагылышкан.

Кыргызстанда сунушталып жаткан мыйзам эмнени көздөйт?

Орусиядагы репрессивдүү “чет элдик агент” мыйзамынын Кыргызстандагы аналогу катары сыпатталып жаткан бул мыйзам долбоору “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзамга жана Кылмыш кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүүнү максат кылат.

Ага ылайык, чет өлкөдөн каржыланган жана Кыргызстанда саясий ишмердик менен алектенген жергиликтүү бейөкмөт уюмдар “чет элдик өкүлдүн ишин аткаруучу” деп таанылат жана тиешелүү реестрге катталат. “Чет элдик өкүл” катары каттоодон өтпөгөн уюмдардын ишмердиги алты айга чейин токтотулат.

“Мамлекеттик органдардын чечимине таасир этүүнү”, ал органдар жүргүзгөн “мамлекеттик саясатты өзгөртүүнү” жана бул багытта “коомдук пикирди түзүүнү” көздөгөн саясий акцияларды уюштурган жана аларды каржылаган уюмдар саясий ишмердикке катышкан болуп таанылат.

Илим, маданият, искусство, саламаттык сактоо, жарандарды социалдык колдоо, спорт, экология жана кайрымдуулук багытында иш алып барган уюмдар саясатка аралашты деп эсептелбейт.

“Чет элдик өкүл” деп таанылган уюмдардан кошумча отчёттор талап кылынат. Маселен, алар сырттан алган акча кандай максатта колдонулганы тууралуу тиешелүү мамлекеттик мекемелерге квартал сайын, ал эми жалпы ишмердиги жана башкаруучулары тууралуу жарым жыл сайын отчёт берип турушу керек.

Мыйзам долбоору кабыл алынса, бейөкмөт уюмдар пландалбаган текшерүүлөргө да туш болушу ыктымал. Кезексиз текшерүүгө кайсы бир мамлекеттик органдын арызы негиз бериши мүмкүн.

Кылмыш кодексине киргизилип жаткан өзгөртүүлөргө ылайык, атуулдарды “жарандык милдеттерин аткаруудан баш тартууга жана башка укукка каршы келген аракеттерге” үгүттөгөн уюмдарды түзгөндөр жана жетектегендер же айып пулга жыгылат, же беш жылга чейин эркинен ажыратылат. Мындай уюмдардын ишине жигердүү катышкандар же алардын ишин пропаганда кылгандар 10 жылга чейин эркинен ажыратылышы ыктымал.

"Бейөкмөт уюмдардын ишине тыюу салган, сөз эркиндигине шек келтирген, демократияга каршы багытталган эч нерсе жок. Адам укуктарын басмырлоого эч тиешеси жок. Ошол эле учурда биз коммерциялык эмес уюмдардын иштөөсүнө кеңири мүмкүнчүлүк ачуу менен бирге алардын жоопкерчилиги тууралуу да пункт киргиздик. Көрсөтүлгөн талаптарга каршы иш жасаган болсо, 50-100 миң айып пул төлөө, беш жылга чейин эркинен ажыратуу, туура эмес иштерди дагы эле жасаган болсо, 100-200 миң айыппул салуу, 10 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы сунуш кылынып жатат”, - деп билдирген мыйзам долбоорун демилгелеген депутат Надира Нарматова.

"Чет элдик өкүл" мыйзамынын кесепети кандай болот?

Эл аралык ишкердик кеңештин аткаруучу директору Аскар Сыдыков Евробиримдик Кыргызстанда талкууланып жаткан бул мыйзам долбоору боюнча резолюция кабыл алганын, ВСП+ жеңилдиктер макамы дүйнөдө саналуу гана өлкөгө берилгенин эскертти. Ишкерлер, бизнес коомчулук депутаттардын демилгесине тынчсызданып жатышканын билдирди:

“Июль айында Европа парламентинин резолюциясы чыккан. Анда ушул мыйзам долбоору тууралуу баса белгиленип, Европа комиссиясына Кыргызстанга карата ВСП+ артыкчылыгы берилген системаны кайра карап чыгуу сунушу берилген. ВСП+ системасы дүйнө жүзү боюнча тогуз мамлекетке гана берилген, анын ичинде биз барбыз. Ал биздин 6 миңден ашуун товарды бажы төлөмүсүз экспорттоого жол ачып берди 2015-жылы. Ушул статустан да кол жууп калсак биздин экономикага абдан терс таасирин тийгизиши мүмкүн. Бул статустун бирден-бир критерийи – демократия жана адам укуктары”.

Сыдыков эл аралык уюмдар Кыргызстанга колдоо көрсөтүүдө демократиянын, адам укуктарынын жана сөз эркиндигинин абалына биринчи кезекте көңүл бурушарын белгилеп, айрым жалпыга маалымдоо каражаттары коммерциялык уюм катары катталганын, андыктан бул мыйзам аларга да таасир этерин кошумчалады:

“Сөз эркиндиги бизге абдан маанилүү, себеби мыйзамдар, демилгелер тууралуу көпчүлүк учурда жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу билебиз. Эгер бул мыйзам кабыл алынып калса жалпыга малымдоо каражаттарына басым, кысым кылууга же алардын укуктарын тебелөөгө жол ачып берсе бул дагы терс таасирин тийгизет”.

"Лейлек-Инсан" коомдук фондунун төрайымы Гүлнара Дербишева "Чет өлкөлүк өкүл" тууралуу мыйзам долбоору боюнча парламенттик угууда бейөкмөт уюмдардын ордун белгилеп кетти.

"Элет жеринде көйгөйлөр аябай көп. Жергиликтүү бийликтин, өкмөттүн, парламенттин аларды чечүүгө эч колу тийбейт. Кыргызстандагы бейөкмөт уюмдар өкмөткө, бийликке жардамчы катары иштейбиз. Былтыркы Баткенде болгон кыргыз-тажик жаңжалында да биз, мамлекеттик эмес уюмдардын активисттери, алгачкылардан болуп ыктыярчыларды уюштуруп, эвакуацияны баштап, жардам колубузду сунганбыз. Биз элеттик аялдарга, чек арадагы элге дайыма жардам берип келебиз. Биз чет өлкөлүк өкүл деген ат менен ушундай оор мезгилдерде кантип иштейбиз? Сиз ошону да ойлошуңуз керек. Мамлекеттик эмес уюмдар деле Кыргызстандын өнүгүшүн каалайбыз, биз деле ошонун үстүндө иштеп жатабыз. Кыргызстан силердин гана эмес, биздин да мекенибиз, өлкөбүз", - деди Гүлнара Дербишева.

"Интербилим" коомдук уюмунун Оштогу өкүлү Гүлгакы Мамасалиева "чет элдик өкүл" тууралуу мыйзамсыз эле бейөкмөт уюмдарга кысым күчөгөнүн айтты.

"Мен Баткенге барып, ал жактагы элге укуктук жардамды кантип алуу керектиги, Конституциялык укуктарын кантип колдоно алышары жана башка маселелер боюнча кеп-кеңештерди берип жүрөм. Милиция менин артымдан жүрөт, мен кирип-чыккан үйлөргө алар да кирип, ошол үй-бүлө мүчөлөрүн "эмне үчүн бул аял менен сүйлөшөсүң" деп, коркутуп чыгат. Эми бул мыйзам кабыл алынса, кылган ишим үчүн 5 жылдан 10 жылга чейин камалып кетет экенмин. Бул деген киши өлтүргөн адамдын жазасы менен барабар да", - деген Гүлгакы Мамасалиева депутаттарды бул мыйзамды кабыл албоого чакырды.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Антье Граве “Чет элдик өкүл” мыйзамы кабыл алынса, Кыргызстанда адам укуктарынын абалына жана өлкөнүн өнүгүүсүнө коркунуч жаралат деген пикирде.

17-октябрда аталган мыйзам долбоору боюнча парламенттик угууда Гравье сунуш кылынып жаткан мыйзам долбоорундагы көпчүлүк беренелер Кыргызстандын адам укугу жана сөз эркиндиги боюнча эл аралык милдеттенмелерге каршы келерин билдирди.

Ошону менен катар кылмыш жоопкерчилигинде каралган 10 жылга эркинен ажыратуу беренси өзгөчө тынчсыздануу жаратарын айтты.

Эл аралык Human Rights Watch уюмунун 17-октябрда тараткан билдирүүсүндө, бул мыйзам кабыл алына турган болсо, ал “өлкөнүн жигердүү жарандык коомуна терс таасир этип, алардын карапайым жарандардын укуктарын коргоосуна, социалдык кызматтарды көрсөтүүсүнө жана күчтүү, инклюзивдүү коомдун өнүгүшүнө кедергисин тийгизери” айтылат.

Билдирүүдө мыйзам долбоору өкмөткө бейөкмөт уюмдарды көзөмөлдөө үчүн ашыкча ыйгарым укуктары берери, бул эл аралык коомчулуктун жана жарандардын нааразылыгын жаратканы да айтылат.

“Бул Кыргызстандын бийлиги үчүн өлкөнүн эл аралык-укуктук милдеттенмелерине ылайык адам укуктарын сактоого берилгендигин көрсөтө турган учур. Кыргызстан февралда Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча кеңешине мүчө болгондон кийин өз жеринде жана чет өлкөдө адам укуктарын коргоо боюнча алган милдеттенмесин эске алганда, бул - өзгөчө актуалдуу”, - деп айтылат билдирүүдө.

Уюм Жогорку Кеңеш бул мыйзам долбоорун четке кагышы керектигин, эгерде кабыл ала турган болсо, ага президент Садыр Жапаров кол коюудан баш тартышы керектигин белгилеген.

XS
SM
MD
LG