Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Декабрь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:46

Туманбаев Бишкектеги автобекеттин курулушу 2026-жылы жазында бүтөрүн билдирди


Бишкек шаарындагы жаңы автобекет.
Бишкек шаарындагы жаңы автобекет.

Президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев "Азаттыктын" суроосуна жооп берип, Бишкектеги автобекеттин курулушун 2026-жылдын экинчи кварталында бүткөрүү пландалып жатканын 12-декабрда билдирди.

Анын белгилешинче, аймактагы дренаж системасын куруу иштери кошумча убакытты жана олуттуу күч-аракетти талап кылды. Туманбаев учурда курулуш-монтаждоонун негизги бөлүгү аткарылып, чатырды жабуу 80 пайызга аткарылганын кошумчалады.

Ал эми жылытуу, желдетүү, суу менен камсыздоо, канализация жана электр жабдууларын орнотуу 50 пайызга жакын аткарылды.

"Аймакта жер алдындагы суулардын чыгып кетиши аныкталгандыгына байланыштуу дренаж системасын куруу иштери кошумча убакытты жана олуттуу күч-аракетти талап кылды. Бул багытта аймак толук даярдалып, дээрлик жаңы топурак катмары алынып келинип, жер кыртышы кайрадан калыптандырылды. Натыйжада заманбап, ишенимдүү жана узак мөөнөткө эсептелген дренаж системасы курулду", - деп айтылат маалыматта.

Автобекеттин аймагына кирүү жолдорун куруу 20 пайызга аткарылды, жарыктандыруу, жашылдандыруу жана чакан архитектуралык формаларды орнотуу жакынкы мезгилде башталат.

Туманбаев жасалган иштин сапаты көзөмөлгө алынып жатканын белгиледи.

Бишкектеги автобекеттин курулуш иштери быйыл 14-январда расмий түрдө башталган. Мэр Айбек Жунушалиев Батыш автобекети болжол менен ушул жылдын күз айларында ишке берилерин айткан.

Былтыр 23-октябрдан тартып Бишкек шаарындагы Батыш автобекети ишин токтоткон. Муниципалдык бийлик аны шаардын түндүк-чыгыш четиндеги Алма-Ата көчөсү 1/1 дарегине жылдырганын жарыялаган.

Шаар тургундарынын жаңы автобекетке жетүүдөгү кыйынчылыктарга байланыштуу нааразылыгынан соң өкмөт шаардын күн батыш четиндеги "Аккула" ат майданы жайгаша турган аймакка жаңы, заманбап автобекет куруларын билдирген. (КЕ)

Шерине

 

XS
SM
MD
LG