Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:17

Министрдин маеги: Батыш санкциясы жана кыргыз паспортуна кызыккандар


Жээнбек Кулубаев.
Жээнбек Кулубаев.

Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Германиянын “Немис толкуну” (Deutsche Welle) медиа компаниясына кенен маек куруп, Украинадагы согуш жана тышкы саясат боюнча суроолорго жооп берди.

Кыргыз коомчулугунда министрдин негизги эки маселе – Орусияга салынган санкциялар менен Кыргызстандын жарандыгын алган орусиялыктар тууралуу пикири талкуу жаратты.

Санкция маселесине министрдин жообу

Жээнбек Кулубаев “Немис толкуну” (Deutsche Welle) медиа компаниясындагы маегинде Кыргызстан АКШ жана Европа Биримдигинин Орусияга каршы санкцияларын эч качан бузбаганын билдирди.

Министр расмий Бишкек Батыштагы өнөктөштөрү менен келишимдерди так аткарып, ошол эле учурда Орусия менен соода жүргүзүп жатканын айтты.

“вТРЕНДde” берүүсүнүн алып баруучусу Константин Эггерт Кыргызстандын Орусия менен соода жүгүртүүсү 2022-жылдан тартып 245% көбөйгөнүнө кызыгып, согушка керектеле турган микросхемалар жана башка техника экспорттолгонун мисалга тартты. Министр ага мындайча жооп берди:

“Биздин маалыматтар сиздикине дал келбейт. Бизде бир аз өсүш бар, бирок мен 240% дегенди эч качан уккан эмесмин. Биздин өзүбүздүн статистикалык маалыматтарыбыз бар. Орусия жана КМШ өлкөлөрү менен соода жүгүртүү мурдагы жылдардагы деңгээлде деп эсептейбиз. Мен эч качан санкцияларды бузбаганыбызды жана бузбай турганыбызды ырастай алам. Биз Батыштагы өнөктөштөрүбүз менен болгон келишимдерди аткарабыз. Эки тараптуу Кытай, Орусия же КМШнын башка өлкөлөрү менен соода жүргүзүүгө эч ким тыюу сала албайт. Кыргыз өкмөтүнүн мүчөсү катары мен расмий түрдө айта алам, биз эч качан санкцияларды бузган жокпуз”, - деген министр.

Бирок улуттук жана эл аралык статистикалык маалыматтар көрсөтүп тургандай, соңку 1,5 жылда Бишкектин Орусияга экспорту 2,5 эсеге өскөн. Ошол эле маалда Европа өлкөлөрү менен АКШнын Бишкекке импорту да беш эсеге көбөйгөн.

Көбүнчө Европа, Азия жана Америкадагы өнүккөн өлкөлөрдөн согушка керектүү жогорку технологиялуу товарларды кыргыз бажысына каттап, андан ары Орусияга реэкспорттоо агымы күчөгөн.

“Азаттык” июнь айында Орусия кантип кыргыз компаниялары аркылуу согушка керектелүүчү товарларды сатып алып жатканы боюнча иликтөө жарыялаган. Көп өтпөй АКШ иликтөөдө аталган RM Design and Development, “ГТМЕ Технологии” компанияларын, андан тышкары “Прогресс лидер”, “Карголайн” деп аталган дагы эки фирманы санкциялык тизмеге киргизген. Ага чейин “Тро, Я” деп аталган дагы бир кыргыз ишканасы кара тизмеге илинген.

Батыш өлкөлөрү, АКШнын айрым сенаторлору кыргыз бийлигине Орусияга санкцияларды кыйгап өтүүгө жардам бербөөгө, мындай фактылар аныкталса, анын кесепети оор болорун утур-утур эскертип келет. Акыркы жолу Кыргызстанга сапар менен келген Европарламенттин Эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасы Дэвид Макаллистер Орусияга каршы санкцияларды сактабагандарды кескин айыптай турганын билдирген.

Буга чейин АКШнын Сенатындагы Эл аралык мамилелер комитетинин башчысы Боб Менендес санкциялык чектөөлөр бузулган жагдайга байланыштуу президент Садыр Жапаровго кайрылган.

Садыр Жапаров 9-августта “Кабар” агенттигине курган маегинде Боб Менендеске жооп берип, Кыргызстан Орусияга Батыш өлкөлөрү салган санкцияны кыйгап өтүүгө көмөктөшүп жатат деп айтууга негиз жок экенин билдирген.

Элдар Абакиров.
Элдар Абакиров.

“Орусияга согушта колдоно турган товарларды эч качан сатпаш керек. Бул мамлекетке экспорт, реэкспорт кыла турган башка деле товарлар көп. Согушка тиешелүү жабдыктарды сатып тобокелге барбаш керек. Эгерде санкциялык тизмедеги товарлар Орусияга чыгып жатканы билинсе, кыргызстандык компаниялардын баары санкцияга кабылат да, реэкспорт жана биздин экономикага терс таасири тиет. Маселени ага жеткирбеш керек. Эң жөнөкөй аткара турган жол ушул”, - деди ишкер Элдар Абакиров.

Өткөн айда АКШнын санкциясына кабылды делген кыргызстандык компанияларга байланыштуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) иликтөө баштаган. Анын жыйынтыгы азырынча белгисиз.

Министр паспорт маселесин жумушчу күчүнө байлады

Министр Жээнбек Кулубаевдин маегиндеги экинчи талкуу жараткан тема – бул Кыргызстандын жарандыгын алган орусиялыктар болду.

Журналист орусиялык белгилүү ишкерлер, саясатчылар Кыргызстандын жарандыгын жапырт алып жатканын айтты. Ал буга Орусия санкцияга кабылгандан улам орус паспорту менен чет жакта ишкерлик кылуу кыйындаганын билдирген.

Жээнбек Кулубаев жарандык маселесин Кыргызстандагы жумушчу күчү менен байланыштырды:

“Кыргызстандын жарандыгын алгандардын көбү - кайсы бир кезде Кыргызстандан кетип Орусияда жашап, ал жактын жарандыгын алгандар. Орусияда мобилизация башталгандан кийин көбү Кыргызстанга кайтып келүүдө. Кыргызстанда алардын туугандары, ата-энелери бар. Ал эми ишкерлер, саясатчылар Кыргызстанга келип бизнес жүргүзүүдө. Биз эркин мамлекетпиз жана сен орус экенсиң деп жарандык бербей коё албайбыз. Сиз жарандык алуу үчүн Тышкы иштер министрлигине кайрылсаңыз, мен аны өлкө башчыга сунуш кылам. 7 миллион калкыбыз бар. Кыргызстанда өтө чоң долбоорлорду баштап жатабыз жана бизге жумушчу күчү жетишпейт. Биздин өлкөнүн жараны болуңуз”.

Жакында эле теги москвалык финансист Михаил Жуховицкий орусиялыктар Кыргызстандын жарандыгын алууну улантып жатканын жарыялаган. Ал 13 досу Кыргызстандын жараны болгонун, бирок аны текшерүү мүмкүн эмес экенин, себеби жарандыкка кабыл алуу боюнча президенттин жарлыгы журналисттердин айынан жашырылганын билдирген.

Расмий маалыматтарга ылайык, президент Садыр Жапаров 2022-жылы “Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жөнүндө” 18 жарлык чыгарган. Жарлыктарда 4545 адам өлкө жарандыгына кабыл алынган.

“Азаттык” 2022-жылдын 31-декабрында чыккан №417 жарлыктан Орусияда таанымал болгон ондогон ири саясатчы, мамлекеттик кызматкер жана ишкерлер кыргыз жарандыгын алганын аныктаган. Кийин №417 жарлык да “президенттин кызматтык пайдалануу документи” деген жүйө менен жашырылып калды.

Саясат талдоочу Шаирбек Маматокторов министр Жээнбек Кулубаевдин маеги тууралуу мындай деди:

Шаирбек Маматокторов.
Шаирбек Маматокторов.

“Украина менен Орусиянын согушуна байланыштуу Кыргызстанга качып келген орусиялыктардын көбү биздин жарандыкты алып алды.

Алардын ичинде санкцияга кабылган орус чиновниктери Кыргызстандын паспортун көтөрүп жүргөнү жакшы көрүнүш эмес. Ушул маселеге тышкы иштер министри тиешелүү министр катары орундуу жооп берүү ордуна “бизге жумушчулар жетишпей жатат, ошондуктан жарандык бердик” дегени туура эмес. Бул уят. Эми мындан ары жок дегенде тышкы саясатта жети өлчөп бир кесип чечим кабыл алуу зарыл”.

Кыргызстандын президентинин басма сөз кызматы 18-августта Садыр Жапаров Кыргызстандын жарандыгына кабыл алуу жана жарандыгынан чыгуу жөнүндө жарлыктарга кол койгонун кабарлаган. Жарандык алгандардын көбү тарыхый мекенине кайтып келген этникалык кыргыздар экени айтылганы менен, тизме ачык жарыяланган жок.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG