Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:17

"Бийликтин “Азаттыкты” жабуу аракети тынчсыздандырат"


Баш кеңсеси Парижде турган “Чек арасыз кабарчылар” уюму кыргыз бийлигин “Азаттыктын” ишмердигин токтотуу тууралуу арызды соттон кайтарып алууга чакырды.

Уюмдун Чыгыш Европа жана Борбордук Азия боюнча бөлүмүнүн жетекчиси Жан Кавелье "Азаттыктын" айланасындагы жагдайга өтө тынчсызданып турганын айтты.

- Бул оболу цензурага карай кадам деп ойлойбуз. Биз нече айдан бери “Азаттык” радиосу кандай басым-кысымга кабылганына күбө болдук. Веб-сайты жабылды, адегенде эки ай дешкени менен белгисиз мөөнөткө узарды. Эми Маданият министрлиги “Азаттыктын” Бишкектеги кеңсесин жабууга киришиптир. Мындай аракеттер Кыргызстанда бийликтин айтканын “чындыктан” өйдө койгон жаңы иерархияны орнотуу ниети бардыгын айгинелейт.

Кыргыз бийлиги кине койгон материалда журналисттер сентябрда чек арада болгон жаңжалда жабыркаган эки тараптын тең көз карашын беришкен. Ал эми өкмөттүн бул материал “кимдир бирөөнүн пропагандасын тараткан” же “жек көрүүнү жараткан” деген өндүү айыптары такыр акылга сыйбайт. Бул кыргыз өкмөтүнүн дискурсуна туура келбегени үчүн “Азаттыкты” жабууга жөн гана шылтоо болгон деп түшүнөбүз.

- Жалпы эле өлкөдөгү сөз эркиндигинин азыркы абалына токтолсок. Кыргыз бийлигин көздөгөнү эмне деп ойлойсуз?

- "Азаттыкка" жасалган басым-кысым жана цензура аракети - кыргыз өкмөтүнүн “бул чындык”, “бул жалган” деген өзүнүн аныктамасы бардыгын айгинелейт. Мындай басым-кысым жана цензура орнотуу аракети өкмөт маалыматты көзөмөлдөөнү көздөй турганын көрсөтөт. Кыргызстан дүйнөдө сап башында болбосо да, Борбор Азияда салыштырмалуу ачык, сөз эркиндиги урматталган өлкө деп саналчу. Эми өлкө авторитардык жолго түшүп, маалыматты толук көзөмөлдөөгө умтулуп жатканы бизди терең камтама кылат.

- Кыргызстан эл аралык коомчулукка өзүн демократиялык, ачык коому бар, сөз эркиндигин урматтан өлкө деп көрсөтөт. Көз карандысыз медиага кысым, жарандык коомго басым өлкөнүн мындан аркы багытына кандай таасир этет?

- Биз Маданият минстрлигинин “Азаттыкты” жаап бергиле деп сотко кайрылганына терең тынчсызданып турабыз. Буга чейин эле көз карандысыз медианын жетекчисинин камалганына, иликтөөчү журналист Болот Темировдун өз мекенинен айдалганына күбө болдук. Бул абдан кооптуу белги. Анткени Кыргызстан чөлкөмдө авторитардык башкаруудан алыс өлкө болчу.

Кыргызстан Орусиянын жолоюна түшүп бараткандай, массалык маалымат жөнүндө мыйзамдын басымдуу бөлүгү орустардын мыйзамынын эле көчүрмөсүндөй таасир калтырат. Сөз эркиндигинин абалы менен көз карандысыз медиа кабылган жагдайга көз салып отуруп, өлкө авторитардык жолго түштүбү деп тынчсызданып жатабыз.

- Сиздин мекеме баштаган бир катар эл аралык уюмдар кыргыз бийлигин “Азаттыктын” ишмердигин чектеп, эл ишенген радионун иштешине бөгөт болбогула деп чакырып жатат. Бишкек мындай чакырыктарга кулак салабы?

- Албетте, кыргыз өкмөтү биздин үнүбүзгө кулак салат деген ниеттебиз. Анткени буга чейин президент Садыр Жапаровдун жана кыргыз бийлигинин "сөз эркиндиги кол тийгис жана журналисттердин коопсуздугун коргойбуз" деген убадасын бир нече жолу укканбыз. Бирок тилекке каршы, азыр “Азаттыкка” жана башка көз карандысыз медиага, журналисттерге каршы ар кандай укуктук чаралар кабыл алынып жатканын көрүп жатабыз.

Биз кырдаал дагы кайсы жагына өзгөрөрүнө жакындан көз салып турабыз. Кыргыз бийлиги эл аралык коомчулуктун кооптонуусуна, чакырыктарына кулак салаар деген үмүт менен турабыз. Ошол эле маалда кыргыз өкмөтүнүн "Азаттык” радиосун жаап, сөз эркиндигин муунтуп жаткан аракети Кыргызстандын эл аралык беделине шек келтирип жатканын бийликтегилер түшүнүп туруп, бирок ошого барып жатканы албетте, уят.

  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG