Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:24

Ондогон медиа уюм "Азаттыкка" каршы доо арызды чакыртып алууну талап кылат


"Азаттыктын" кабарчысы Бакыт Төрөгелди Бишкектин "Ала-Тоо" аянтында элдин пикирин сурап жатат.
"Азаттыктын" кабарчысы Бакыт Төрөгелди Бишкектин "Ала-Тоо" аянтында элдин пикирин сурап жатат.

Кыргызстандагы 25тен ашуун медиа уюм, жалпыга маалымдоо каражаты жана журналисттер Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигин “Азаттыкка” каршы доо арызын соттон чакыртып алууну талап кылды.

Медиа коомчулуктун кайрылуусу

Кыргызстандагы 25тен ашуун медиа уюм, жалпыга маалымдоо каражаты жана журналисттердин 24-январда жарыяланган билдирүүсүндө Маданият министрлиги ушу тапта “Азаттык Медианын” доо арызы боюнча жүрүп жаткан соттук териштирүүдө жоопкер экенин, бирок ал соттун чечими чыга электе эле “Азаттык Медианын” жалпыга маалымдоо каражаты катары ишин токтотууну суранып сотко кайрылып жатканы мыйзамга каршы келерин белгилеген.

Билдирүүдө “Азаттык Медианын” ишин токтотууга негиз катары коюлуп жаткан “согушту, зомбулукту, кастыкты үгүттөө” деген мүнөздөгү жүйө өтө олуттуу айып экени, андай кине кастык атайылап, системалуу түрдө жайылтылып жаткан учурда гана орундуу болору, ал эми редакция андай кылбаганы, болгону кеп болуп жаткан видео материалында эки өлкөнүн мамлекеттик расмий органдарынын маалыматын гана бергени белгиленди.

“Сот ЖМК ишин эгер ал коом үчүн кооптуу кесепеттерге алып келе турган мыйзам бузуучулукка системалуу түрдө жана карасанатайлык менен барып жаткан болсо, ошонун документалдык далилдери бар болсо токтото алат. Министрликтин доо аразы негизсиз. Себеби анда “Азаттык Медиа” мыйзамды системалуу түрдө бузганы тууралуу реалдуу фактылар жана негиздер келтирилген эмес. “Азаттык Медианын” жабылышы сөз эркиндигинин жана ЖМК плюрализминин чектелишин гана жаратпастан, жарандардын маалымат алуу укугунун чектелишине алып келет”,- деп айтылат билдирүүдө.

Ага “Медиа Полиси Институту” коомдук фонду, Журналисттердин көз карандысыз союзу, “Журналисттер” коомдук бирикмеси, “Журналисттик иликтөөлөр” фонду, “Медиа Консалт” фонду, ошондой эле бир катар басылмалардын жетекчилери жана журналисттери кол койгон.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “Азаттык Медианын” ЖМК катары ишмердигин токтотуу өтүнүчү менен Бишкектин Ленин райондук сотуна кайрылганы 23-январда белгилүү болду. Анын арызы 9-февралда каралат. Доо арызында мекеме кыргыз-тажик чек арасындагы окуя тууралуу жарыяланган видеоматериал өчүрүлө электигин жана ал социалдык түйүндөр аркылуу тарап жатканын белгилеген. "Азаттык Медиа" мекемеси “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзамдын 23-беренесинин "согушту, зомбулукту жана ырайымсыздыкты, улуттук, диний обочолонууну жана башка элдерди жана улуттарды жек көрүүнү насааттоого тыюу салынат" деген пунктун бузуп жатканын көрсөткөн.

23-январда "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун президенти Жейми Флай "Азаттык" радиосуна байланыштуу соңку жагдайга комментарий берип, "Кыргыз өкмөтү кандай кадамга барса дагы бизге ишенген аудиторияга кызмат кылууну улантабыз", - деди.

"Азаттык" - эркин медианын Кыргызстандагы карлыгачы"

Министрликтин кадамын бир катар коомдук ишмерлер, медиа серепчилер сындап чыгышты. Социалдык тармактарда министрликтин кадамын сындаган билдирүүлөр жарыяланып жатат.

"Азыркы кыргыз бийлигинен жарандык коом "эркин медиага кысым жасаба" деп ырааттуу талап кылуусу зарыл. "Азаттык" үналгысы - ошол эркин медианын Кыргызстандагы карлыгачы",-деп жазды Фейсбук баракчасына Борбордук Азия тарыхы, этнология, маданий тарых жаатындагы адис, тарых илимдеринин доктору, профессор Тынчтыкбек Чоротегин.

Белгилүү журналист Аскер Сакыбаева эгемендүү Кыргызстандын тарыхындагы "Азаттыктын" ордун белгилеп, анын айланасындагы соңку окуяларга кабатырлануусун билдирген.

"Азаттык" кыргыздын эркин журналисттери үчүн маяк. Канчалык тыюу салынып, чектөө коюлса да, иштей алаарын, чындык ал тарапта экендигин далилдеп келе жатат. Азыркы Маданият, маалымат министрлигинин жетекчилигинде иштеп жаткан кесиптештердин "Азаттыкты" жабууда бийликке курал болуп жатканы өкүндүрөт",-деп жазды.

"Сөз эркиндиги өлкөбүздүн эң жогорку баалуулуктарынын бири, бизге "Азаттык" керек",-деп жазды Фейсбукка белгилүү юрист, БУУнун Качкындар агенттигинин "Нансен" сыйлыгынын ээси Азизбек Ашуров.

"Маалыматка жетүүнүн жолу эркин болгон жерде өсүп-өнүгүү болот. Сөз эркиндиги кысымга алынган жерде өсүп-өнүгүү токтойт. Креативдүү экономика дейбизби же кайсы түр экономикалык өнүгүүнүн жолу болбосун сөз эркиндигинен башталат",-деп жазды “Китепстан” басма үйүнүн жетекчиси Бакытбек Абдуллаев.

Эл аралык коомчулуктун кооптонуусу

Баш кеңсеси Нью-Йоркто турган "Журналисттерди коргоо комитети" (The Committee to Protect Journalists - CPJ) кыргыз өкмөтүнүн "Азаттык" радиосунун ишмердигин токтотуу аракетин айыптаган билдирүү таратты. Уюм 23-январда тараткан билдирүүдө кыргыз бийлигин радионун сайтына коюлган бөгөттү алып салууга, банк эсебин ачууга жана маалымат каражаттарын ооздуктоону токтотууга чакырды.

"Азаттык" радиосу Кыргызстандагы эң көрүнүктүү жана кадыр-барктуу маалымат каражаттарынын бири жана анын кеңсесин жабуу өлкөдөгү сөз эркиндигинин көрсөткүчүндө кара так болуп калат", - деп жазылган.

Комитет "Азаттыкка" байланыштуу жагдайдан улам Кыргызстандын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине жана Юстиция министрлигине кат жолдоп, комментарий сураганын, бирок ал жоопсуз калганын белгиледи.

20-январда АКШ Сенатынын Эл аралык байланыштар боюнча комитетинин төрагасы Боб Менендес жана комитеттин мүчөсү Жим Риш Кыргызстандагы сөз эркиндигинин абалына жана "Азаттык" радиосу туш болгон чектөөлөргө тынчсыздануусун билдирип, президент Садыр Жапаровго кат жолдошту. Алар "Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө" мыйзам көз карандысыз медианы чектөө үчүн, өзгөчө "Азаттык" радиосунун сайттарын жана банк эсебин бөгөттөө үчүн колдонгонун айыпташкан.

Буга президент Жапаровдун басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев 22-январда Фейсбуктагы баракчасы аркылуу жооп берип, өлкөдө сөз эркиндигине кысым жок экендигин жана "Азаттык Медиа" боюнча чечим мыйзамдын талабына ылайык кабыл алынганын белгилеген.

Ага чейин Human Rights Watch уюму, "Журналисттерди коргоо комитети" жана Евробиримдиктин адам укуктары боюнча өкүлү Эймон Гилмор, кыргыз бийлигин "чектен чыккан цензурадан баш тартып, сөз эркиндигин коргоого" чакырышкан. АКШнын, Британиянын, Германиянын, Франциянын элчиликтери жана Европа Биримдигинин өкүлчүлүгү кыргыз бийлигине кайрылуу жолдогон.

Былтыр 26-октябрда Кыргызстандын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “Азаттык Медиа” мекемесинин веб-сайтын бөгөттөө чечимин чыгарган. Буга “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун дагы бир кызматы - “Настоящее время” телеканалынын сайтында кыргыз-тажик чек арасындагы 14-17-сентябрдагы окуялар тууралуу видео материалы негиз болгонун маалымдашкан. Министрлик өз арызын Кыргызстанда былтыртан бери иштеп баштаган "Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө" мыйзамга негиздеп жатат.

"Азаттык Медиа" бул материалдарда журналисттик стандарттар сакталганын жана мыйзамга каршы аракет жок экендигин белгилеп келет. Буга чейин радионун юристтери аталган чечимди жокко чыгаруу өтүнүчү менен алгач Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине, андан соң Бишкектин административдик сотуна кайрылган. Бул маселе боюнча алгачкы соттук жараян 26-январга белгиленген.

Сайтты жабуудан тышкары былтыркы жылдын 31-октябрында радионун “Демирбанктагы” эсеби эч кандай эскертүүсүз жана түшүндүрмөсүз бөгөттөлгөн. "Биринчи радио" техникалык себептерден улам деген жүйө менен "Азаттыктын" берүүлөрүн обого чыгарууну 23-октябрдан баштап токтоткон. 13-ноябрдан тартып НТС каналы "Азаттыктын" телерадио берүүлөрүн эфирден алган.

XS
SM
MD
LG