Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:23

Өзбекстан коррупцияга батты


Иллюстрация
Иллюстрация

Казакстанга 25 жыл ичинде бир миллион оралман кайтып келди, Тажикстанда алюминий өндүрүшү кыскарды. Жума ичинде орусиялык басылмаларда жарык көргөн борбор азиялык макалаларга сереп.

EurAsia Daily басылмасы "Борбор Азияда Өзбекстан коррупцияга аябай баткан өлкө болуп таанылды" деп жазды. Эл аралык “Трансперенси Интернешнл” уюмунун 2016-жылга карата отчетунда Өзбекстан коррупция боюнча тизмеде 156-орунга илинген.

Ал эми Казакстан менен Орусия 131, Кыргызстан 136, Тажикистан 151, Түркмөнстан 154-орунда турат.

“Трансперенси Интернешнл” 1995-жылдан бери 12 көз карандысыз уюмдардын эксперттер жана ишкерлер арасында жүргүзгөн сурамжылоолору боюнча мамлекеттик сектордогу коррупциянын деңгээлин аныктап келет.

Өзбекстан былтыркы жылга салыштырмалуу үч орунга артка кетсе, Кыргызстанда коррупцияга каршы күрөштө жетиштүү жылыш болбогондугу айтылат.

Алюминий арзандады

Вести экономика Тажикстанда алюминий өндүрүү кыскарганын баяндайт. Макалада дүйнөдө ири алюминий өндүрүүчү болуп эсептелген Тажикстан өткөн жылы 129 миң тонна алюминий чыгарганын, бул мурунку жылга салыштырмалуу 7,4 пайызга аз экендиги маалымдалат.

Тажикстандын өнөр жай министри Шавкат Бобозода дүйнөдө алюминийге суроо-талап азайганын, баалар төмөндөгөнүн, ал эми өндүрүшкө кеткен чыгымдар көтөрүлгөнүн айтып өткөн. Былтыр тажик өкмөтү 158 миң тонна алюминий өндүрүү пландаганы, бирок, мамлекеттин өзүндө сырьего суроо-талап 30 миң тоннаны гана түзөрү кошумчаланган. Тажик алюминийи көбүнчө Түркия, Тайван, Иран, Өзбекстан жана Пакинстанга экспорттолуп келет.

Казакстанга кайтып келгендер

Власть интернет-журналы былтыр Казакстанга 33 миңден ашуун оралман, тагыраак айтканда, этникалык казактар кайтып келгени тууралуу баяндайт. "Кайрылгандардын 65 пайыздан ашууну эмгекке жарамдуу жаштар, 28 пайыздан ашууну балдар жана алты пайызы ардагерлер" деп айтылат макалада. Этникалык казактар тарыхый мекенине Өзбекстан, Кытай, Түркмөнстан, Монголия жана башка өлкөлөрдөн көчүп келген.

Жалпысынан эгемендүүлүк жылдарында Казакстанга бир миллионго жакын этникалык казактар кайтып келген. Оралмандарга Казакстанда өкмөт тарабынан атайын социалдык жеңилдиктер каралганы, ошондой эле жарандык жеңилдетилген жол менен бир жыл ичинде берилери кошумчаланат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG