Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Ноябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:21

Ажал тооруган абак жайлары


Чүй облусундагы түзөтүү мекемелеринин бири.
Чүй облусундагы түзөтүү мекемелеринин бири.

Кыргызстанда жабык жайларда кармалган адамдардын өлүмү көбөйүп, себептери так териштирилбей калган учурлар боюнча маселе көтөрүлдү.

Жаза аткаруу мекемелеринде эле өткөн үч жылда 151 адам каза таап, анын 19у өз жанын кыйганы Кыйноолорго каршы улуттук борбордун баяндамасында жарыяланды. Анда кармоо шартынын катаалдыгы, абалынын начардыгы жана тиешелүү мекемелер маалымат бербей, териштирүүгө тоскоол болгон учурлары белгиленди.

Абак жайлардагы абал

Кыйноолорго каршы улуттук борбор 15-июнда ишмердигинин үч жылдык баяндамасын жарыялады. Анда Кыргызстандагы жабык жайларда кармоонун абалы андагы адам өлүмүнүн жогорку көрсөткүчү менен түшүндүрүлөрү белгиленди.

Анткени абак жайларында же дарылоо мекемелеринде кармалган адамдар кордолуп, кыйноого алынып, басмырлоого же адамгерчиликсиз мамилеге дуушар болуп, кармоо шартынын катаалдыгы менен андагы санитардык абалдын начардыгы оор илдетке чалдыктырып, өлүмгө алып келген учурлар мисалга алынды.

Улуттук борбордун жетекчиси Бакыт Рысбеков өткөн үч жылда тергөө абагы жана түзөтүү колониялары сыяктуу Жазаларды аткаруу кызматынын жабык жайларында ар кандай себеп менен каза тапкандар көбөйгөнүн белгиледи.

Бакыт Рысбеков, Кыйноолорго каршы улуттук борбордун жетекчиси.
Бакыт Рысбеков, Кыйноолорго каршы улуттук борбордун жетекчиси.

“Жалпысынан 2019-2021-жылдар аралыгында Жаза аткаруу тутумунда кармалган 151 адам каза тапкан. Алардын өлүмүнүн себептери катары төмөнкүлөр белгиленген: 41и (28%) – жүрөк-кан тамыр илдеттери; 25 (17%) – “башка илдеттер” (мекеменин жообунда кайсы илдеттер экендиги так көрсөтүлгөн эмес); 19у (13%) – COVID-19 жана пневмония; 11и (8%) – боор циррозу жана башка илдеттери; 8и (6%) – АИВ (ВИЧ)-инфекция; 7си (5%) – ар кандай этиологиядан алган жарааттар; 5и (4%) – инсульт. Мындан башка камактагы эки киши маңзатка ууланып каза тапкан. Мындан башка 2020-жылы бир киши кыйноого кабылып каза тапкан деген шек бар”.

Анткен менен Жазаларды аткаруу кызматынын расмий маалыматында өткөн үч жыл ичинде камактагы 12 адам онкологиялык илдеттен, жети адам – кургак учуктан каза болгону гана көрсөтүлгөн.

Жабык жайларда өмүрүн кыйгандар

Жабык жайларда жалпысынан канча киши кармалып турганы белгисиз.

Баяндамада 2019-2021-жылдары Саламаттык сактоо министрлигинин психиатриялык мекемелеринде 60 бейтап көз жуумп, анын бирөө өзүнө кол салганы жазылды.

Ички иштер министрлигинин убактылуу кармоо жайларында сегиз адам каза тапканы, анын төртөө өз жанын кыйганы белгиленди.

Парламент депутаты Мейкинбек Абдалиев бул жагдайлар боюнча кандай чаралар көрүлгөнүн сурады.

“2019-2021-жылдары жабык жайларда жалпысынан 19 адам өз өмүрүнө кол салганы тууралуу маалымат берилиптир. Ички иштер органдарынын убактылуу кармоо жайларында турган сегиз киши өз жанын кыйганы айтылды. Ушул адамдардын өлүмү боюнча териштирүүлөр болгонбу, болсо себептери аныкталганбы? Мекемелердин жетекчилери жазага тартылганбы? Анткени ошого жеткирген жагдайлар болушу мүмкүн. Мунун бардыгы өзүнөн-өзү эле боло бербейт да”.

Жабык жайларда кармалгандардын өз жанын кыюу себептерин аныктоодо тиешелүү кызмат адамдарынын жоопкерчилиги каралбай калган учурлар көп экени белгиленди.

Кыйноолорго каршы улуттук борбордун башчысы Бакыт Рысбеков жабык жайлардагы адам өлүмүнүн чыныгы себебин аныктоо татаал экенин айтты.

Ал эми абак жайлардын ичиндеги тартипти адатта криминалдык топтор кармап, алардын мыйзамдан тыш жорук-жосундарын жаза аткаруу мекемелеринин күзөтчүлөрү токтото албай турганы буга чейин айтылып келген.

Ал муну тиешелүү мекемелер маалыматтарды жаап-жашырып, бурмалап, окуяларды териштирүүгө жолтоо болгон учурлары менен байланыштырды:

“Аябай көйгөйлүү маселени көтөрүп жатасыз. Негизи, мыйзам жабык жайларда мындай учурлар болгондо, алар биздин борборду өз учурунда кабарландырууга милдеттендирет. Бирок мындай милдеттер бүгүн аткарылбай келет. Мисалы абак жайында отурган бир адамды чогуу отурган бирөө катуу сабап, ошонун кесепетинен өлүмгө дуушар болгон учурлар бар. Ушундай учурлар көп суроолорду жаратат. Анткени аны өлтүрө сабап жатканда мекеменин күзөтчүлөрү каякты карап отурган?”.

Улуттук Борбордун директорунун айткандарын Жазаларды аткаруу кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Кемел Садыков четке какты. Анын айтымында ар бир учур иликтенип, укуктук баа берилет.

“Азыр менин колумда тиешелүү сандар боюнча маалыматтар жок. Бирок мен Кыйноолорго каршы борбордун жетекчисинин айтканына кошулбайм. Анткени абак жайларында мындай учурлар болгондо, алардын ар бири сөзсүз тыкыр териштирилет. Алгач, биздин ички коопсуздук кызматы, анан прокуратура органы карап чыгып, тыянагын чыгарып, укуктук баасын берет. Биздин кызматкерлер айыптуу болсо, сөзсүз жоопко тартылат”.


Кыйноолорго каршы улуттук борбордун тескөөчүлөрү күн-түнгө карабай жабык жайларга айттырбай кирип барып, анда кармалгандардын абалы менен таанышып, мыйзам бузууларды каттап, прокуратура органына кайрылууга укугу бар. Бирок адатта тескөөчүлөрдү абак жайларына киргизбей, текшерүү жүргүзүүгө тоскоол болгон учурлар бар экени айтылды.

Ал эми УКМК төрагасынын орун басары Абдыкадыр Разаев эч кандай тоскоолдук жок дейт.

“Биз жактан эч кандай тоскоолдук жок. Улуттук борбор болобу, Акыйкатчынын же прокуратура органдарынын кызматкерлери болобу, мыйзам чегинде кайсы маселе менен биздин тергөө изоляторун текшерүү үчүн келсе, аларды киргизүү сөзсүз камсыздалат. Мүмкүн, дем алыш күндөргө туура келип калса же тышкы көзөмөл жүргүзгөн башка түзүмдөр менен макулдашуу эрежелери жүргүзүлгөн учурда тескөөчүлөрдү киргизүү кичине кечеңдеп калышы ыктымал. Бирок текшерүүлөргө эч кандай жолтоо жок”.

Ошондой эле жабык жайларда ооругандарга жетишерлик медициналык жардам берилбей, өтүшүп кеткен оорудан өлүмгө дуушар болуп жатканы айтылды. Буга абакта ооруп, анын айынан каза тапкан саясий эксперт Казакпаевдин мисалын айткандар болду. Оор илдетке чалдыккандарды жаза өтөөдөн бошотуу тартиби калканычы жок, карапайымдарга келгенде аткарылбай жатканы белгиленди.

Ал эми тергөө создугуп, иштери сотко өтпөй, өкүмдү абак жайларында жылдап күткөндөрдүн саны көбөйгөнү баяндамада белгиленди. Кыргызстанда жаза аткаруу системасына караштуу 27 мекеме бар, алардын 11и түзөтүү колониясы, 10у жатак абак, алтоо тергөө абагы. Мындан сырткары жабык жайларга Ички иштер министрлигинин убактылуу кармоо жайлары жана саламаттык сактоо тармагындагы психиатриялык дарылоо мекемелери кирет.

Аялдарды абакка түрткөн зомбулук
please wait

No media source currently available

0:00 0:29:50 0:00

XS
SM
MD
LG