Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:40

Өзбекстанда он адам газга ууланып жан берди


Насос коюлган кудук.
Насос коюлган кудук.

Өзбекстанда 10 жумушчу газга ууланып каза тапты. Окуя өткөн ишемби күнү Жизак облусунун Галлаарал районунда болгон. Алты метрлик тереңдикте газ түтүктөрүн оңдоп жатып азот газына уулангандардын дагы үчөө реанимацияда жатат.

Он адамдын өмүрүн алган окуяга байланыштуу Галлаарал районунун прокуратурасы кылмыш иш козгоду. Газга ууланып каза тапкандардын кичүүсү 33тө, эң улуусу 53 жашта болгон.

Азыр реанимацияда жаткан үч адамдын өмүрүнө коркунуч жок экени кабарланды.

“Узтрансгаз” акционердик коомунун магистралдык газ куурлар боюнча райондук башкармалыгынын маалыматына караганда, окуя 20-августтун таңында канализациялык насостук станциянын аймагында болгон.

Газчылар айылынын тургундарын суу менен камсыз кылуучу бул станция “Узтрансгаз” ишканасына карайт.

Жергиликтүүлөрдүн айтуусунда, кырсыкка кабылган жумушчулар ал күнү моторлорду оңдоп-түзөп жаткан. Алар тереңдиги алты метрлик канализациялык кудукка биринин артынан бири түшүп, оңдоо иштерин жүргүзүп жүрүшкөн. Дал ошол учурда суунун үстүнө топтолгон газга ууланган болушу ыктымал.

Он адамдын үчөө инженер, калгандары сантехник жана куруучу болгон. Учурда моторлор жайгашкан кудук жабык турат. Ташкенттен келген атайын адистер кырсыктын себептерин иликтеп жатат.

- Жумуш убактылуу токтотулду. Эксперттер иштеп жатат. Бирок адамдардын өлүмүнө себеп болгон жагдай тууралуу азырынча бизге эч нерсе айтыша элек, - деди “Азаттыкка” ишкана кызматкерлеринин бири.

Райондун магистралдык газ куурлар башкармалыгынын божомолуна караганда, суунун моторлор турган тереңдигинде азот уу газы топтолуп калышы ыктымал.

Каза болгондордун сөөгү ошол күнү жерге берилди.

Жергиликтүүлөр “Азаттык” радиосунун өзбек кызматына маркумдардын жаназасын уюштурууга кеткен чыгымды райондук акимчилик толугу менен өзүнө алганын айтып беришти:

- Акимчиликтин кызматкерлери өлгөндөрдүн үйүнө барып, кант-чайын алып беришти. Райондун жетекчилиги да аза күтүп жаткан ар бир үйгө кирип чыкты. Баары нес абалда,- деп “Азаттык” радиосунун өзбек кызматы жергиликтүү тургундардын бирине шилтеме берип жазды.

Адистердин айтымында, Өзбекстандын газ чарбасында техногендик мүнөздөгү мындай кырсыктар адатта көп катталбайт. Бирок кырсык болгон учурлардын дээрлик бардыгына коопсуздук эрежелеринин сакталбашы себеп болот.

Былтыр декабрь айында «Водийгазтаминот» ишканасынын төрт кызматкери жер астындагы газ түтүгүн оңдоп жатып каза болгон. Өлкөнүн Улуттук коопсуздук кызматынын Фергана облусу боюнча башкармалыгы кылмыш иш козгоп, алардын өлүмүнө коопсуздук техникасынын одоно бузулганы негизги себеп болгон деген бүтүм чыгарган.

​Бул сыяктуу проблема алгачкы жолу быйыл Кыргызстанда да катталган болчу. Нарында 9-июнда “Нарын сууканал” мекемесинин беш жумушчусу беш метр тереңдиктеги акыр-чикир өтчү түтүктү оңдоого түшүп, алардын үчөө кир суудан чыккан газга ууланып, мерт болгон.

XS
SM
MD
LG