Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Ноябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:07

"Экономикага терс таасирин тийгизет". "Чет элдик өкүл" мыйзамынын кесепети


Жогорку Кеңеш. Парламенттик угууга келгендер. 17-октябрь, 2023-жыл.
Жогорку Кеңеш. Парламенттик угууга келгендер. 17-октябрь, 2023-жыл.

“Чет өлкөлүк өкүл” мыйзамынын кабыл алынышы Кыргызстанда адам укуктарын коргоого эле эмес, экономикалык, социалдык багытта дагы кедергисин тийгизет. Бул тууралуу эксперттер 17-октябрдагы мыйзам долбооруна байланыштуу өткөн парламенттик угууда айтышты.

Нарматова кайталаган аргумент

17-октябрда өткөн парламенттик угууга негизги демилгечи болгон Надира Нарматова гана келди. Калган жыйырмадай демилгечи катышкан жок.

Нарматова буга чейинки аргументтерин кайталап, “чет өлкөлүк уюмдар саясатка аралашып” жатканын айтты.

Надира Нарматова.
Надира Нарматова.

“Алардын көпчүлүгү мамлекеттик саясатка кийлигишет. Анын ичинен мамлекеттик бийлик органдардын өлкөнүн туруктуу өнүктүрүү максаттарына карама-каршы келген чечимдерди кабыл алуусу үчүн коомдук пикир түзүүгө умтулушуп, Кыргызстанда саясий акцияларды уюштуруу жана өткөрүүнү каржылоо жолу менен катышып жатышат", - деди Нарматова.

Бул демилгени башында 30дан ашык депутат иштеп чыкканы айтылган. Кийин алардын он чактысы баш тартып, учурда 20 депутат калганы айтылган.

Бирок алардын көпчүлүгү мыйзам долбоорун жигердүү коргогону байкалбайт. Жалгыз гана Нарматова бейөкмөт уюмдарды "чет өлкөлүк өкүл" деп таанытууга жана алар саясий ишмердик менен алектенсе, 10 жылга чейин жазага тартууга кызыкдар болуп келет.

Өкмөткө арка-жөлөк бейөкмөт уюмдар

Баткенде социалдык долбоорлорду ишке ашырып, жергиликтүү бийликке жардамчы болуп жатканын айткан "Лейлек-Инсан" коомдук фондунун төрайымы Гүлнара Дербишева мыйзам демилгечилерин алыскы аймактардагы бейөкмөт уюмдардын иштөөсүн татаалдаштырбоого чакырды.

"Элет жеринде көйгөйлөр аябай көп. Жергиликтүү бийликтин, өкмөттүн, парламенттин аларды чечүүгө эч колу тийбейт. Кыргызстандагы бейөкмөт уюмдар өкмөткө, бийликке жардамчы катары иштейбиз. Былтыркы Баткенде болгон кыргыз-тажик жаңжалында да биз, мамлекеттик эмес уюмдардын активисттери, алгачкылардан болуп ыктыярчыларды уюштуруп, эвакуацияны баштап, жардамга колубузду сунганбыз. Биз элеттик аялдарга, чек арадагы элге дайыма жардам берип келебиз. Биз "чет өлкөлүк өкүл" деген ат менен ушундай оор мезгилдерде кантип иштейбиз? Сиз ошону да ойлошуңуз керек. Мамлекеттик эмес уюмдар деле Кыргызстандын өнүгүшүн каалайбыз, биз деле ошонун үстүндө иштеп жатабыз. Кыргызстан - силердин гана эмес, биздин да мекенибиз, өлкөбүз", - деди ал.

"Интербилим" коомдук уюмунун Оштогу өкүлү Гүлгакы Мамасалиева "чет элдик өкүл" тууралуу мыйзамсыз эле бейөкмөт уюмдарга кысым күчөгөнүн айтты.

Гүлгакы Мамасалиева.
Гүлгакы Мамасалиева.

“Биз соттун, ИИМдин, айыл өкмөттүн туура эмес иштери жөнүндө айтып чыгабыз. Бул мыйзамдын алкагында ал саясатка аралашты дегенге кирип калып жатпайбы. Анда бул мыйзам коррупцияга аралашкандарды коргой турган мыйзам болуп калат. Адам укуктарын бузгандарды коргой турган мыйзам болууда. Бул эмне деген шумдук?", - деди укук коргоочу.

Экономикалык тобокелдиктер

Угууга катышкан Эл аралык ишкердик кеңешинин аткаруучу директору Аскар Сыдыков мыйзамдын экономикага терс таасири болорун эскертти. Анын айтымында, "Чет өлкөлүк өкүл жөнүндө" мыйзам долбоору кабыл алынса, Евробиримдик Кыргызстанды ВСП+ макамынан ажыратышы ыктымал.

Аскар Сыдыков.
Аскар Сыдыков.

“Июль айында Европа парламентинин резолюциясы чыккан. Анда ушул мыйзам долбоору тууралуу баса белгиленип, Европа комиссиясына Кыргызстанга карата ВСП+ артыкчылыгы берилген системаны кайра карап чыгуу сунушу берилген. ВСП+ системасы дүйнө жүзү боюнча тогуз мамлекетке гана берилген, анын ичинде биз барбыз. Ал биздин 6 миңден ашуун товарды бажы төлөмүсүз экспорттоого жол ачып берди. Ушул статустан кол жууп калсак, биздин экономикага абдан терс таасирин тийгизиши мүмкүн. Бул статустун бирден-бир критерийи – демократия жана адам укуктары”.

Сыдыков эл аралык уюмдар Кыргызстанга колдоо көрсөтүүдө демократиянын, адам укуктарынын жана сөз эркиндигинин абалына биринчи кезекте көңүл бурушарын белгилеп, айрым жалпыга маалымдоо каражаттары коммерциялык уюм катары катталганын, андыктан бул мыйзам аларга да таасир этерин кошумчалады:

“Сөз эркиндиги бизге абдан маанилүү, себеби мыйзамдар, демилгелер тууралуу көпчүлүк учурда жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу билебиз. Эгер бул мыйзам кабыл алынса, жалпыга малымдоо каражаттарына басым, кысым кылууга же алардын укуктарын тебелөөгө жол ачып берсе, бул дагы терс таасирин тийгизет”.

Кыргызстан Европа Биримдигинин преференциялардын жалпы тутумуна (ВСП+) 2016-жылы 27-январда кошулган. Бул тутум өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн экономикалык өсүшүнө көмөктөшүү жана экспорттук потенциалын жогорулатуу максатында бажы алымдарын жоюуну караган соода саясатынын инструменти болуп саналат.

Аталган системанын алкагында Кыргызстандын 6200 товардык позициясына бажы төлөмдөрү жоюлуп, макулдук документтерин даярдоодо да "жумшак" режим колдонулат.

ВСП+ преференциясына тиешелүү товардык позицияларга мөмө-жемиштер, кургатылган жемиштер, текстиль, мал чарба өндүрүмдөрү, тамак-аш азыктары жана химиялык каражаттар кирет.

Мыйзамдагы коркунучтар

Мыйзам долбоорун анализдеген эксперт, юрист, журналисттер
негизги тобокелдиктер катары айрым бейөкмөт уюмдарга “чет өлкөлүк өкүл” макамын берүү, күч органдарынын текшерүү укуктарын кеңейтүү, “саясатка аралашпасын” деген жобонун так аныктамасынын жоктугу жана мыйзам бузгандарды 10 жылга эркинен ажыратуу сыяктуу катаал чара колдонуу сунушталганын белгилешет.

Жыйынга катышкан депутат Камила Талиева мыйзамды тыкыр карап чыгууга чакырды.

“Бизге мандат убактылуу аманатка берилген, биз кеткенден кийин чыгарган мыйзамдарыбыз үчүн жүзүбүз жарык болушу керек. Ушул мыйзамды кабыл алды эле бүгүн мындай болуп калды дебегендей”, - деди депутат.

Талкууда президенттин жана өкмөттүн парламенттеги өкүлү Алмасбек Абытов жалпы жолунан концепциясын колдой турганын, бирок айтылган сунуш-пикирлер эске алынышы керектигин белгиледи. Жогорку соттун, Башкы прокуратуранын өкүлдөрү кылмыш жообуна тартуу жөнүндө ченемди киргизүүнүн зарылдыгы жок экенин, андай берене азыркы иштеп аткан кодексте бар экенин айтышты.

Эл аралык уюмдар эмне дейт?

Парламенттик угуунун жүрүшүндө Бириккен Улуттар Уюму баштаган бир нече эл аралык уюмдардын өкүлдөрү кыргыз бийлигине сөз болуп жаткан мыйзам кабыл алынса, кесепети оор болорун эскертишти.

Маселен, Бириккен Улуттар Уюмунун Кыргызстандагы өкүлү Антье Граве "Чет өлкөлүк өкүл" мыйзамы кабыл алынса, адам укуктарынын абалына жана өлкөнүн өнүгүшүнө коркунуч жараларын белгиледи:

“Сунуш кылынган мыйзамдагы көптөгөн жоболор Кыргызстанды адам укуктары боюнча эл аралык милдеттенмелерине, анын ичинен чогулуу, пикир айтуу жана сөз эркиндигине, жеке жашоого болгон укуктарынын тебеленишине алып келет”.

Бириккен Улуттар Уюмунун өкүлү бул мыйзам долбоорду кабыл алуу менен кыргыз парламенти президент Садыр Жапаровдун эл аралык чөйрө убадаларына каршы келип жатканын да кошумчалады.

Ал эми юрист Таттыбүбү Эргешбаева бул мыйзам долбоор Кыргызстандын эл аралык чөйрөдөгү бир нече максаттарына сокку болорун эскертти. Юрист документтин кабыл алынышы расмий Бишкекке БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө шайланууга, Евробиримдик жана АКШ менен кеңейтилген келишимдерди кол коюуга жолтоо болушу мүмкүн.

Эл аралык Human Rights Watch уюму Кыргызстанда “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзам долбоору боюнча тынчсыздануусун билдирип, ал өлкөнүн жигердүү жарандык коому менен элдин ортосундагы байланышка таасир этерин белгилеген.

Буга чейин БУУнун, Евробиримдиктин Кыргызстандагы өкүлчүлүктөрү жана бир катар эл аралык уюмдар ушундай эле маанидеги тынчыздануусун билдирген. “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзамга жана Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору буга чейин парламенттин эки комитетинде биринчи окууда кабыл алынган.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG