Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:21

Шайлооком: Кемпириңиз шайлап кетиптир...


“Күлкү кербендин” бул чыгарылышында орусиялыктардын шайлоочулар тууралуу кезектеги азилин тартуулайбыз.

* * * * * * *

Жергиликтүү бийликтерге шайлоо аяктап жаткан күнү кечкурун бир чал Орусиядагы шайлоо бекетине кирип, шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнөн сурап калды:

— Байболгурлар, мага тактап бериңиздерчи? Баланча Төлөнчөевна деген шайлоочу келип добуш берип кеттиби? Дареги мындай: Түкүнчө көчөсү, № 65.

— Кана, тизмени карайлычы. Та-ак, так, так... Чоң ата, шайлап кетиптир, эч камтама болбоңуз!

— Демек, унутпаптыр да, э?

— Эч унутпаптыр. Баары жакшы. А эмнеге такып сурап калдыңыз?

— Дайыма эле шайлоого келип добуш берип кетиптир деп угам. Өзүн эч көрө албай койдум.

— Эмне, кемпириңиз менен ажырашып кеттиңиз беле?

— Кайда-ан! Кемпирим алты жыл мурда дүйнөдөн кайткан. Бирок шайлоого эмдигиче үзбөй келип катышып жүрөт...

* * * * * * *

(TT)

XS
SM
MD
LG