Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:34

Иранды иренжиткен Азербайжан Израиль аркылуу куралданууда


Бакудагы аскерий парад. 26-июнь, 2011-жыл.
Бакудагы аскерий парад. 26-июнь, 2011-жыл.

Азербайжан жана Израиль аскерий-техникалык кызматташтык боюнча 1,6 миллиард долларга эсептелген келишим түзгөнүн Израиль тарап ырастады.

Ага ылайык, Азербайжан Израилден учкучсуз башкарылуучу учактарды, абадан жана ракетадан коргонуу системаларын сатып алат. Бул жаңылык Иран Азербайжанды Израилдин атайын кызматына өз аймагынан аракеттенүүсүнө жол берип жатат деп айыптаган учурга туш келди.

The “Jerusalem Post” гезити жазгандай, Азербайжанга аскерий техника сатууну караган келишимди мамлекеттик Israel Aerospace Industries (IAI) компаниясы аткарат.

Израилдин Коргоо министрлигинин жашыруун калууну каалаган расмий өкүлүнүн айтымында, келишим мурдатан эле даярдалып келинген жана бул Ирандын өзөктүк программасына же анын агенттеринин Индияда, Таиландда, Грузияда жана Азербайжанда Израилдин дипломаттарын өлтүрүү аракеттерине жооп чара эмес.

“Эмне үчүн Иранга кылчактайт?”

Азербайжан менен алты жүз чакырымга созулган чек арасы бар Иран жакында эле бул коңшусун өз аймагында Израилдин атайын кызматы – Моссаддын аларга каршы аракеттенүүсүнө жол берип жатканы үчүн айыптаганын эске алганда, жаңы келишим Тегеран менен Бакунун мамилесин дагы татаалдаштырбайбы? Биз бул суроону Азербайжан парламентинин депутаты, саясат таануучу Расим Мусабековго жолдодук:


- Эгер Иран Азербайжан менен мамилесин курчутууга жүйөө издей берсе, аны такай табууга болот. Бирок иштин маңызына келсек, Азербайжандын Израиль менен аскерий –техникалык кызматташтыгы бүгүн же кечээ эле баштала калган жок. Анын өз тарыхы бар. Тилекке каршы жаңы технолгияларга ээ өлкөлөр: АКШ, Европа мамлекеттери Азербайжанга бул маселеде жардам берүүдөн баш тартышкан. АКШ жана Европа мамлекеттери менен лицензиялык келишимдеринен улам Түркия да муну ишке ашыра албайт. Ал эми Израилде мүмкүнчүлүк да бар жана буга даярдыгын көргөзүүдө. Азербайжанда болсо мунун баарын төлөгүдөй каражат бар. Андыктан, Азербайжан бул маселеде эмне үчүн Иранга кылчактайт. Эгер Ирандын Азербайжанга карата жаман ойлору жок болсо, Азербайжандын Израиль менен аскерий-техникалык кызматташтыгы аларды камтамага салбоосу керек.

Расим Мусабеков “Азаттыктын” кабарчысы менен маегинде Азербайжан коргонуу жөндөмүн тынымсыз чыңдап, жаңы курал-жарактарды сатып алып жатышын төмөнкү жагдайлар менен түшүндүрдү:

- Анткени биз Орусия курал менен бекер жабдып жаткан Армения менен согуштабыз, жаныбызда адекваттуу эмес Иран бар. Орусиянын Түндүк Кавказында да кырдаал анча тынч эмес. Андыктан Азербайжан биздикиндей кырдаалда турган өлкө үчүн зарыл чараларды көрүүдө жана мындай мүмкүнчүлүккө ээ.

Азери парламентинин депутаты Расим Мусабеков “Азаттыктын” кабарчысы менен маегинде кошумчалагандай, Израиль Азербайжандын совет доорунан калган аскерий учактары менен катар Т-72 үлгүсүндөгү эски танктарды модернизациялоо боюнча да тендерди утуп алган.

Эки өлкө ортосунда Азербайжанга учкучсуз башкарылуучу учактардын эки түрүнөн алтымышты сатууну караган келишим бардыгы жана тараптар мындай учактардын ракетасы барларын биргелешип жасоону талкуулашканын Израилдин гезиттери былтыр эле жазып чыккан.

Израилде жасалган, бирок Азербайжандын аскер аба күчтөрүнүн белгиси бар аппарат Азербайжан менен Армения талашып келе жаткан Тоолуу Карабахтын аймагында атып түшүрүлгөнү былтыр сентябрда кабарланган.

Ирандын дооматы

Вашингтондо жайгашкан иликтөө уюму - Америка тышкы саясий кеңешинин Европа жана Евразия боюнча эксперти Уэйна Меринин пикиринде, Азербайжандын Израиль менен жылуу мамилеси Иранды узактан бери эле иренжитип келет. Ага катар Тегеран көптөн бери эле Азербайжан Израилдин атайын кызматы - Моссадга өлкө аймагынан аракеттенүүсүнө мүмкүндүк берип жатат деген ишенимде:

- Ирандыктар Баку азыркы учурда Израиль тарабынан чалгын операциялары үчүн база катары колдонулуп жатат деген ишенимде. Ал электрондук тыңшоо же агенттерди киригизип-чыгаруу болушу мүмкүн. Иранда Азербайжан анын түндүк периметринен Израиль ислам республикасы менен атаандашууда колдонгон аймак деген пикир бар.

Мына ушул жүйөөлөрдөн улам ай башында Азербайжандын Тегерендагы элчиси Ирандын тышкы иштер министрлигине чакыртылган. Өзөктүк программага тартылган үч-төрт окумуштуу-физиктин киши колдуу болушун Моссаддан көргөн Иран бул операциялар Азербайжандын аймагы аркылуу ишке ашырылышы мүмкүн деген ойдо.

Азери тарап Тегерандын дооматтарын “жалаа” жана “абсурд” деп атаган. Январдын соңунда Азербайжандын коопсуздук кызматы Израилдин элчисин, жергиликтүү раббинди, улуту жөөт белгилүү адамды өлтүрүү боюнча кутумдун бети ачылганын жарыялаган. Полиция бул кутумга байланыштуу эки азерини камакка алган. Израилдин дипломаттарын бутага алган чабуулдар Индияда, Таиландда, Грузияда кайталанганда байкоочулар муну Ирандын физик-окумуштуулардын өлүмү үчүн өч алуу аракети катары мүнөздөшкөн. Ишке ашкан жана алдын алынган чабуулдар үчүн Израиль Иранды айыптаган.

Эми Израил Азербайжанга аскерий жабдуу сатып жатканы жөнүндөгү кабар Ирандын талаштуу өзөктүк программасы боюнча кырдаал абдан чыңалып турган учурга туш келди. МАГАТЭнин жакында эле Иранга барган эксперттер тобу ал жактан Тегеран уран байытуунун ыргагын күчөттү, анын өзөктүк программасынын ыктымал аскерий өңүтү боюнча олуттуу тынчыздануу бар деген тыянак менен кайтты.

XS
SM
MD
LG