Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:15

Тажикстан күмүш кенин Кытайга карматты


Мургаб
Мургаб

Тажикстандын парламенти күмүш кенин кытайлык инвесторлорго берүүгө макулдук берди. Ошондой эле кытайлык компанияны жети жылга салыктан бошотту. Талдоочулар күмүш кенинен Тажикстандын бюджети эч кандай каражат албай калышы мүмкүн экенин билдирүүдө. 

Кытайлык компанияга берилген Якчилва (кыргызча Ак-Жылга) күмүш кени Тажикстандын Мургаб районунда, Памир тоолорунда деңиз деңгээлинен 4500 метр бийиктикте жайгашкан. Бул өлкөдөгү эң бийик жерде орун алган кен.

- Инвестор кенди иштетүүгө 40 миллион доллар​ каражат салууга, калдык сактоочу жай курууга, электр зымын тартууга жана башка иштерди аткарууга милдеттүү. Инвестор өзүнө үч жыл аралыгында жумушчулардын 60% жергиликтүү элден боло турганына милдеттенме алып жатат. Андан кийин бул сан 80% чейин жетет. Жумушчулардын квалификациясын жогорулатууга инвестор жылына 50 миң доллар​ жумшашы керек, - деди инвестиция боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Фаррух Хамрализода.

Жыйында парламенттин төмөнкү палатасынын спикери андан «күмүш кенин кытай компаниясына берүүдөн Тажикстан кандай пайда табат?» деп сурады. Ага министр «пайда салык түрүндө болот» деп жооп кайтарды.

Бирок макулдашууда кытай компаниясы салык төлөөдөн жети жылга бошотулганы камтылган. Андан тышкары техникаларды жана жабдууларды алып кирүүдө төлөмдөр жокко чыгарылган.

Тажикстандык эксперттер бул келишимден өлкө кандайдыр бир пайда табарынан күмөн санап турат.

Тажик парламенти.
Тажик парламенти.

Парламенттеги талкууга катышкан кытайлык "Кашн Синьюи Дади Майнинг Инвестмент” компаниясынын башчысы Юан Ин Ху буларды билдирди:

- Азыркы учурда геологиялык чалгындоо жана сыноо багытында казып алуу иштери жүрө баштады. Биз бир жылда 40 тонна күмүш казабыз. Азыркы таптагы чалгын иштеринин маалыматына ылайык, кендин кору 113 тонна экени аныкталды.

Ал эми Тажикстандагы «Азия-плюс» өкмөттөгү булактарына таянып, күмүш кенинин кору 205 тоннаны түзө турганын жазды.

Юан Ин Ху депутаттарга анын компаниясынын тоолуу шартта иштөө тажрыйбасы бар экенин, кендин жумушчулары 260 доллар айлык ала турганын билдирди.

Бирок парламент депутаты Абдулхалим Гаффоров бул айлыкты абдан аз деп эсептейт. Анын айтымында, кен деңиз деңгээлинен 4500 бийикте турат, ошондуктан компания Тажикстандын мыйзамдарына ылайык, шарты катаал, бийик тоолуу аймакта иштегенине байланыштуу жумушчуларга кенемте төлөшү керек.

Инвестиция боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Фаррух Хамрализода «Азаттыктын» тажик кызматына билдиргендей, кытайлык ишкана Тажикстанда завод курбайт. Кен кошулмаларын, топурагын Кытайга алып кетип, ошол жактан күмүштү бөлүп алат.

Экономика илимдеринин доктору Хожимухаммад Умаров күмүш кенин жогорудагыдай шартта Кытайга берүү Тажикстанга пайда алып келбейт деп эсептейт.

- Бардык баалуу жана түстүү металлдар чыккан кендерди бийликтин колдоосу менен жергиликтүү компаниялар иштетиши жана казылгандардын баары өлкөдө калышы зарыл. Өзгөчө алтын менен күмүш мамлекеттик фондду толтурушу кажет. Мунун баары бизге насыя жана инвестиция керек болгондо ишке жарамак.

Тажикстандын негизинен кыргыздар жашаган Мургаб районунда Ак-Жылгадан (Якчилвадан) башка да кендер бар. Умаров ал кендер да кытай компанияларына берилиши мүмкүн деп божомолдойт.

2019-жылдын август айында Тажикстан Айнин районундагы алтын кенин Кытайга бергени белгилүү болгон. Өлкөдөгү алтын кендеринин 80 пайызын тажик-кытай биргелешкен компаниялары иштетет.

"Talco Gold" ишканасынын тажик өнөктөштөрү муну экономикалык жактан пайдалуу болуп жатканы менен түшүндүрүшөт.

Тажикстан өз кен байлыктарын кытайлык компанияларга инвестиция үчүн, мындан тышкары өзүнүн карызынын ордуна берип келет.

Мисалы, "Душанбе-2" жылуулук электр борборун курганы үчүн бийлик 50 тонна алтын кору бар Кумарг кенинде Кытайдын белгисиз мөөнөткө чейин иштешине макул болгон.

Тажикстандын карызы быйылкы жылдын август айындагы маалыматтарга караганда, 2,9 млрд. долларды түзөт. Анын 48 пайызы Кытайга таандык.

Британиялык "The Sun" басылмасы быйыл Кытай кичине, жарды өлкөлөргө насыя берүү менен жылма экспансия саясатын жүргүзүп жатканын жазып чыккан.

Анда Бээжинге көз карандылыгы күчөп бараткан Пакистандан тарта Африкадагы Жибути, Мавритания сыяктуу өлкөлөр да аталган. Басылма алардын катарына 1.5 миллиард доллар карызы бар Кыргызстанды кошкон.

Финансы министрлигинин маалыматы боюнча, быйылкы июль айына карата Кыргызстандын тышкы карызы 3 миллиард 800 миллион доллардан ашкан. Анын ичинен 1,7 миллиард доллар Кытайдын Экспорттук-импорттук банкына ("Эксимбанк") туура келет.

Бул Кыргызстандын тышкы карызынын 45% жакынын түзөт. Мындай кырдаалдын кооптуу экени буга чейин парламентте бир нече жолу айтылган.

Буга кошумча быйыл апрелде кыргыз өкмөтү мамлекеттик карызды башкаруу стратегиясын кабыл алган. Ага ылайык, кайсы бир өлкөдөн алынган карыз жалпы карыздын 50 пайызынан ашпоого тийиш. Азыр бул чекке Кытай да жакындап келе жатат.

Ошол эле учурда кыргыз коомунда кытайлыктардын жылма экспансиясынан чочулагандар да бар. Миграция кызматынын маалыматы боюнча былтыр 14 миңден ашык чет өлкөлүк Кыргызстанда иштөөгө уруксат алса, анын 12 миңге жакыны Кытайдын жарандары болгон.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG