Кыргыз-тажик чек арасында кармалган Саидакмат Артыковдун жакындары бийликтен аны бошотууга жардам сурады. Тажик күч кызматтары Кыргызстандын жаранын 16-сентябрда кармап кеткен. Алгач “чек араны мыйзамсыз кесип өттү” деп кармалган Артыковго эми “тыңчылык” айыбы да коюлуп жатканы белгилүү болду.
Апрелдеги чек ара чатагынан бери Тажикстанда онго жакын кыргыз жараны кармалып турат.
16-сентябрь күнү Тажикстандын Жийделик айылына жакын жерден кармалган Кыргызстандын 44 жаштагы жараны Саидакмат Артыковго алгач "чек араны мыйзамсыз кесип өттү" делген кине коюлган.
Убактылуу кармоочу жайда кырк күндөн ашык жаткан учурда ден соолугу начарлап, эки жолу ооруканага жеткирилген.
Саидакмат Артыков Тажикстандын Жийделик айылында туулуп, ошол айылда чоңойгон. Кыргызстандын жарандыгын алган Артыков коомдук иштерде активдүү болуп, айылдаштарынын укугун коргоп, ар тараптуу жардам берип турганын айтышат.
Анын уулу Таалайбек Артыковдун айтымында, тажик күч кызматтары Саидакмат Артыковго "тыңчылык кылган" деген оор күнөө коюп жатат.
"Тажикстандын күч кызматтары азыр атама дагы бир берене кошууга аракет жасап жаткан экен. Башында "чек араны мыйзамсыз кесип өтүү" боюнча эле күнөөлүү деп жатышкан. Бир айдан ашык тергөө абагында суракка кылып, "тыңчылык кылган" деген беренени кошууга аракет жасап жатканы бизге жетти. Эки жолу катуу ооруптур. Тергөө абагынан жеңил- желпи сыркоологон кишини карашпайт деле. Качан өтүшүп кеткенде ооруканага алып барат да. Атам эки жолу ооруканага түштү. "Тыңчылык" беренесин илүү менен атамды Кыргызстанда өмүр бою камалган тажик жарандарына алмашууну же алардын жазасын жеңилдетүүнү көздөп жатышса керек".
Бирок бул боюнча Тажикстан тарап расмий маалымат бере элек.
21-октябрда Сүлүктү шарында окуган 3-курстун студенти, Максат айылынын тургуну Айдар Хайдаровду Сада айылында чоң атасыныкында малга тоют камдап жүргөн жеринен Тажикстандын күч кызматтары кармап кеткен. Кандай шартта, кимдер кармап кеткенин эч ким көргөн эмес.
Кийин ата-энесине кабар берилип, Тажикстандын Худжант шаарында кармалып турганы маалым болгон. Жигиттин атасы Умарбай Хайдаров бийликтен жардам күтүп отурганын айтты.
"Сада деген айылда атамдын үйүндө малга чөп камдап жүргөн. Ошол жерден кантип алып кеткенин билбейбиз. Эки күн болду атам барып жолугуп келди. Худжантта кармалып турат экен. Азыр башка жакка жылдырды деп жатышат. Азыр эмне кыларымды билбейм. Аскер кызматкерлери келип паспортунун көчүрмөсүн алып кетишти. Бийлик сүйлөшүп жатат. Чыгып калаар".
27-октябрда президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев менен Тажикстандын Согд облусунун аткаруу бийлигинин төрагасы Раджаббой Ахмадзоданын чек ара аймагында кезектеги жолугушуусу өткөн. Анда чек ара аймагында кармалгандардын маселеси да көтөрүлгөнү айтылды. Бирок маселе кайсы нукта чечилери айтылган жок.
Президенттин Баткендеги өкүлүнүн орун басары Маруфхан Тулаев “Азаттык” радиосуна кармалгандарды бошотуу аракети болуп жатканын, натыйжа чыга электигин билдирген.
"Артыков боюнча эки тараптуу жергиликтүү деңгээлде сүйлөшүү болуп жатат. Бизге берген маалымат боюнча аны кошуналар "чек араны мыйзамсыз кесип өткөн" деп кармашкан. Кармалгандардын жакындары бизге кайрылган. Аракет кылып жатабыз. Облус башчыларынын маалыматы бар".
Жыл башынан бери Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында чыңалуу жеңилдебей, куралдуу жаңжалдан кийин биротоло эки тарап бири-биринин жарандарын кармап, жоопкерчиликке тартканы көбөйө баштагандай.
Мындан улам жарандар да чек ара аймактарында этият жүрүп калганы менен ай сайын бир-эки киши кармалып турат. Сентябрь айында тажик күч кызматтары тарабынан Кыргызстандын төрт жараны кармалып, бошотулган.
Кармоолор, жоопкерчиликке тартуу өңдүү эки тараптын күч кызматтарынын бири-бирине өчөшүп аракеттениши жөнөкөй тургундардын мамилесине, жашоосуна залакасын тийгизет дешет жергиликтүүлөр.
"Андан көрө мамилелерди калыптандырып, ымаланы бекемдегенге кадам ташташ керек",- дейт чек арадагы Үч-Дөбө айылынын тургуну Абдилахат Акматов.
Акматовдун уулу да сентябрь айында Тажикстандын күч кызматтары тарабынан "чек араны бузуп өттү" деп кармалып бир канча күндөн кийин бошотулган.
"Чек ара так эмес да. Кимдин аймагы экенин кантип айтабыз? Эми минтип тескери карай бербей мамиле кылыш керек да. Чек араны тактап, элди талашка салбай чечип берсе, жашай бермекпиз. Башка айлабыз жок".
21-сентябрда чек ара жаңжалына байланыштуу кармалган Лейлектин үч тургунуна сот өкүмү чыккан. Куралдуу кагылышта кыргызстандыктардын үй-жайын талап-тоноого шек саналгандардын иши Баткен облусунун Лейлек райондук сотунда каралган. Анда Борбордук айылынын тургуну Акмолжон Исоев 15 жылга, Борбордук айылынын тургундары Амонжон Бабожонов, Аюбжон Урунов да сегиз жыл, алты айга камалган.
15-сентябрда Лейлек райондук сотунун чечими менен Лейлек районунун Борбордук айылында жашаган Тажикстандын эки жараны Абдурозик Каххоров менен Аскар Юнусов “Тынчтыкка каршы кылмыштар” жана мародёрлук боюнча айыптуу деп табылып, экөө тең өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган.
Камалгандардын жакындары сот чечими менен макул эместигин айтып, облустук сотко кайрылып, президенттен да ырайым сурашкан. Өмүр бою кесилген Абдурозик Каххоровдун атасы Абдухолил Каххоров жаза өтө катаал каралды дейт.
"Аскерлер (тажик аскерлери -ред.) уулумду "үйүңдү бошот" деп Тажикстанга жөнөтүп жиберишкен экен. Анан ошол жактан башка аскерлер менен курал кармап, сүрөткө түшкөн экен. Бир айдан кийин милиция келип келинибиздин документтерин текшерип, каттоосун карайбыз деп милицияга алып барышты. Ошол жерден келиним уулума телефон чалып чакырган экен. Келгенде телефондогу ошол сүрөттүн негизинде кармап кетишти. Болгону ошол. Уулум киши өлтүргөн жок. Куралдан ок аткан жок. Жаштык кылып түшкөн сүрөтү үчүн мынча оор жаза берүү болбойт да. Биз эми адилет жаза берип, жардам сурайбыз. Талап-тоногону же башка кылмыш кылганы боюнча далил жок".
Өмүр бою эркинен ажыратылган Тажикстандын эки жаранынын соту 4-ноябрда Баткен облустук сотунда каралмай болгон.
Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда чек аранын тактала электигине байланыштуу тынымсыз жаңжалдар болуп турат. Акыркы жолу ушул жылдын 28-апрелинен 1-майына чейин уланган куралдуу жаңжалда Кыргызстан тараптан 36 киши курман болгон, анын экөө жаш бала. 180ден ашуун киши жараат алган. Тажикстан тараптан 19 киши өлүп, 87 киши жарадар болгону расмий кабарланган.
Куралдуу жаңжалдан кийин кыргыз өкмөтүнүн атайын токтому менен Кыргызстан Тажикстан менен чек арасын бир тараптуу жапкан.
Расмий Бишкек эки тараптуу жалпы каттамдарды толук калыбына келтирүү иши чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо иштери аяктагандан кийин карала турганы айтылган. Октябрь айында гана кыргыз өкмөтү тажикстандык студенттерге чек арадан өтүп келип, окуусун улантууга уруксат берди.
Учурда Тажикстанда чек араны "мыйзамсыз кесип өткөн" деген негизде Кыргызстандын ондой жараны кармалып турат. Алардын арасында Жерге-Тал жана Мургабдагы туугандарынан кабар алуу үчүн барган Кыргызстандын төрт жараны 2,5-5 жылга чейин эркинен ажыратылган.
Тажикстандын Жийделик айылында жашаган төрт Кыргызстандын жараны да кармалганы айтылган.