Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Декабрь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:12

Абдыганы Эркебаев: Репрессиянын капшабы адабиятка да катуу тийди


Абдыганы Эркебаев
Абдыганы Эркебаев

XX кылымдын соңу постсоветтик өлкөлөрдүн тарыхындагы өзгөчө доор болуп калды.

“Куугунтук курмандыктары” подкастында 1970-90-жылдар, эркиндик эңсеген, тил, тарых, улут маселесине күйүп-бышкан, эгемендикке талпынган муундун күрөшү тууралуу академик, белгилүү коомдук жана мамлекеттик ишмер Абдыганы Эркебаев менен талкуулайбыз.

"Менин тагдырымдагы эки өзгөчө учур"

-Cаламатсызбы, агай. Сиз менен 1970-90-жылдар, анын ичинде “кайра куруу” мезгили, өзгөрүүлөрдү эңсеп, эркиндикти талап кылган муун тууралуу сүйлөшсөк деп турабыз. Ошол мезгилде бөтөн тилдин, башка маданияттын таасири деген эмне экенин сиздердин муун жонтериси менен сезип, ошону тынбай жазып, көтөрүп жүргөн экенсиздер. Кантип аралашып калдыңыз? Ушундан баштайлы.

- Ыракмат, Айбек! Менин тагдырымда эки өзгөчөлүк болду. Мектепте окуп жүргөндө дагы, жогорку окуу жайында дагы: “Кыргыз эли мурда сабатсыз болгонбуз, тарыхыбыз дагы бай эмес. СССРдин убагында гана Орусияга кошулуп эл болдук, улут болдук. Маданиятка, илимге жетиштик” деген көз караш бизге ырааттуу айтылчу. Тарыхый көз караштан алганда жалпысынан совет доору бизге көп жакшылыктарды алып келгенин дайыма айтып жүрөм. Ошол эле маалда, албетте, анын терс жактары дагы болду. Дегеле тарыхка бир жактуу карабашыбыз керек. Оң жагы, терс жагы, ортосу бар дегендей.

Кыргыз улуттук университетинин филология факультетинде кыргыз тили жана адабияты мугалими адистиги боюнча окудум. Биздин Октябрь революциясына чейинки акындарды, айталы, Молдо Кылычты “реакциячыл, динчил” деп айыпташчу. Совет доорунда гана жазмасы, адабияты пайда болду деп, 1924-жылы 7-ноябрда “Эркин Тоо” гезитине чыккан Аалы Токомбаевдин “Октябрдын келген кези” деген ырынан баштап санашчу. Көрсө, башка бир топ кишилер болгон экен. Аларды айтышчу эмес. Бирок мен өзүм ар кимден угуп, ичимден түпөйүл болуп, “Эмнеге биз Тыныстановдор тууралуу айта албайбыз?” деп суроо берген дагы күндөрүм болгон. Чет тил адабиятын, Чыгыш адабиятын бизге такыр окутчу эмес.

- Бул 1960-70-жылдарбы?

- 1970-жылдарда. Жогоруда тагдырымда бурулуш болду дегеним, мектепте дагы, жогорку окуу жайында сабакты жакшы окуган активист элем. Гезиттерге макала жазчумун. 2-курстан тарта дүйнөлүк адабиятка, тарыхка кызыгып кеттим. 3-курста “Очерк - майда жанр эмес” деген макалам (Ала-Тоо, № 11, 1972-ж.), артынан эле “Кыргыз романдарынын контрасттары” деген сын макалам жарыяланды. Таанымал адабиятчылар, сынчылар, өзүмдүн агайларым менен талашып-тартышып, адабий чөйрөдө белгилүү болуп кеттим. Эмнегедир адабият менен илимге кетейин, ушуну карманайын деп ойлодум. Коомдук ишимди тапшырып (факультетте Комсомол комитетинин жетекчиси элем), Москвага окууга кетмей болдум.

Кантсе дагы айтылбай тыюу салынып келген ысымдарды, ошолордун чыгармаларын кайра карап көрсөм деген ниет, каалоо күч болду. Ошентип 1976-1981-жылдары Москвадагы М.Горький атындагы Адабий институтта окудум. Бул окуу жай академияга карачу. Архивдерде аябай көп отурдум. Москванын жанында Химки деген жерде архив бар эле. “Эркин Тоонун” араб арибинде чыккан бардык сандарын карап, библиография түздүм. Гезит-журналдарды, анан тыюу салынган акындардын китептерин дагы ушул жактан архивден таптым. Маселен, Молдо Кылычтын, Касым Тыныстановдун китебин таап окудум.

- Демек, ошол жактагы архивде жаткан экен да бул эмгектер.

- Ооба, сакталып туруптур. Бизде дагы анча-мынчасы бар эле. Бирок ал учурда биздегилер архивге жакын жолотчу эмес. Кантсе дагы Москва дүйнөлүк маданий очоктордун бири да, бул жактан уруксат беришкен. Ошентип беш жылым кыргыздын тарыхы менен тилин терең билгенге кетип, ошо менен алек болдум. Болбосо, ага чейин эле 5-6 басма табак сын-макалаларым жазылып, ошонун арты менен эле илимдин кандидаты болсом болмок. Мен тереңдеп билейин, билим алайын, жаңыча көз карашта карайын деп, тарыхый архив материалдар менен көп иштедим. Атактуу окумуштуулар, акын-жазуучулар, адабиятчылар менен баарлаштым.

Олжас Сулейменовдун “Аз и Я” деген китебин славян туугандар жакшы кабыл албай, аябай сындаган. Ошол талкууга дагы күбө болгом. Кыргызстанга кайтып келгенден кийин Маяковский атындагы Кыргыз кыз-келиндер педагогикалык институтунда (азыркы Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети) иштеп баштадым. Академияда өтө курч жазган макалаларымдан улам филолог жетекчилер менен мамилем жакшы болбой, ушул жерде иштеп калдым. Сын айтканды ким жакшы көрмөк эле.

"Эркиндикке умтулган ишибиздин башаты, чыйыры..."

- Комсомол уюмун жетектеп, интернатта ошол идеологияга сугарылып окусаңыз анан кантип ички дүйнөңүздө карама-каршылыктар пайда болду? “Кыргыздын байыркы тарыхы болсо керек? Жазмасы болсо керек?” деген суроолор эмнеден улам пайда болду?

- Алгач университетте окуп жүргөндө дүйнөлүк адабиятка, дүйнөлүк тарыхка катуу кызыкканымы айтпадымбы. Ошондо көп китептерди окудум. Кытай таануучу, советтик окумуштуу Н.Конрад (1891–1970-ж.) деген академиктин Кытайдын адабияты, тили тууралуу эмгектери, аскер өнөр тууралуу Сунь Цзынын эмгегин которуп чечмелеп бергени, В.Жирмунский (1891–1971-ж.) деген филолог окумуштуунун Батыш менен Чыгыштын адабиятын салыштырган эмгектери мага абдан чоң таасир калтырган. Көрсө, адам кенен, анан терең билимдүү болушу керек турбайбы. Көптү билиши зарыл экен. Өзүңдүн чөйрөң менен эле чектелбеш керек экен деп, көп окудум. Дүйнөлүк тарыхты, философияны, тил илимин.

- Демек, сиз көп окуган сайын иденттүүлүк ойгонду десек болобу?

- Туура айтасың. "Биз кимбиз, кандай эл элек?" деп түйшөлөсүң. Маданиятыбыз, адабиятыбыз деп жүрүп чоң иштерге аралашып калдым. Жогоруда кантип демократиялык жараяндарга аралашып калдыңыз деп сурап жатпайсыңбы. Ушундай болду. Мени Борбордук Комитетке жумушка чакырышканда партияга мүчө эмес элем (илимге кеткенден кийин коомдук иштерге аралашпай койгом). “Убактылуу иштеп тур, кайра өткөрүп алабыз” деди ыраматылык Турдакун Усубалиев.

1985-жылы август айында “Кыргызстан маданияты” гезитине редакторлукка сунушташты. Турдакун Усубалиев тууралуу мен жакшы пикирдемин. Ал киши дагы, балким, аргасыздандыр, айрым эмгектерге башкача көз карашта караган учурлары болгон. Студент кезде өзүм да күбө болгон жайым бар. 1973-жылы Студенттердин республикалык слету болуп, ошондо ал Василий Бартольд, Саул Абрамзондун эмгектерин, “Кыргыз улуу державасы” дегенин сынга алган. Юридика илимдери жаатында кыргыздан туңгуч илимдин доктору болгон профессор Кубанычбек Нурбековдун (1928–1985-ж.) “Кыргызстан өз алдынча боло алат. СССРден чыгып кетүүгө конституциялык жактан акылуу” дегенине, этнограф Сабыр Аттокуровго сын-пикирин айткан. Кийин Усубалиевдин “Интернациональное воспитание трудящихся” деген китеби да чыкты. Бул эми заманга жараша болуп калды окшойт.

Мен ошол кездеги көз караштарды өзгөртөйүн, жаңыча карайын деген жакшы ниетте жазып жүргөм. Т.Усубалиев “жашыраак экен, дагы тажрыйба алсын, а дегенде “Кыргызстан маданиятына” редактор орун басары болсун, дагы көрө жатарбыз” дейт. Ошентип Сагын Наматбаев (1933–2001-ж.) редактор болду. Мурда Борбордук комсомол комитетинин катчысы болгон, талантуу киши эле. Котормо жаатында жакшы иштеп, В.Шукшинди, анан “Слово о полку Игореве” (“Игордун кошууну жөнүндө сөз”) дегенди кыргызча которгон. Байбичеси акын Майрамкан Абылкасымова эже менен дагы мамилебиз жакшы болчу. Сен айткан суроолорду ошондо биз “Кыргызстан маданиятында” көтөрө баштадык. Биздин тилибиздин абалы кандай? Жазма адабиятыбыз мурда кандай эле? Акын Молдо Ныяз тууралуу, Касым Тыныстановдун эмгеги тууралуу айтып чыгам деп эң мыкты окумуштуу, академик Болот Юнусалиев ректорлук кызматтан алынган. Ал 1950-жылдары Улуттук университетте ректор болгон. Биздин учурда ушундай шарт түзүлүп калды, 1985-жылы Михаил Горбачев бийликке келип, СССРде “кайра куруу”, “демократиялаштыруу” деген жараяндар башталып кетти. Ошонун шарапаты менен тил маселесин, тарыхый мурастар тууралуу макалаларды жарыялай баштадык. Окумуштууларды дагы ошого тарттык.

Ошол кезде Медеткан Шеримкулов БКнын катчысы болуп калды. Биз Жазуучулар бирлиги менен чогуу Москвадан дагы адистер келип, менин жетекчим, мыкты адабиятчы Зоя Кедрина деген болгон, ошол киши келди. Мар Байжиев, Казат Акматов, Камбаралы Бобулов сыяктуу алдыңкы көз караштагы жазуучулар кошулуп, 1988-жылы БКнын мурдагы чечимдерин жокко чыгарттык. Ошо менен Молдо Кылыч менен Касым Тыныстановду актап, чыгармаларын изилдеп, элге жеткирүүгө шарт түзүлдү. Ошого түздөн-түз аралашып, ичинде жүргөндөрдүн биримин.

-Сиздердин биринчи жеңиш ушул болуптур да?

-Ооба, ушул окуя болду. Анан экинчи жеңишибиз - мамлекеттик тил мыйзамы. Анын алдында демократиянын шарапаты менен Улуттук илимдер академиясында биринчи жолу институттардын директорлорун шайлоо болуп калды. Мен анда илимдин кандидаты элем, башкалар мени үндөп “шайлоого катыш” дешти. Шайлоодо жалаң академик, профессорлор катышты. Элге, академиктерге ыракмат, ошолордун арасында илимдин кандидаты гана болгон мени (Тил жана адабият институтунун директорлугуна) шайлашты. Бюллетень аркылуу жашыруун добуш берүүдө беш адамдын ичинен жеңип чыктым.

1989-жылы Кыргызстан Компартиясынын борбордук комитетинин идеология боюнча катчысы Медеткан Шеримкуловго чакырып калышты. Жумагул Сааданбеков идеология бөлүмүнүн башчысы эле. Мен академиядан тилчи, академик Бүбүйна Орузбаева эже менен чогуу бардым. Сыртбай Мусаев, Сулайман Кайыповдорду кошуп, мамлекеттик тил жөнүндө маселени ошол жерде талкууладык. Тарых үчүн айтып коюшум керек, жолдошторумдун баарынын эсинде, адегенде Шеримкулов дагы, Сааданбеков дагы “эки тил болсун, кыргыз жана орус тили” дешкен. Бирок биз баарыбыз, Бүбүйна эжебиз баштап, Сыртбай, Сулайман баарыбыз каршы чыгып, “кыргыз тили мамлекеттик болушу керек” дедик. Андан кийин комиссия түзүлүп, бизди кошту. Чолпон Баекова, башка адистерди, К.Бобулов, К.Акматов, М.Байжиевдер кошулду. “Тил жана адабият институтунун директорусуң” деп мага мыйзамдын долбоорун даярдоо тапшырмасын беришти. Мен ошол жумушту жетектеп, натыйжада кийин 1989-жылы 23-сентябрда мыйзам катары кабыл алынган. Биз дагы жыйынга катышып, байкап олтурдук.

- Мамлекеттик тил мыйзамынын кабыл алынышына түздөн-түз эле аралашкан турбайсызбы?

-Ооба, баштан аяк аралашып, ошол долбоорду даярдаган жумушчу топтун жетекчиси болгомун. Албетте, өзүм үчүн дагы абдан канааттана турган иш. Тарых үчүн дагы ошондой. Бул жерде көпчүлүк аралашкан жумуш болду.

- Мыйзам долбоорун даярдап жатканда “өтпөй калса эмне болот” деген кооптонуу болдубу?

-Айбек, бул маселе катуу талкууланган. Коомдук талкуу болуп, окуу жайларда, завод-фабрикаларда орус тилдүүлөр, жетекчилер аябай каршы чыгышкан. Талкуу апрелде башталса, сентябрга чейин уланды окшойт. Жогорку Кеңештин сессиясында талкуу курч болуп, республиканын башкы прокурору Иванцов ачыктан ачык каршы чыккан. Бир убакта Апсамат Масалиев танапис жарыялады. 30-40 минутадан кийин кайра кирди. “Москва менен сүйлөштүк, макул болуп, колдоп жатышат” деди. Себеби, башка республикалардын баарында эле мамлекеттик тил мыйзамдары кабыл алынган эле. Ошентип, акырында бир добуштан мыйзам кабыл алынды. Дүркүрөгөн кол чабуулар, өзүнчө чоң майрам болду.

- Улуттук аң-сезимди ойготкон окуя десек болот го...

- Ооба. Биздин эркиндикке, көз карандысыздыкка умтулган ишибиздин башаты, чыйыры десек да болот.

- Ошол кезге чейинки кыргыз тилинин тагдыры кандай эле?

- Жалпысынан, албетте, кыргыз тилине эч кандай тыюу салуу болгон эмес. Бирок кыргыз тили расмий чөйрөдө, атүгүл көчөдө деле, коомдук жайларда басмырланып, негизги тил орус тили болуп келген. Чындык ушундай, тарых ушундай. Ал тургай Орус тили жана адабияты педагогикалык институту ачылган. Эмне үчүн кыргыз тилин кошуп эле “тилдер институту” деп атап койсо болбойт? СССРдеги саясат көбүнчө орус тилине артыкчылык берген. Ошол эле маалда Грузия 1977-жылы эле грузин тилин мамлекеттик тил деп, Баш мыйзамына киргизип алган. Грузиндер эми байыркы эл, өзүн сыйлаган эл да.

- Кыргызстанга коңшу өлкөлөрдөгү жагдай кандай эле?

- Жалпысынан жараян окшош эле болчу. Бирок Өзбекстанда калктын 80 пайыздан көбүн өзбектер түзгөн. Тажикстанда деле ушундай эле. Ал эми биз менен Казакстанда акыбал башкача болчу, орус туугандар көп эле. Биз окуган жылдары эле Бишкекте кыргыздар 15-17% түзүп, өнөр жайда негизинен орус калкы иштечү. Ушуга улай айтарым, биз тил, тарых жана маданий мурас менен кошо акырындап экономикалык маселелерди көтөрө баштадык. Эмне үчүн өнөр жайда кыргыздар аз санда? Эмнеге биздеги эт, жүн башка өлкөгө кетип жатат? Өзүбүз иштетсек болбойбу? деген макалалар жазыла баштады. Кыскасы, экономикалык суверенитетке дагы умтулган аракеттер башталды. Турар Койчиев, Бекболот Талгарбековдор макалаларды жазышкан.

Куугунтук, чыгармаларга салынган тыюу

- Ошол мезгилде СССР күчүндө турат, КГБсы иштеп жатат. Коркутуп-үркүткөн, жүрөктүн үшүн алган учурлар болчу беле?

- Эми биз ага түздөн-түз күбөбүз. 1930-жылдары бир муун атылып кетти. Согуштан кийин дагы Тазабек Саманчин, Зыяш Бектенов, Ташым Байжиевдер камакка алынды. Мар Байжиевдин атасы ошол абактан кайтпай калды. 1950-жылдары окумуштуулардын бир тобу ыдык көргөнүн жогоруда дагы айтып өттүм. 1960-70-жылдары камап, жок кылуу сээлдеп, бирок идеологиялык басым-кысым уланды. Өкүнгөнүм, мындай басым-кысым адабиятка дагы таасирин тийгизген.

Айталы, Түгөлбай Сыдыкбековдун “Көк асаба” романы чыгарылбай, тыюу салынган. Ал киши өзү кыргыз тилине аябай күйгөн, улутман адам эле. Студент кезде үйүнө көп барып, кеп-кеңештерин угуп жүрдүм. Кыргыз деп жүрөгү соккон адам эле. Аны дагы бир топ басмырлашты. Төлөгөн Касымбековдун “Сынган кылыч” романы биздеги борбордук басма сөздө катуу сынга алынган. Мына ошол кезде Касымбековдун “Сынга кылычын” колдоп, Түкөмдүн романдары жөнүндө Москвадагы журналдарга макала жазгам.

- Жеке өзүңүзгө да даректүү келип, мизиңизди майтарууга аракет кылышканбы?

- Мени жактырбаган өзүмдүн эле жашы улуу кесиптештерим Борбордук комитетке арыз жазышкан. “Партия чечимдерин ревизия кылып жатат. Улутчул акын-жазуучулардын темасын көтөрдү” деп үстүмдөн арызданышкан.

-Жогоруда Коммунисттик партия жетекчилери тыюу салган акын-жазуучуларды актоо, анан мамлекеттик тил мыйзамын кабыл алуу чоң жеңиш болгонун айтып өттүк.

-Албетте, чоң жеңиш. Эгемендиктин башаты болду.

- Мен дагы бир учурду кошкум келет да. 1991-жылы сталиндик репрессиянын курмандыгы болгон 137 кишинин сөөгүн Чоң-Таштан казып алып, анан аянтка алып келип зыйнат менен кайра жерге берүү. Бул кыргыз тарыхындагы маанилүү окуя. Ал эми "Ата-Бейит" - КМШ өлкөлөрүнүн ичинен даректүү жана далилдер менен табылган репрессия курмандыктарынын бирден бир көрүстөнү болуп калды.

- Ошол окуялардын түздөн-түз күбөсүбүз. 1990-жылдан тарта бизде кырдаал өзгөрдү. Жогорку Кеңешке жаңы көз караштагы, демократияга умтулган топ келди. 1991-жылы депутат эле эмес, министр дагы болуп калдым. Эгемен Кыргызстандын биринчи премьер-министри Насирдин Исановдун (1943-1991-ж.) өкмөтүндө басма сөз жана маалымат министри болуп дайындалгам.

Сен айткан репрессия курмандыктарын жерге берүү зыйнаты толкунданткан, чоң окуя болгон. Чоң-Таштын сырын билген Бүбүйра Кыдыралиеванын сөзүн жерге таштабай, артынан түшкөн Болот Абдрахманов деген жигитке ыракмат. Мына, азыр 10 томдук китебин чыгарып жүрбөйбү. Кантсе дагы СССРдин бошоңдоп, кыйрап баратканы айкын болуп калган эле. Ошондой шартта Кыргызстанда дагы ойгонуу болуп, кыймылдар жанданган.

КДК (Кыргызстан демократиялык кыймылы) пайда болду, ага дагы катышып калганым бар. Казак Акматов китебинде “биринчилерден болуп келип, олтура беребизби, кыймылдабайлыбы деди” деп жазып жатпайбы. Исаев деген мыкты философ окумуштуу бар эле ыраматылык. Москвада, Монголияда иштеп келген көрүнүктүү окумуштуу эле. Ал киши мага келип, экөөбүз чогуу Казат Акматовго барганыбыз эсимде. Жыпар Жекшеев, Жумагазы Чоң Аюлар “Ашар” кыймылын уюштуруп, алар чыккан биринчи митингди көрүп аябай толкундангамын.

Февраль айы эле, аянтта митинг болуп жатыптыр. Өтүп баратып көрүп калып, “Кыргыз эли да ойгонуп, күрөшө баштады. Мен олтуруп алып жазып жүрсөм, булар болсо күрөшкө аттанды” деп кубангамын. Ленин райондук администрациясында өткөн жыйында мен Жыпарларды (Жекшеев) колдоп сүйлөдүм. Сыртбай Жолдошевич буга күбө, экөөбүз барып колдоп сүйлөгөн элек.

Жыпар кыргыздын мыкты жигиттеринин бири эле. Ошол кездеги Топчубек Тургуналиевдер, Камила Кененбаевалардын аракеттери. Эч бир иш жөндөн жөн болуп калбайт. Ар кайсыл жагдайлардан, ар кимдердин аракеттери менен келет да. 1991-жылдагы Алайдын Ак-Босогосундагы Курманжан датка энебиздин 180 жылдыгы дагы өзгөчө өткөн. Кыргыздардын туш тарабынан эл агылып барып, өздөрү боз үй тигип, элдин ойгонгонун көрдүк. Көп эле тойлорду көрүп жүрөбүз андан бери. Бирок ошондой чабытта, ошондой деңгээлге көтөрүлө элек. Ошондо элдик толкундун бир көтөрүлүүсү болгон экен.

Адамзат тарыхтын сабагын алабы?

- Ооба, башында баары туурадай сезилет. Тарыхый мурастарга мамиле, тилге мамиле, улутту ойготуп алалы дегендин баары туура. Бирок андан кийинки экономикалык каатчылык ошол серпилген толкундун баарын жерге түшүрүп салбадыбы?

- Айтканың туура, тарых ошондой болду, аны эч убакта танбаш керек. Бирок жөн эле ушундай болуп калды дебестен анын себептерин, тетиктерин көрө билиш керек го. Бир эле бизде эмес, жалпы эле КМШ чөлкөмүндө, дүйнөдө кандай болду? Бул дүйнөлүк жараян. Бир саясий-экономикалык түзүлүштөн экинчисине өтүштүн ортосу абдан оор болот. Буга Европадан, Америкадан толгон мисалдарды келтирсек болот.

Эч убакта шыр кете бербейт. Айрыкча биз сыяктуу өлкөлөргө оңой болбойт. Биз убагында көчмөнчүлүк менен жүрдүк, анан массалык түрдө отурукташууга өттүк. СССР маалында илим-билимге, өнөр жайга жетиштик. Ошол эле маалда эркиндик болгон жок. Сталиндик репрессияда мыкты эр-азаматтар жок кылынды.

СССРде пландоо экономикасы жана борборлоштурулган башкаруу эле. Баарын Москва пландайт, Москва чечет жана бөлүштүрөт. СССР ыдырагандан кийин борбор деген жок болду. Айтып жатышпайбы, өнөр жайды талкалап алдык деп. Бир эле бизде эмес, КМШ алкагында көп өлкөлөрдө ушундай акыбал болду. Өнөр жайын сакташка аракет кылгандары дагы болду. 1992-жылы январдан тарта Орусия чукул экономикалык реформасын баштап, бааны либералдаштырды. Бизде дагы кескин кымбатчылык болуп, акыбал оорлошту. Абдан кыйынчылыктар башталды.

Мурда ар кайсыл союздук өлкөлөрдөн келген компоненттер келбей, өндүрүш токтой баштады. Чоң заводдор, фабрикалар токтоп калды. Кыргызстандын айыл чарбасы СССР учурунда дотацияда болчу.

- Өзүн актаган эмес экен да.

-Өзүн актаган эмес. Азыр өнүккөн өлкөлөрдө деле ошондой да, мамлекет айыл чарбасына колдоо көрсөтөт. Бизде ошондой колдоо болбой калды, анан мал-жандыкты, бара-бара жерди жеке менчикке берип, “эл өзүн өзү баксын” деген саясат болду. Эми башка кеп, мейли, айыл чарбасыбы, өнөр жай болобу, муну акырындап, көзөмөлдөп жасасак болмок. Кээде таанышка, тууганга карап, кызмат абалынан пайдаланып, арзан алгандар же бекер алгандар болуп, кызматта турган жетекчилер аралашып, менчиктештирүү саясаты адилеттүү болбой калды. Мыйзамда жазылганындай болбоду. Мен муну айтып, жазып да жүрөм. Акырындап олтуруп андан дагы чыктык эми, азыр Кудайга шүгүр.

- Ушул өткөндүн баарын эмнеге сиз экөөбүз сүйлөшүп олтурабыз. Айланып келип эле адамзат тарыхтын сабагын алса деген изги тилек жашай берет турбайбы. Айталы, ошол репрессия кайра кайталанбаса, дүйнөдө бир улут экинчисине үстөмдүк кылбаса деп, кайра-кайра сөз кылып, изилдеп келет экенбиз. Сиз кандай ойлосуз, 90-жылдардын тарыхы кандай жазылышы керек?

- Айбек, сен койгон суроолор өлбөс-өчпөс суроолор. Адам бар жерде жаман-жакшысы эриш-аркак жүрөт экен. Айрыкча жемкорлук, зөөкүрлүк, ачкөздүк, бийликке жетем деп атасы баласын, аялы күйөөсүн өлтүрүп, ал тургай бүтүндөй элди кырган тарыхта абдан көп.

Бүт өмүрүмдү окуу менен өткөрүп келе жатам. Тирандарды, зөөкүрлөрдү дагы, мыкты адамдардын өрнөгүн дагы окуп жүрөм. Ошону немистердин улуу ойчулу Георг Гегел ушунчалык терең ойлонуп, “Тарых эл эч качан анын сабагын албаганын гана окутат” (История учит лишь тому, что она никогда ничему не научила народы) деп жазган.

Бул маселе адамдын табиятына байланыштуу турбайбы. Колдон келсе эми алдыга умтулсак болот. Жылыш болот, албетте. Бирок биротоло эле адамдар түгөлү менен өркүндөп, өсүп, өнүгүп кетпейт тура. Тилегим эл-журтубуз тынч болсун. Анын бирден бир өбөлгөсү - адамдын пейили таза болсун, пейил оңолсун. Өзүн, үй-бүлөсүн өз эмгеги менен көтөрсө, андан кийин өлкөсүн, мамлекетин көтөрөт.

(Маек кыскартуулар менен берилди. Толугу менен видеодон көрө аласыздар)

Шерине

Азаттыктан угуңуз

XS
SM
MD
LG