Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:06

Абрамович кытайларды Кыргызстанга чакырды


Роман Абрамович
Роман Абрамович

Орусиялык ММКда жарык көргөн Борбор Азия жаңылыктары.

"КоммерсантЪ" басылмасы "Орусиялык миллиардер Роман Абрамович кытайларды Кыргызстанга чакырууда" деп кабарлайт. Абрамович Бээжинде өткөн ишкерлердин жолугушуусунда Жалал-Абад облусундагы Үңкүрташ алтын кенин кытайлык инвесторлор менен биргеликте иштетүүгө даяр экенин билдирген. Кен Кытайга жакын жайгашкандыктан, бул өлкөнүн кызыгуусун туудурушу мүмкүн экени айтылууда. Ошондой эле орусиялык басылма бул долбоор жаңыдан гана башталып жатканын белгилеп, Кыргызстанда бизнес жүргүзүүдө көптөгөн тобокелдиктер кошторун белгилеген. Макалада дагы бир орусиялык ишкер Муса Бажаев Кыргызстандагы Жерүй алтын кенин иштетүүгө мүмкүнчүлүк алганы айтылат. Үңкүрташ кени Жалал-Абаддын Ала-Бука жана Чаткал райондорунда жайгашкан. Анда 40 тоннага жакын алтындын кору бар экени кабарланат.

Тажикстан коңшусуна "жок" деди

"Российская газета" Тажикистан Кыргызстанга электр жарыгын берүүдөн баш тартты деп жазат. Макалада кыргыз өкмөтү расмий Дүйшөмбүгө жай мезгилинде электр энергиясын алып, анын ордун кышында берүү сунушу менен кайрылганы жана “жок” деген жооп алганы баяндалат.

Дүйшөмбү Бишкекке мындай жообун өлкөдө бир нече жаңы өндүрүш ишке киргени менен республикада электр жарыгын сарптоо көбөйдү деп түшүндүргөн. Ошол эле маалда Ооганстанга электрди импорттоону токтоткон эмес. Кыргызстан Тажикстандан электр жарыгын 2014-жылдан бери бир киловатты 2,5 центке сатып алып келгени, акыркы жылы коңшусу ал бааны 3 центке чейин көтөрүүгө ниет кылганы дагы кошумчаланат.

Энергетик Анатолий Колесниченко жайында Тажикстандын Нурек ГЭСи 4,5 миллиард кубометр көлөмдөн ашык сууну сактай албагандыктан, суу талаага коё берилерин айтып, тажик-кыргыз өкмөтү жайы-кышы электрди бартер иретинде алмашып турса, эки өлкөгө тең пайдалуу болмок деп белгилеген. Быйыл жаздагы жаан-чачындан Токтогул ГЭСинде cуунун көлөмү 15 миллиард кубметрден ашканы, бул былтыркыга караганда 5 миллиард кубметрге көбүрөөк экендиги баяндалат.

"Аскерге барбасаң, үйүңдө отур"

"Независимая газета" Кыргызстанда аскерге барбай жүргөн аскер курагындагы жарандардын чет өлкөгө чыгуусуна чектөө киргизилди деп баяндайт. Өлкөнүн “Аскердик милдет” тууралуу мыйзамына жаңы өзгөртүүлөр киргизилгени, ага ылайык жогорку окуу жайлардагы аскердик кафедралар жоюлуп, аскердик кызматка чакыруунун мөөнөттөрү өзгөртүлгөнү айтылат. Ал эми аскерге барбай жүргөн жарандардын чет өлкөгө чыгуусун чектөө тууралуу берене мурда эле “Тышкы миграция” мыйзамында каралып, бирок буга чейин мыйзамды ишке ашыруу механизмдери каралбаганы белгиленет. Расмий маалымат боюнча 2016-жылы өлкөдө аскерге жарамдуу 400 миңден ашуун жаран катталган. Жылына ыкчам кызматка сегиз миңи чакырылып, 14 миңге жакыны альтернативдүү кызматка алынаары кошумчаланат.

Казакстандын кара куурайы

Лента.ру казак өкмөт башчысынын орун басары, президенттин кызы Дарига Назарбаева Казакстанда кара куурай өндүрүшүн баштоо демилгесин көтөргөнү тууралуу жазды. Назарбаеванын тапшырмасы боюнча Түштүк Казакстан, Алматы, Караганда жана Түндүк Казакстан облустарына кара куурай айдалганы белгиленип, биринчи түшүмү АКШ, Германия, Кытай жана Белгияга жиберилери баяндалат. Казакстан менен Кыргызстандын аймагына туура келген Чүй өрөөнүндө жылына 5-6 миң тонна жапайы кара куурай өсөрү макалада белгиленген. .

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG