Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:21

Бийлик КТРКга "улуттук" макамын кайтаргысы келет


КТРКга караштуу телеканалдардын микрофондору. Иллюстрация сүрөт.
КТРКга караштуу телеканалдардын микрофондору. Иллюстрация сүрөт.

Министрлер кабинети "Улуттук телерадиокорпорациясы тууралуу" мыйзам долбоорун жактырып, аны Жогорку Кеңешке жөнөттү. Анда коомдук биринчи каналга "улуттук" деген макам берүү каралган жана башкы директорун президент дайындайт деген жобо бар.

Былтыр президент Садыр Жапаров Коомдук канал Байкоочу кеңештин мүчөлөрүнүн гана кызыкчылыгын көздөп калганын айткан. Айрым медиа эксперттер башкы каналдын "улуттук" деген макамын кайра калыбына келтирүү аракетин сындап келет.

"Улуттук телерадиокорпорациясы жөнүндөгү" мыйзам долбоорду президент Садыр Жапаров Министрлер кабинетине сунуштаган. Өкмөт аны жактырып, парламентке жөнөттү.

Документке ылайык, коомдук биринчи каналдын макамы "улуттук" деп кайра өзгөрөт. Ошондой эле каналдын башкы директорун мамлекет башчы дайындайт.

Садыр Жапаровдун кеңешчиси Чолпонбек Абыкеев "улуттук" деген макамды калыбына келтирүүнү биринчи каналдын жамааты суранганын айтып жатат.

Чолпонбек Абыкеев.
Чолпонбек Абыкеев.

"Негизи "улуттук" деген макам берсеңер деген сунуш ошол телеканалда иштегендерден чыккан. Бийлик тараптан болгон эмес. Былтыркы жылдан бери кайта-кайта коюлуп келе жатат. Экинчиден, "Байкоочулар кеңешин түзүп койгонубуз деле оң натыйжа берген жок" деген сөз дагы алар тараптан чыкты. Алардын арасында "интрига жүрүп, бизди бөлүп салышты, ынтымагыбыз ыдырады" деген ой-пикирлер кайта-кайта айтылган. Ошондуктан "улуттук" деген макам маселеси көтөрүлүп, мыйзам даярдалып, Жогорку Кеңешке жөнөтүлдү. Эми парламент аны кабыл алабы же кабыл албай коебу, же өздөрүнүн долбоорун киргизеби, бул алардын укугу. Дагы бир маселе, "улуттук" деген макам алгандан кийин алардын айлыгын көтөрүү дагы оңой болуп калат. Ушундай макам болсо айлык акыга кошумча каражат берилет. Ушундай чарбалык жагдайларды эске алуу менен сунуш берилип жатат. Калганын Жогорку Кеңеш чечет. Эми улуттук болуп өзгөргөндө улуттук идеологияга өзгөчө орун берилет. Азыр эми улуттук идеологиябызды көтөрсөк болот эле деген сунуштар дагы коомчулукта көп айтылып жатпайбы. Ушул жагы дагы эске алынып жатат".

Буга чейин Садыр Жапаров коомдук канал Байкоочу кеңештин мүчөлөрүнүн гана кызыкчылыгын көздөп калганын сындап, аны мамлекеттин карамагына өткөрүү керектигин билдирген.


Бирок Жогорку Кеңештеги "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын депутаты Эмил Токтошев коомдук каналга кайрадан улуттук деген макам берилишине каршы экенин айтты.

"КТРди кайра мурдагы калыбына алып келүү туура эмес. Себеби элдин ишеничинен кетип, "кара жашик" деген атка конуп, ошонун негизинде коомдук телеканал болуп кайра түзүлгөн. Жаманбы же жакшыбы, ал жерде байкоочулардын түзүмү бар. Ондон ашык байкоочу отурат. Алар ар катмардан Жогорку Кеңеште шайланат. Ошондуктан менин оюмча, буга тийишпей эле койгон оң. Себеби акыркы жылдары телеканалдын кадыр-баркы ансыз деле кетип калды. Азыр эми президенттик башкаруу деп, кайра түздөн-түз президентке баш ийсе, анда бийликти бир жактуу мактамай илгеркидей адатка айланат".

Парламенттеги "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясынын депутаты Нурлан Шакиев болсо телеканал мамлекеттин эсебинен каржылангандан кийин бийликке көз каранды болорун белгилеп, "улуттук" деген макамдын кайта берилишин колдой турганын билдирди.

Нурлан Шакиев.
Нурлан Шакиев.

"Мамлекеттик бюджеттен каржылангандан кийин баары бир аткаруу бийлигине сөзсүз көз каранды болот экен. Ал коомдук болуп өзгөргөндөн бери ушул тармактагы адис катары сырттан байкап, көрүп келе жатам, кайсы бийлик болбосун КТРдин башчысын бийлик дайындайт. Анын коомдук деген эле аты бар. Жөн гана көз боёмочулук болду. Ушул жаатта менежерлик дарамети бар, кандайдыр бир өзгөрүү болушун каалаган адам ал жерге директорлукка шайлана албайт. Баары бир бийлик тандаган гана адам шайланат экен. Ошондуктан элдин көзүн жөн эле боёбой бир жактуу эле болгону жакшы. Мен атын "улуттук" деп өзгөртүп, директорун бийлик дайындаганын туура көрөм. Анткени элди алдабай, баары ачык болот. Экинчиден, каалайбызбы-каалабайбызбы, бул канал мамлекеттик саясатты жүргүзөт. Алардын максаты - бийликтин саясатын элге жеткирүү. Алар коомдук болуп турганда аша чапкан жок деп ойлойсуңарбы? Андан бешбетер болбодубу, бийликтин оппоненттерин каалагандай "шыбады" го. Болуп келген нерсе боло берет экен да. Ал үчүн түп-тамыры менен өзгөртүү керек. Мындайча айтканда КТРде ыңкылап болушу керек, бул мүмкүн эмес".

Былтыр күзүндө медиа коомчулуктун айрым өкүлдөрү коомдук биринчи каналдын макамын өзгөртүүгө каршы чыккан. Эгер атайын мыйзам кабыл алынса, демократиялык принциптер бузуларын эскерткен.

Медиа эксперт Азамат Тынаев макамды өзгөртүү ордуна эмнеге коомдук канал боло албай калганын талдап, жыйынтык чыгаруу зарыл экенин белгиледи.

"Мурдагы тажрыйба эмнеге алып келгени дагы деле эсибизде. Эмне болгону, кандай экени башыбыздан өткөн. Коомдук телеканалдын идеясы деле ойлогон максаттарга жеткен жок. Бирок ушул жерден суроо жаралат: биз ошол идеяны толугу менен ишке ашырганга аракет кылдыкпы? Шарттарын аткардыкпы? Эгер андай болбосо анда улуттук телеканалыбызды мурдагы, эски калыбына келтирүүнүн максаты эмнеде жана андан кандай жыйынтык күтсө болот?".

Башкы телеканал "коомдук" деген макамга 2010-жылкы Апрель окуясынан кийин ээ болгон. Ага чейин Кыргыз телерадио комитети, КТР, Улуттук телерадиокорпорация деп аталып келген мекеменин маалыматтык саясатына байланыштуу сын-доомат байма-бай айтылып жүргөн.

Азыр КТРКнын Байкоочу кеңешинин 15 мүчөсү бар. Алардын бешөөнү президент, бешөөнү парламент жана калган беш мүчөсүн жарандык коом сунуш кылган талапкерлердин арасынан парламент тандап алат. Байкоочу кеңеш телеканалдын башкы директорун тандайт.

XS
SM
MD
LG