Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:55

Кыргызстандагы "ыйык булактар" жок болуп баратабы?


Ысык-Көлдүн тескей жээги.
Ысык-Көлдүн тескей жээги.

Кызыл деңиздеги кырдаал Транс-Каспий маршрутунун маанисин арттырат

“Тышкы саясатты изилдөө институту” (Foreign Policy Research Institute) 16-январда жарыялаган макалада Борбор Азиядагы “Ортоңку коридор” (Транс-Каспий маршруту) азыркы дүйнөлүк окуялардын фонунда Кытай жана Иранга кандай пайда алып келерин талдаган.

Феликс Чанг ошол окуялар арасында Йемендеги хуситтердин Кызыл деңиздеги соода кемелерин бутага алып жатканын, көптөгөн компаниялар кошумча жолдорду издешкенин мисал келтирет. Ошол чабуулдар баштала электе, былтыркы октябрда Иран, Казакстан, Түркия, Түркмөнстан жана Өзбекстандын өкүлдөрү коридордун экинчи бутагын салууну тездеттирүүнү талкуулашкан. Макалада айтылгандай, 2000-жылдардын аягында пайда болгон долбоордо жолду Европадан Кытайга Түркия, Кавказ тоолору, Каспий деңизи жана Казакстан аркылуу өткөрүү каралган. Ошондон бери өлкөлөр Евразиядагы эки башка долбоорлор – Орусиядагы Транс-Сибирь темир жолу - “Түндүк коридору” жана Инд океанындагы “Туштүк коридоруна” атаандаш маршруттун үстүнөн иштеп келишти.

Түркмөнстандагы темир жол
Түркмөнстандагы темир жол

Орусия Украинага басып киргенден бери ал жолдун мааниси артты. Чанг “Ортоңку коридорго” кирген өлкөлөр дагы башка соода-транзиттик маршруттарды өнүктүрүүгө да көңүл бурушканын, Түркмөнстан-Өзбекстан жолун салууда көбүрөөк жылыш байкалганын, бул – экономикалык өнүгүүгө, Москвадан болгон көз карандуулукту азайтууга шарт түзөрүн белгилейт.

Автор жазгандай, Ашхабад көптөн бери мунай менен жаратылыш газын экспортоонун каналдарын издеп жүрөт. Муну эске алганда түркмөн бийлиги башынан бери кеп болгон коридорду жактап келет. Каспий аркылуу соода артат деген үмүттө Түркмөнбашы шаарындагы порттун жылына 17 миллион тонна жүк кабыл алгыдай кылып өнүктүрүүгө каражат сарптаган.

Ал эми Ташкент көп жылдан бери темир жолдорун оңдоого, каржылык жана укуктук системасын реформалоого көнүл буруп келатат. Чанг бул кадамдар сооданы кеңейтүүгө жана чет жактардан инвестицияларды тартууга мүмкүнчүлүк берет деп эсептейт.

Муну менен катар Түркмөнстан-Өзбекстан жолуна Иранга чейин кетчү жаңы транзиттик бутактын кошулуусу Тегеран менен Бээжиндин кызыкчылыгына төп келмекчи.

Атап айтканда, Иранга маанилүү союздашы Кытай менен тыгызыраак байланыш түзүүгө өбөлгө түзүлөт. Ал эми Бээжин Африка жана Жакынкы Чыгыштагы таасирин арттыра алат.

Баку менен Париждин дипломатиялык тиреши

Le Monde гезити 19-январдагы санында бир нече убакыттан бери Азербайжан менен Франциянын ортосунда уланып келаткан дипломатиялык кер-мур айтышууга кайрылды.

“Баку Франциянын капчыгына сокку уруу менен коркутуп жатат” деген макаланын авторлору азербайжандык депутаттар өкмөттү Париж менен экономикалык байланыштарды үзүүгө чакырышканын, ага чейин тыңчы иши, Арменияга курал жөнөтүү жана башка айыптоолор жаңырганын жазышат.

18-январда азери мыйзам чыгаруучулары франциялык компаниялардын бирин калтырбай мамлекеттик тендерлерге катыштырбоону, Жаңы Каледониянын, Француз Полинезиясынын жана Корсиканын көз карандысыздыгын таанууну талап кылышты.

Азербайжандын парламенти. Иллюстрациялык сүрөт
Азербайжандын парламенти. Иллюстрациялык сүрөт

Андан мурда Франциянын сенаты Азербайжандын былтыркы сентябрда Тоолуу Карабакта аскердик операция жүргүзгөнүн айыптаган жана Бакуга санкция салууга, Армениянын аймактык бүтүндүгүн бузуу аракеттерин алдын алууга чакырган резолюция кабыл алаган.

Басылма шилтеме кылган азербайжандык саясат таанучу Нижат Хажиев Баку мунасага келүү керектигин каңкуулайт деп эсептейт жана Борбор Азиядан алган уранды Франция Азербайжан аркылуу гана ташырын эске салат.

Макалада эки өлкө ортосунда буга чейин болгон пикир келишпестиктер баяндалат. Алсак, ноябрда азери президенти Илхам Алиев Арменияны курал-жарак менен камсыздоо менен Париж Кавказда жаңы согушка шыкактап жатат деп билдирген. Декабрдын башында франциялык Мартен Райан аттуу бизнесмен Франциянын кызыкчылыгына тыңчылык кылган деген айып менен кармалган. Анын артынан Баку франциялык эки дипломаттын өлкөдөн чыгарган. Жооп иретинде Франция Азербайжандын эки дипломатын чыгарып, кармалган ишкерди кое берүүнү талап кылган.

30-декабрда Франциянын Эвиан деген жеринде белгисиз бирөөлөр 19-кылымда жашап өткөн азербайжандык акын Хуршидбану Натавандын эстелигине боек чачып кетишкен. Le Monde жазгандай, азери мамлекеттик маалымат каражаттары ал окуяны байма-бай чагылдырып, айрым расмий адамдар аны маданий алака-катышты үзүү аракети деп баалаганы бар.

Франциядагы армян диаспорасы 600 миң кишиден ашат. Өткөн октябрда Париж Ереванга аскердик жардамын көбөйтөрүн билдирген. Гезит белгилегендей, Европа биримдиги Бакуга санкция салуу ниетин болүшпөсүн кыйыткан. Ошондон кийин октябрда француз президенти Эммануэл Макрон “азыр жазалоочу чаралардын мезгили эмес”, Арменияны “жакшыраак коргоо зарыл” деп билдирген.

Кыргызстандагы "ыйык булактар" жок болуп баратабы?

The Associated Press жана бир катар башка маалымат каражаттары 18-январда Religion News Service кабар агенттиги Кыргызстандын Тоң районунан даярдап келген репортажын жарыялашты. Материалда жок болуп бараткан булактар, асыресе Манжылы-Ата мазары тууралуу кеп болот. Бөкөнбаев айылынын тургуну, экоактивист Бакыт Чойтонбаевдин айтымында, ошол булакка өлкөнүн жер-жеринен, кошуна аймактардан дарт-илдеттерден айыгууну, балалуу болууну эңсеген зыяратчылар келишет.

Ысык-Көл
Ысык-Көл

Макаланын автору Дайана Крузман булактардан тышкары ал чөлкөмдө диний же руханий мааниси бар, касиеттүү деп саналган бир катар жайлар адам баласы айлана-чөйрөгө келтирген зыяндан, климаттын өзгөрүүсүнөн жапа чегип келатканын жазат. Чойтонбаев акыркы 7 жылдан бери булактардагы суу тартылып баратканын байкаганын айтып берген. Муну ал жаан-чачындын азайышынан жана зыяратчылардын көбөйүшүнөн көрөт.

«Айгине» коммерциялык эмес уюмунун маалыматына ылайык, 2009-жылы Ысык-Көлдүн жээгинде 130дан ашуун ыйык жай бар болчу. Андай жаратылыш объектилеринин арасына касиеттүү көлдүн өзүнөн баштап эл барып сыйынган тоо чокулары, бак-дарактар, ысык булактар же күмбөздөр, мазарлар кирет. Ал жайларда көп учурда теңирчиликтин элементтери камтылган.

Макалада айтылгандай, изилдөөчү Айбек Самаков ошол ыйык жерлерди тизмектөөгө, жергиликтүү уламыштарды жаздырууга жардамдашкан. Анын пикиринде, “жаратылыш менен маданиятты, адам менен табиятты бөлүүгө болбойт”.

Андан ары Ысык-Көлдүн тартылып жатышы, жаан-чачындын азайышы, абанын мурдагыдан ысышы тууралуу сөз болуп, мындай көрүнүштөр Манжылы-Ата сыяктуу булактарга кандай таасир этери жакшы иликтенбегени айтылат. Ал эми жергиликтүү диний жамааттын жетекчилери булактардын бара-бара жок болуп баратышына руханий себептер эмес, эс алып, көңүл ачуу үчүн келген туристтердин кайдыгер, аеосуз мамилеси алып келүүдө деп эсептешет.

Ысык-Көл туш болгон экологиялык коркунучтар менен күрөшүү максатында Чойтонбаев туризмди өнүктүрүү менен алектенген бейөкмөт уюмун түзгөн, жергиликтүү бийликти Манжылы-Ата булагын биопарк деп таануу, айланасындагы жерлерди коргоо керектигине ынандырган. Активист белгилегендей, айлана-чөйрөнү коргоо менен бирге салттуу руханий ишенимдерди колдоо зарыл.

Макала Чойтонбаевдин: “Бир эле дин бар, бул – экология” деген сөзү менен жыйынтыкталган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG