Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:01

Бишкекти оңдоо үчүн базар менен бекетти бузуу зарылбы?


Бишкектин борборундагы көчөлөрдүн бири. 2023-жыл, март айы.
Бишкектин борборундагы көчөлөрдүн бири. 2023-жыл, март айы.

Бишкектин көйгөйлөрү, башкаруудагы кемчиликтер жана жаңы долбоор жөнүндө Шамил Ибрагимовдун ойлору

Курулуш – башаламан, жолдор – тыгын, башкаруу начар, шаарды өнүктүрүү боюнча кызыктуу долбоорлор жок. "Сорос-Кыргызстан" фондунун мурдагы директору Шамил Ибрагимов Бишкекти өнүктүрүү үчүн коомдук суроо-талапты күчөтүү зарыл деп эсептейт.

“Башкаруудагы көйгөйлөр”

- Шамил, сиз көп жылдардан бери шаар мейкиндигин иретке салуу маселесин көтөрүп келесиз. Ушул темада форумдарды өткөрүп, "Сорос-Кыргызстан" фондунун жетекчиси катары ар кандай демилгелерди колдоп тургансыз. Сиз менен Бишкек, анын өнүгүүсү, көйгөйлөрү тууралуу сүйлөшөлү. Борбор калаа тургундар жана туристтерге ыңгайлуу болушу үчүн шаар бийлиги кайсы маселелерди биринчи кезекте чечиши керек?

Шамил Ибрагимов.
Шамил Ибрагимов.

Менимче, бул көйгөйлөрдү баарыбыз эле көрүп-билип турабыз. Эӊ орчундуусу деп, мисалы, курулуштун башаламан жүрүп жатканын айтсак болот. Шаар куруунун бир нече принциптери бар, негизгилеринин бири – Skyline, башкача айтканда, теребелди, горизонтту ачык сактоо зарылдыгы. Кээ бир архитектуралык мектептерде курулуш баскыч-баскычы менен уюштурулушу керек деген принцип бар. Мисалы, эки кабаттуу үйдүн жанына тогуз кабаттуу үй тургузууга болбойт, ал көрктү бузат. Жарашык жагынан тышкары коопсуздук маселелери да бар.

Бизде шаар куруу принциптери сакталбай келет. Ким кандай кааласа, туш келди эле кура берет. 20 сотых жерге олчойгон, көзгө комсоо бирдемени тургузуп салышат. Кептин баары системанын жоктугунда. Фрунзе шаарында алгач түптөлгөн архитектуралык ансамблдер азыр четинен талкаланып жатат, ордуна жаӊы ансамблдер жаралбай келет. Башаламан курулуш гана жүрүүдө.

Дагы бир абдан чоң көйгөй - бул жолдогу тыгын. Биз жеке унааларды эле карап, жолдорду кеңейтүү, көпүрө жол салуу ж.б. менен чектелип жүрөбүз. Мунун баары жагдайды ого бетер оорлоштурат. 50-60 жыл мурда Европада, АКШда эл машинага ашыкча кызыккан кезде ушундай болгон. Алысты ойлогон шаар башчылардын баары бул туюкка кептей турган багыт экенин түшүнөт. Жол кеӊейтилген сайын машина да көбөйө берет, машина көбөйгөн сайын жашоо да кыйындайт.

Мисалы, Парижде 2017-жылдан бери абдан олуттуу өзгөртүүлөрдү киргизип, “15 мүнөттүк шаар” концепциясын киргизишкен. Мааниси мындай: кайсы жерде жашабаңыз, дүкөнгө, дарыканага, ооруканага, ресторанга, паркка, жумушка ж.б. 15 мүнөттө жетип бара алгыдай болушуӊуз керек. Коомдук транспорттобу, велосипедченби же жөө басасызбы – мүмкүнчүлүк жетиштүү болууга тийиш. Бизде андай концепциялар жок, тийиштүү отчёттор деле табылбайт. Кээ бир программалар бар, бирок алардын өлчөөгө ылайыктуу көрсөткүчтөрү жок. Маселен, Бишкекте абанын булгануусунун орточо көрсөткүчү кышкысын, жылытуу мезгилинде шарттуу түрдө 247 деп айтылбайт, биз үч жыл ичинде бул орточо көрсөткүчтү 47ге түшүрүүнү көздөп жатабыз. Же шаардагы тротуарларды алалы – 73% бузулуп бүткөн, беш жылдын ичинде бул көрсөткүчтү 7% түшүрөбүз дейбиз. Программа сиздин азыр кандай абалда экениңизди жана кайсы максатты көздөгөнүӊүздү аныктайт. Башкача айтканда, “шаарды жакшыртабыз” деп эле жазып койгон жарабайт. Каягынан, кимдер үчүн жакшы болот? Программанын чек-ченемдерин абдан так белгилеп алуу зарыл.

- Демек, башкаруу ойдогудай эмес экен да?

- Бизде шаарды башкарууга тиешелүү өзөктүү принциптер жана эрежелер жок. Биздин шаар кандайдыр бир дарактарды эгип, эми эле өсө баштаганда кыйып салган, ордуна имараттарды туш келди кураштырып, улаштыра берген короого окшош. Сырттан кирип келген киши башаламандык өкүм сүргөн – таптакыр көркү жок, иретсиз короону көрөт. Бүтүндөй шаарыбыз ушундайча тескелип жатат. Болгон айырмасы – чоӊдор менен башчылар өтө көп болгондуктан, капчыгы калыӊдар каалаганын кура берет.

Мамлекеттик башкаруу системасынын өзүндө да чоң өксүк бар, анткени жарандардын катышуусу таптакыр байкалбайт. Сиз шаар тургуну катары бир нерсеге таасир эте аласызбы? Мэрди шайлайсызбы? Жок. Ооба, шаардык кеңештин депутатына добуш берсеңиз болот. Бирок азыр анын дээрлик эч кандай ыйгарым укуктары калган жок. Демек, сиз шаар тургуну катары кимсиз? Эч ким эмессиз. Бул таптакыр акылга сыйбайт, анткени биз кантсе да демократиялык өлкөбүз жана бул өлкө, андагы шаар бир ууч топко эмес, бардык жарандарга таандык. Демек, адамдар жаран катары катышуу үчүн кандайдыр бир таяныч болушу керек.

Француз урбанисти, философ Лефевр “шаар тургундарынын укугу” деген түшүнүктү киргизген. Бул концепцияга жарандар өздөрү турган жерде эмне куруларын билүүгө укуктуу, билип эле тим калбай, чечим кабыл алууга катышуусу керек деген жоболор камтылат. Балким, жаңы тургузулган имарат кимдир бирөөнүн үйүнө күн тийгизбей тосуп калса, ал курулушка каршы чыгар? Бул концепция мэриянын сунушуна эл макулбу же жокпу деп аныктоо үчүн керек. Бирок бизде бул өзөктүү, концептуалдык түшүнүктөр таптакыр жок.


Коомдук пикирди калыптандыруу керек

- Сиз жакында UrbanEyes платформасын сунуштадыңыз. Бул кандай долбоор экенин кененирээк айтып бериӊизчи. Мен бул платформа маалымат чогултуу үчүн иштелип чыкканын түшүндүм. Бишкектин жагдайын жакшыртууга мунун таасири кандай болот?

- Мен баштаган UrbanEyes (“Шаар көзү”) долбоору коомдук уюмдардын – "Сорос-Кыргызстан" фондунун жана Фридрих Эберт фондунун акчасы менен даярдалды. Биз муну бирдиктүү команда болуп иштеп чыктык. Бул маалыматтарга негизделген жарандык катышуу жолу. Анын өзөк мааниси жогоруда айтылган шаар тургундарынын укугуна байланышкан. Шаарда эмне болуп жатканын азыр билбейбиз, оюбузду айтууга мүмкүнчүлүгүбүз жок. Социалдык тармактарда же башка жерде даттанышыбыз ыктымал, бирок бул коомдук пикирди, коомдук суроо-талапты күчтөндүрбөйт жана шаар деңгээлинде чечим кабыл ала турган адамдардын саясий эркине таасирин тийгизбейт.

UrbanEyes долбоору эки бөлүктөн турат. Биринчиси – шаарга тиешелүү көрсөткүчтөрдүн виртуалдуу панели, анда биз ар кандай маалыматтарды дааналантып чагылдырабыз. Экинчиси – анкета сыяктуу мобилдик тиркеме, элден ар түрдүү маалыматтарды чогултат. Анан бул маалыматтарды ирээттеп, кандайдыр бир индекске өткөрүп, чийме түрүнө келтирүүгө болот.

Биздин өзгөрүү теориябыздын маӊызы – коомдук пикир саясий күч болуп, турмуштук жагдайдын өзгөрүшүнө таасирин тийгизет деген түшүнүк. Кантип? Мисалы, биздин тиркемеде тротуарлардын сапаты боюнча сурамжылоо жүргүзүлүп турат. Сиз шаарды кыдырганда, тийиштүү жерлердеги тротуардын сапатын тиркеме аркылуу баалай аласыз. Бул субъективдүү көз караш болушу мүмкүн, бирок миңдеген кишилердин пикири объективдүү абалды чагылдырат да, орточо баа пайда болот. Биз бул маалыматтарды дааналап чагылдырабыз – веб-сайттан шаардын ар кайсы жактарындагы тротуарлардын сапатын белгилеген картаны көрсөтөбүз.

Шаардыктар көбүнчө бир эле жол менен жүрөт. Мисалы, Аламүдүндөгү тротуарлардын абалы кандай экенин башка чөлкөмдө тургандар билбейт. Ал эми картада бардык аймактар көрсөтүлөт да, эл жүйөлүү суроолорду бере баштайт. Мисалы, эмне үчүн мэрия берки жактагы тамтыгы чыккан тротуарды көрбөйт да, күтүлбөгөн жерден эле Эски аянттагы сопсонун эле турган асфальт жолду кайра казып жатат? Башкача айтканда, коомчулук иштиктүү маалыматка ээ болот, шаардагы жагдайды алаканга салгандай көрүп-билип турат. Мындай маалымат суроо-талапты айкындатат. Чынында бул шаар тургундары үчүн эле эмес, муниципалдык кызматкерлер үчүн да пайдалуу болот, анткени алар да чыныгы абалды даана көрүп турат.

- Картадан дагы кандай маалыматтарды көрүүгө болот?

- Биз түркүн түмөн маалыматтарды чагылдырган каражатты иштеп чыктык. Бирок эӊ башкы үч багыт бар: шаардын инфратүзүмүн баалоо, муниципалдык кызматтардын ишин баалоо жана шаардын маанай картасы. Инфратүзүмдү баалоо азырынча тротуарларды, муниципалдык кызматтар азырынча "Тазалыктын" ишин, башкача айтканда, шаардын тазалыгын чагылдырат. Бирок кээ бир мамлекеттик же жеке жактар өздөрү билген маалыматтарды бөлүшкүсү келсе, биз абдан ыраазы болор элек. Бул турак жай фондусу жөнүндө, таксисттер жана тамак-аш жеткирүүчүлөр жөнүндө маалымат болушу мүмкүн. Мисалы, адамдар кайсы убакта жана кандай тамак-ашка көбүрөөк буюртма беришерин билүү керек, туурабы? Анан, мисалы, мунун баары тамак-аштан уулануу, семирүү деңгээли менен канчалык байланышы бар экенин көрсөк болот. Башкача айтканда, ар кандай себеп-натыйжа байланыштары чагылдырылат.

Шаар бийлиги менен карым-катышта болуп турсак дейбиз. Азырынча 103 кызматы менен байланышыбыз абдан жакшы. Тез жардамдын жетекчилигине абдан ыраазыбыз, анткени ар кандай талдоо өӊүттөрүн көрүп турабыз. Мисалы, аллергиялык реакциялар жөнүндө маалыматтар бар. Эми элестетиңиз: сизде маалыматтардын эки катмарын бири-бирине коюп салыштыра турган картаңыз бар. Бири – абанын булганышы жөнүндө, экинчиси – дем алуу ооруларынын же аллергиялык реакциялардын күчөшү жөнүндө. Ошондо абанын булгануу деңгээли менен дем алуу органдарынын илдеттеринин таралышынын ортосунда байланыш канчалык экенин көрө аласыз.

Шаардын маанай (эмоционалдык) картасына келели. Биздин тиркеме аркылуу адамдар шаарды кыдырып жүргөндө өзүнүн эмоциялык абалын белгилей алат. Өзүӊүздү бактылуу сезесизби, коркуп турасызбы же кыжырыӊыз келгенби? Бир аймакта 50 адамдын оӊ жана терс эмоциялары түрдүү түмөн болуп айырмаланышы мүмкүн экени түшүнүктүү. Бирок кайсы бир сезим басымдуулук кылат да, туурабы? Ошентип, ар бир аймакта кандай маанай басымдуулук кыларын көрүү абдан кызык болот. Анан бул жагдайдын себептерин ойлонуп көрөсүз. Эмне үчүн бир аймакта терс маанидеги эмоция, мисалы, коркуу сезими күчтүүлүк кылат да, экинчисинде андай эмес? Эркектер менен аялдардын маанайын салыштырып көрсөк эмне болот? Аялдар коркуу сезимине алдырып баратсачы? Демек, аялдар санаага батпашы үчүн, бул эмоцияны жайгаруу үчүн эмне кылуу керектигин ойлонсоңуз болот. Балким, көчөлөрдү жарыктандыруу зарылбы же дагы башка мүмкүнчүлүктөрдү издеш керекпи?

Азыр бизде мындай маалыматтар жок, кайсы бир көчөнү, тротуарды жана башка жерлерди оңдоо боюнча чечимдерди кандай принцип менен кабыл алууну билбейбиз. Биз иштиктүү чечимдерди кабыл ала баштоо үчүн далилдүү маалыматка таянышыбыз керек. Ал эми муниципалитеттин да жумушчуларды кайсы аймактагы тротуарларды оңдоого жөнөтүү керектигин, кайсы аймакта бак-дарак дегеле жок экенин даана көрсөткөн абдан жакшы күзгүсү болот. Балким, алар Жибек Жолудан Асанбайга чейин баткак кечпей басыш үчүн кайсы тилкелердеги тротуарларды оӊдоп чыгуу керектигин көрүшөт. Айтайын дегеним, суроо-талапты канааттандыруу жана шаарыбызды чындап жакшыртуу үчүн маалыматтарды бөлүшүп, баарыбыз биргелешип иштесек болот.


"Шаарды жакшыртуу боюнча кызыктуу долбоорлор жок"

- Башка өлкөлөрдө шаарды эстетикалык жактан кооз жана жарандары үчүн ыңгайлуу кылуу үчүн урбанистикага (шаарды өнүктүрүү жолдорун изилдөөгө) чоң көңүл бурулат. Сиздин оюңузча, Бишкек бийлиги бул маселеге көңүл буруп жатабы? Бизде тиешелүү адистер барбы?

- Бизде урбанистка боюнча абдан абройлуу университеттерден билим алган жигиттер бар. Бул адистиктин да социалдык, архитектуралык, жол кыймылына, экологияга жана башкаларга басым жасаган ар түрдүү багыттары бар.

Биздин мэрия ушундай адамдарды жумушка алып жатабы, билбейм. Мэрия кандайдыр бир чечимдерди сунуштай турган адистердин акылын угууга канчалык даяр экенин билбейм. Алардын жарандык коомдо бар экендиги анык. Бирок муниципалитетте бар же жок экенин билбейм.
Ал жерде жаман же иштин көзүн билбеген адамдар отурат деп айткым келбейт. Бул маселе, тилекке каршы, адамдарга эле эмес, 30 жыл аралыгында түзүлүп келген бүтүндөй системага тиешелүү. Көбүнчө адамдар дал ушул системанын алкагынан чыга албайт. Демек, бул жерде лидерлик, системаны иштиктүү түзүмгө айландыруу жагынан чоң милдет турат. Мен ушундай өзгөртүүлөр болуп жатканын көрө элекмин, бизде лидерликтин андай өрнөгү да жок. Урбанистикалык кызыктуу долбоорлор да жүзөгө ашырылып жаткан жери жок. Бишкекте жөө баскандар үчүн өзүнчө көчө пайда болушу мүмкүн деп беш жылдан бери угуп келем, бирок, тилекке каршы, реалдуу иш-аракеттер жок.

- Бийликтин акыркы демилгелери, мисалы, Бишкектин аймагын чоӊойтуу боюнча оюӊуз кандай? Борбордун кеңейиши анын өнүгүшүнө кандай таасир этет? Базарларды, автобекеттерди шаардын сыртына көчүрүү демилгесине кандай карайсыз?

- Бул тууралуу айтуу мен үчүн кыйын, анткени мен системада эмесмин. Кандай жүйө, пландар, шаарда кандай ресурстар бар экенин билбейм. Мен мэриянын кызматкери эмесмин, ошондуктан колумда тийиштүү маалыматтар жок.

Негизи, бул демилгелер жаман эмес деп эсептейм. Шаар өсүп, өнүгүп жатат. Мунун баары кандайча ишке ашырылат деген гана суроо бар. Бул жаңы чөлкөмдөрдүн баарына коомдук транспорт жолдорун куруу пландары барбы? Жаӊы социалдык-маданий объектилерди – мектептерди, балдар бакчаларын, театрларды куруу планы барбы? Баары бар болсо, анда жакшы. Эгер алар жөн эле автобекетти бузуп, кымбат баалуу турак жай кура турган болсо, анда мунун эч зарылдыгы жок дейм. Ошондуктан мунун баары жакшы ойлонуштурулган жана чындап ишке ашат деп үмүттөнүүдөн башка аргам жок.

Мисалы, Ош базарын көчүрүү демилгесин алалы. Архитектуралык ансамбль жөнүндө мурда кеп кылганбыз. Ош базары – бул шаардын өзгөчө жерлеринин бири. Ооба, 30 жыл ичинде океанда сүзгөн кемедей болуп, ага ар кандай жаман нерселер жабышып кетти. Бирок кир-когун тазалап, көрктүүлүгүн сактап калсак болбойбу? Бул кооз комплекс, туризмге тиешелүү сонун жерлердин бири. Биздин Кыргызстанга, Бишкек шаарыбызга жыл сайын бир нече миллион турист келет. Бирок алар Бишкекте токтобойт, анткени бул жерде алектенгидей эч нерсе жок, шаар кунарсыз – шаӊы, жаркын маанай тартуулаган деми сезилбейт.

Борбор калаа, тилекке каршы, обочодо калган, зеригиштүү шаарга айланып баратат. Анын абалын ого бетер начарлатып жатабыз. Ош базарын Каирдеги же Стамбулдагыдай эле ажайып жайга айлантып, көркүн ачып коюш керек. Аны бир гана туристтер көрө турган жай кылуунун кереги жок: базар жабылбай, эт, жашылча ж.б.у.с. сатыла берсин. Бирок аны эл ырахат алуу үчүн баргыдай кооздоп, көркүн ачса болот.

Шаарыбыздын камкор кожоюну жок. Бишкектин акыркы мэрлерин карасаңыз, шаарды эч кимиси жакшы көргөнү байкалган жок.

XS
SM
MD
LG