Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:01

БУУ кыргыз өкмөтүнүн кыйноолорго каршы саясатына кабатыр


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Адам укуктары боюнча жогорку комиссарлыгынын Борбор Азия аймактык кеңсеси кыргыз өкмөтүнүн соңку демилгесине тынчсыздануу билдирди.

Мунун алдында Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борборун Акыйкатчы институтуна бириктирүү каралып жатканын билдирген. Бул демилге коомчулукта талаш-талкуу жараткан.

БУУнун аймактык кеңсеси кыргыз өкмөтүнүн соңку демилгеси кыйноолордун алдын алуу иштерин алсыратып, бул жааттагы эл аралык милдеттемелерди аткарууга терс таасирин тийгизерин эскертти.

Министрлер кабинети мындай тынчсызданууга азырынча комментарий бере элек.

Жогорку Кеңештин 15-июндагы жыйынында Кыйноолорду алдын алуу боюнча борбордун ишмердүүлүгү талкууланган. Анда Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов эки органды бириктирүү өкмөттүн позициясы экенин айтып, жакында сунуш берилерин билдирген.

"Албетте, биз азыр Акыйкатчы институтун бекемдешибиз керек. Анын эл аралык стандарттарда "А" деген категориясы бар. Ушул улуттук борбордун ыйгарым укуктарын акыйкатчы менен бириктирип… Ошондо бизде алдын алуу боюнча бир институт, механизм, парламенттик күчтүү бир көзөмөл органы болушу керек деген ойдобуз. Бул Министрлер кабинетинин позициясы", - деген Байсалов.

Борбордун башчысы Бакыт Рысбеков Байсаловдун билдирүүсүнө ошол жерден жооп берип, мындай демилге өкмөт башчы Акылбек Жапаровдун айтканына каршы келерин белгилеген.

Бакыт Рысбеков.
Бакыт Рысбеков.

“Мындан 2,5 ай мурун Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен өзүм жолугуп чыккам. Ал кишинин позициясы таптакыр башка эле. Эдил Жолдубаевичтин Министрлер кабинетинин атынан айтып жаткан сөзү башкача болуп жатат. Эл аралык талаптар жана милдеттенмелер бар. Ооба, Акыйкатчы институтун күчтөндүрүү керек. Жогоруда айтылган "А" категориясына которулушу үчүн акыйкатчыда бир гана тоскоолдук бар. Ал баяндамасын тапшыргандан кийин кызматтан алынбашы керек. Болгону ошол. Сөздүн чынын айтканда, акыйкатчынын мандаты кудайга шүгүр эле. Бизде болсо андай мандат жок”.

Кыргызстанда Кыйноолорго каршы улуттук борбор түзүү аракети 2011-жылы Роза Отунбаева президент болуп турганда башталган.

“Кыйноолорду жана башка ырайымсыз, адамкерчиликке жат же кадыр-баркты басмырлаган мамилени жана жазанын түрлөрүн тыюу боюнча улуттук борбор тууралуу” деген мыйзам 2012-жылы кабыл алынган. Документте бул жаатта атайын борбор түзүү жобосу каралган.

Расмий Бишкек 2008-жылы БУУнун Кыйноолорго каршы конвенциясына кошулуп, бул жаатта атайын орган ачуу милдетин алган жана мындай борбор 2013-жылы түзүлгөн.

Бюджеттен каржыланган мекеменин ишине эл аралык уюмдар жардам берет жана борбордо жалпысынан 25 адам иштейт. Парламент акыйкатчы жана аталган борбор аркылуу Кыргызстанда адам укуктарынын сакталышына көзөмөл жүргүзөт.

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев жогорудагы мыйзамдын авторлорунун бири. Анын пикиринде, улуттук борбордун ишин күчтөндүрүү керек.

Дастан Бекешов.
Дастан Бекешов.

"Мен ошол мыйзамдын демилгечиси болгом. Борбор беш жыл иштегенден кийин, 2019-жылы мен аны Акыйкатчы институту менен бириктирсе деле болсо керек, себеби милдеттери окшош экен деп ойлоп калгам. Бирок акыркы кезде бул орган керек деген ойдомун. Ал башкача иштеши керек. Себеби акыйкатчы жакшы иштесе деле анын жумушу көп. Аларга кайрылгандар, арыздар жыл сайын көбөйүп жатат. Алар ар бир түрмөгө, жабык жайларга бара албайт экен. Улуттук борборду сактап калуу абзел".

Укук коргоочу Азиза Абдирсулова өкмөттүн соңку демилгесин сынга алды. Ал Кыйноолрго каршы улуттук борбор түзүүгө убагында бир топ аракет жасалганын белгиледи.

Азиза Абдирасулова.
Азиза Абдирасулова.

"Тескерисинче, азыр Акыйкатчы институтун дагы, Кыйноолорго каршы борбордун дагы статусун жогорулатуу зарыл. Экөө тең таптакыр эки башка орган, ыйгарым укуктары эки башка. Кыйноолордун алдын алуу борбору аты айтып тургандай эле алдын алуу иштери менен алектенет. Акыйкатчы болсо адам укугу бузулган учурларга реакция жасайт. Улуттук борбор ошол кыйноону, катаал мамилени, басынтууну токтотуу менен алектенет. Кыйноолорду болтурбоонун бирден бир жолу. Бул борбор материалдык, каржылык жактан аябай муктаж. Анын кызматкерлерин жабык жайларга киргизбей, тоскоолдук жараткан учурлар болгон. Аларды Акыйкатчы институтуна баш ийдирүү туура эмес, борбор эркин иштеши керек. Байсаловдун оюна койсо баарыбызды парламенттен көз каранды кылгысы келет. Акыйкатчы институтунун "Б" деген категориясы эгер анын баяндамасын парламент жактырбаса, акыйкатчыны иштен кетирет деген сөз. Демократиялык өлкөлөрдө бул институт "А" макамына ээ, аны жылдык баяндамасы үчүн эч ким кызматтан ала албайт. Бизде Жогорку Кеңеш аркылуу акыйкатчыны иштен алган фактылар бар. Ошондуктан ал дагы эркин институт болушу керек. Кыйноолорду алдын алуу борбору азыр парламентке көз каранды эмес. Байсалов улам эле адам укугуна каршы демилгелерди көтөрүп жатат. Убагында биз Кыйноолорго каршы борборду араң ачканбыз, 10 жылдай иштегенбиз. Кыйноо боюнча конвенциянын факультативдик протоколун кабыл алдыруу үчүн эле төрт жыл иштегенбиз".

Расмий маалыматка ылайык, былтыр Кыйноолорго каршы улуттук борборго 67 арыз түшкөн жана анын басымдуу бөлүгү милиция кызматкерлерине байланыштуу жазылган. Анда 40тан ашык факт Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөөнү Улуттук коопсуздук комитети жүргүзгөн. 17 факты боюнча сотко чейинки териштирүү токтотулган, дагы беш кылмыш иши тергөөдө кыскарган.

XS
SM
MD
LG