Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:11

“Караңгы болсоң сага каапыр да молдо”


Мечит.
Мечит.

Бүгүн “Кыргыз туусу”, Эркин тоо”, “Фабула”, Вечерний Бишкек” жана “Мантыш” деген жаңы гезит жарык көрдү.

“Вечерний Бишкек” гезити “Бирөөнүн кайгысынан кантип пайда издесе болот же өрттүн үстүндөгү бий” деген ат менен Виктория Куреневанын макаласын басты. Автор, тилекке каршы, биздин өлкөдө кандай гана маалымат болбосун, жадагалса ый-муңдун өзүн да өз пайдасына тогогусу келгендер толтура экенин айтуу менен кыйраган “Боингге” байланыштуу кырсыкты эл аралык ызы-чууга айлантам деген Өмүрбек Текебаевдин ою текке кеткенин жазды. Ушул эле санда Нина Ничипорованын “Мамлекеттик чегара 300 доллар менен ачылат” деген, Надежда Хохлованын “Бирөөлөрдүн жүрөгү канап жатса, бирөөлөр келген жардамды талап жатат” деген, Александра Василькованын “”Кайгыдан калпычынын беткабы сыйрылууда” деген макалалары бар.

“Кыргыз туусу” гезити журналисттер Нарынкүл Назаралиеванын “Өнүгүү да, өксүгү да бар” деген, Болотбек Таштаналиевдин “Дача СУ: кайрымдуулук, кайдыгерлик жана мыйзам” деген, Шабдан Абылгазы уулунун “Астана апаатты токтотууга себепчи боло алабы?” деген, Бермет Маткеримованын “Электрондук база дары тармагын “жунгли” токоюнан чыгара алабы?” деген, Жыпар Керимбек кызынын “Ыйман” фонду имамдарга эмнени окутуп жатат?” деген макалаларын, “Ыйман” диний маданиятты өнүктүрүү фондунун төрагасы Нуржигит Кадырбековдун “Караңгы болсоң сага каапыр да молдо” деген маегин жарыялады.

Ушул эле гезитте журналист Назарбек Байжигитовдун “кокуй!” деген рубриканын алдында “Келемиштер чубалгыларды кемирип жатат” деген макаласы жарык көрдү. Кыргыз эли башында турган көчмөн калктардын ата-бабаларынын бири дагы электр шаймандарын ойлоп тапкан эмес. Андыктан электр тармагына байланыштуу терминдерди өз аттары менен атагыла деп айтып жүрүп тилибиз тешилгенин, кыргыз зымды “зым” деп эле, кабелди ошол тилде кабел деп эле айтып, жазып келгенин Шүкүров, Юнусалиев, Орузбаева, Карасаев, Юдахин, Мукамбаев өңдүү залкар тилчилерибиз биргелешип түзүп кеткен сөздүктө кашкайып жазылып турганын, анан орто жолдон “чубалгы” деген кудай аткыр ат пайда болуп, эне тилин бузуп жазган журналисттер тарабынан “чубалгы” деп жазылып, башты айлантып келатышканын, булар электр зымдарын да, электр кабелдерин да “чубалгы” деп жаза беришерин, анан келемиш кемирип жаткан булардын “чубалгылары” келемиштин тиши өтпөй турган зымбы же кабелби деген суроо тууларын айта кетели.

“Эркин тоо” гезитинен профессор Сабыр Жумабековдун эмгегин Гиннес китебине киргизүү сунушталганын, Өзбекстан Оштогу Бабур атындагы театрга 50 миң доллар жардам көрсөтөрүн кабарлаган маалыматтарды жана башкаларды окуйсуздар.

“Фабула” гезити “Жибек жолун изилдөө борборунун” жетекчиси Талант Султановдун “Ажо Атамбаевдин 5 жылдык президенттик ишмердүүлүгүндөгү 15 сырткы саясый окуялар” деген, Асан Акматовдун “Дүңгүрөгөн дүбүрттөр” деген, “Бакиев экинчи аялын кантип алган?” деген, Мирлан Алымбаевдин Камила Дүйшөбаева аттуу кыздын өлүмүнө байланыштуу “Бети ачылбаган табышмактуу кылмыш, көксөөсү суубаган жабырлануучулар” деген макалаларды, саясый серепчи Бакыт Бакетаевдин “Президент телефондорду башына урабы?” деген маегин тартуулады. Акындар Кожогелди Култегин менен Нуралы Капаровдун кыйраган “Боинг” апкелген кырсык тууралуу ырлары жарык көрдү. Журналист Семетей Талас уулунун криминалдар тууралуу сандан санга жарыяланып жаткан макаласынын уландысы да басылды.

Гезиттердин катарына бүгүн “Мантыш” деген ат менен жаңы гезиттин 1-саны жарык көрдү. Башкы редактору Анарбек Авазбеков, гезиттин кожоюну “Мантыш” жоопкерчилиги чектелген коом деп жазылган. “Мантыш” деген эмне маанини билдирет деп сөздүктөрдү карасак мындай сөз жок болуп чыкты. Бирок Кочкор районунда “Мантыш” деген айыл бар экендиги белгилүү. Ал эми гезит жаңы санын “Жаныбарларды аеосуз кырып-жоюу жакшылыкка алып келбейт” деген баштема менен ачты. Ичинде бир катар майда маалыматтар, экс-депутат Абдыманап Кутушевдин “Мамлекетиң менен бирге байыгандан өтөрү жок” аттуу макала жана башкалар бар.

XS
SM
MD
LG