Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:07

Шайлоонун шайтан күлкүсү


Чыгыш европалыктардын шайлоо тууралуу азилдеринен дагы бир шиңгил.

* * * * * * * *

Батыш дагы эле Чыгыш Европага өз баалуулуктарын таңуулап жатат! Добуш бурмалабастан, акыйкат, бийликтин бутактарын жиктөө, ж.у.с.ларды айтып! Силер минтип биздин өлкөнү кулчулукка матай албайсыңар! Жетишет! Буга жол жок!

* * * * * * *

— Сиздин оюңуз кандай болду экен, Украина соңку шайлоодо чоочундарды шайладыбы же жырткычтардыбы?

— Менимче, жатып ичерлерди шайлап алды!

* * * * * * *

Шайлоо алдында Александр Лукашенка Беларустагы бир кыштаккка келип, калайык менен жолугушуу өткөрүүгө киришти.

Кыштактагы шайлоочулар аны көздөрүнүн төбөсү менен карап, унчукпай турушту.

Лукашенка:

— Жолдоштор, бул жакта рыформалар кантип жүрүп жатат?

Эч кимиси үндөбөдү.

Лукашенка:

— Ал эми жалыйнаңар кантип төлөнүп жатат?

Эч кимиси үндөбөдү.

Лукашенка:

— Жолдоштор, турак-жай маселеси кандайча чечилүүдө?

Эч кимиси үндөбөдү.

Жыйын төрагасы Лукашенкага кайрылды:

— Ляксандр Рыгорыч, бул жактагы калк түркөй келет, карапайым тил менен эле сүйлөсөңүз?!.

Лукашенка:

— Арыбагыла, мужиктер?

Бардыгы бир ооздон жооп кайырышты:

— Арыбаңыз, барин («байым»)!

* * * * * * *

— Шайлоодо сен «Элдик майдан» үчүн добуш бересиңби, же «Бирдиктүү Орусия» үчүнбү?

— Путин кайсынысын колдосо, ошол контора үчүн добуш берем.

— Кызык го, ал деген мунусун да, тигинисин да колоп атпайбы!

— А—а, Путиндин «ВВПны эки эсеге көбөйттүм» дегенин эми түшүнбөдүмбү!

(Мында сөз оюну катылган: ВВП – 1. Улуттук дүң өнүм; 2. Путиндин ысымы, атасынын ысымы жана тегатынын шарттуу кыскартылган баш тамгалары).

* * * * * * *

Шаштысы кеткен Медведев Кремлде Путинге жолугат:

— Добуш бурмалоого каршы нааразылык кылып демонстрацияга чыккандардын өлө көп санын көрдүңбү?

— Көрдүм. Эл чын эле соолуга түшүптүр. Тез арада арактын баасын төмөндөтүү керек.

* * * * * * *

— Уктуңбу, кечээ биздикилер кайрадан утулуп калышыпыр?

— Спорттун кайсы түрүндө?

— Футболдо.

— Биздикилер шайлоодо кантип жеңип чыкканды гана билишет эмеспи.

* * * * * * *

XS
SM
MD
LG