Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:11

Эмгеги жүз жылдан кийин жарык көргөн Молдо Кайып


Акын Молдо Кайыптын "Казал-мурас" китебинин бет ачары. Алыкул Осмонов атындагы улуттук китепкана. 25-ноябрь,2023-жыл.
Акын Молдо Кайыптын "Казал-мурас" китебинин бет ачары. Алыкул Осмонов атындагы улуттук китепкана. 25-ноябрь,2023-жыл.

XIX кылымдын экинчи жарымында, XX кылымдын башында жашап өткөн жазгыч акын Молдо Кайыптын китеби алгачкы жолу жарык көрдү. "Казал-мурас" аталышындагы бул эмгекке анын санат-насыят ырлары, дастандары камтылды. Молдо Кайыптын китебинин чыгышы менен кыргыз адабиятынын жаңы барагы ачылып отурат.

Мусаапырлык түшмөйүн,

Эл кадырын билбейсиң.

Каруу-кубат кетмейин,

Бел кадырын билбейсиң.

(Молдо Кайып)

112 жылдан кийин жарык көргөн эмгек

Адабият деген алп дүйнө жер бетинде адам тирилиги уланып турган чакта аны менен киндиктеш жашай берет эмеспи. Аны ар бир доордун көсөмдөрү, тирикарак чечендери, акындары жаратары маалым. Алар өз учурунун олку-солку мезгилдеринен баштап, жаратылышты, өмүр-өлүмдү, адам баалуулуктарын даңазалап өтүшөт. Анан мындай мурастар кылым элегинен өтүп отуруп, далай иргелет. Айрымдары кумга сиңген суудай жоголсо, айрымдары кези келгенде кумдан чайкалган алтындай жарк этип чыга келет.

"Казал-мурас" китеби.
"Казал-мурас" китеби.

Мына, XIX кылымдын экинчи жарымында жана XX кылымдын башында Кара-Кулжа чөлкөмүндө жашап өткөн төкмө жана жазгыч акын Молдо Кайып Козубай уулунун “Казал-мурас” китебинин жарык көрүшү буга мисал. Анын эмгеги көзү өткөндөн 112 жылдан кийин жарык көрүп отурат.

Китептин бет ачар аземи Алыкул Осмонов атындагы улуттук китепканада өттү. Саамалыкка өлкөдөгү белгилүү акын-жазуучулар, тарыхчылар, адабиятчылар, окумуштуулар, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, ошондой эле акындын урпактары катышты.

"Казал-мурас" китебинин бет ачар аземи. 25-ноябрь, 2023-жыл.
"Казал-мурас" китебинин бет ачар аземи. 25-ноябрь, 2023-жыл.

Бишкектеги “Улуу Тоолор” басмаканасынан 1000 нускада басылып чыккан “Казал-мураста” акындын санат-насыят ырлары, казалдары, дастандары, поэмалары жана башка акындар менен айтыштары чогултулган. Материалдар Кол жазмалар фондунан, акындын урпактарынан, эл оозунан, аны менен айтышкан башка акындар жөнүндө китептерден жана изилдөөлөрдөн алынган.

"Сабатсыздыктан улам нечен мурас жоголду"

Китептин баш сөзүн Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы, акын Нурлан Калыбеков жазып, тарых илимдеринин доктору Сулайман Кайыповдун жана башка илимпоздордун рецензиялары камтылган. Эмгекти эл акыны Маркабай Ааматов көп жылдардан бери эл ичинен жыйнап, басмага даярдаган.

Ал акындын ырлары көзү өткөн соң билимсиздиктин, көңүлкоштуктун айынан чачылып кеткенин айтты:

Маркабай Ааматов.
Маркабай Ааматов.

“Ал убакта басмалар деле жок болчу да. Тилекке каршы кол китептери да сакталбай калган экен. Айрым маалыматтарга караганда акындын кээ бир эмгектери замандашы Жаныбек казы чет мамлекетке чыкканда анын колунда кошо кеткен экен. Акындын көзү өткөндөн кийин аялы Сержан Алайкууга бара жатып көчкүгө кабылып, мурастары көчкү алдында калган деген да кептер бар. Ушинтип отуруп ырлары эл оозунда гана калып кеткен экен. Бул китепти жыйнап чыгаруу демилгесинин башында Кыргыз Республикасынын Эл Баатыры, акын Сооронбай Жусуев турат. Андан сырткары эл акыны Төлөгөн Мамеев, коомдук ишмер Жаңыбай Жамшитов агаларыбыз турат. Ушулар “Кара-Кулжа” ынтымак коомунун жыйындарында Молдо Кайыптын мурасы элге жетиши керек деп дайыма айтып жүрүшүп, бул милдетти өнөр адамы катары мага тапшырышкан. Мен он жылдан ашык изилдеп, Ысык-Көл, Ташкент, Анжиянды кыдырып, эл аралап, чачылып кеткен ырларын эл оозунан жыйнап жүрүп, ушул китеп чыкты. Эми муну жалпы элге, окумуштуулар чөйрөсүнө таратып жатабыз. Унутта калып кеткен адабияттын өкүлдөрү өтө көп, ошолордун баарын биз изилдеп чыгып, эмгектерин топтоп, кийинки муунга өткөрүп бере турган болсок, адабий-маданий мурасыбызды байыткан болот элек. Элдин сабатсыздыгынан улам, советтик доордогу НКВДнын кысымынан улам арап арибинде жазылган нечен мурас жоголуп кетти да”.

"Казал-мурас" китеби.
"Казал-мурас" китеби.

Акаевдин аткарылбаган убадасы

Молдо Кайыптын тарыхый жолу, чыгармачылыгы жана агартууга кошкон салымы жөнүндө буга чейин бир нече илимий изилдөөлөр жүргөн. Ар кайсы китептерде да анын чыгармаларынан үзүндүлөр келтирилип, айрым ырлары жана дастандары “Ала-Тоо” адабий журналына басылып чыккан. Кыргыз Эл акындары Сооронбай Жусуевдин жана Төлөгөн Мамеевдин, тарыхчы Өскөн Осмоновдун, журналисттер Жазгүл Тентиеванын, Аскар Коңурбаевдин, Курманаалы Сарысейитовдун макалаларында, изилдөөлөрүндө жана чыгармаларында да эскерилген.

"Казал-мурас" китебинин бет ачар аземи. 25-ноябрь, 2023-жыл.
"Казал-мурас" китебинин бет ачар аземи. 25-ноябрь, 2023-жыл.

Акындын арап тилиндеги 380 сап ырдан турган оригинал кол жазмалары Улуттук илимдер академиясынын кол жазмалар фондунда сакталып турган. Муну 1990-жылдары тунгуч президент Аскар Акаев Кара-Кулжанын эли менен болгон жолугушууда кеп кылган. Ал “Акындын чыгармаларын эл ичинен жыйнап, изилдеп, китеп кылып чыгарууну илимдер академиясынын жетекчилигине табыштадым” деп да айткан экен.

Китепти түзүүчүлөрдүн айтымында, тилекке каршы, Акаев сөз сүйлөөрдө жардамчылары тарабынан кол жазмалар фондунан алынып келген акындын ырлары кайра академияга кайтпай, жоголуп кеткен экен.

"Кээ бир эмгектери кирбей калган"

Тарых илимдеринин доктору Байболот Абытовдун айтымында, Молдо Кайыптын дагы башка айрым ырлары “Казал-мураска” кирбей калган.

Байболот Абытов.
Байболот Абытов.

“Китепте Молдо Кайып деп кетиптир. Биз билгенден Молдо Кайым деп айтылат. Анын казалдары мурас катары чыгарылып турганы жакшы жөрөлгө болуп турат. Ал дүйнө таанымы терең, элди-журтту, нарк-насилди, тарбияны, текти билген, аларды насыят ырлары аркылуу элге жеткире алган акындардын бири болгон. Көпчүлүгү аны Кара-Кулжадан чыккан эмес деп ойлойт, бирок ал көп жерлерде жүрүп, аттуу-баштуу акындар менен жакындан тааныш болгон. Тилекке каршы, китепке кээ бир эмгектери кирбей калыптыр. Маселен анын “Беш болуш” деген кошогу бар. Бул Алымбек датка менен Курманжан датканын беш уулу тууралуу. Бул чыгармасы ОшМУнун кол жазмалар фондунда Токтош Танаев деген агайыбыз топтогон эмгектеринин ичинде жүрөт. Мындан сырткары Мамади Байымбетов деген эл мугалими болгон, ал дал ушул Молдо Кайыптын айылынан. Анын дептерлеринде “Беш болуштан” башка Алымбек датканын, Абдылдабектин, Камчыбектин өлгөнүндө Курманжан датканын кошкон кошоктору бар. Бул кошоктор жөн кошок эмес, алардын кылган кызматын чагылдырган кошоктор болгон. 2003-жылы Мамади агай көмөк көрсөтүп, Жазгүл Тентиева деген кызыбыз акын тууралуу дипломдук иш жазган. Анда Молдо Кайыптын көп эмгеги, өмүр баяны чагылдырылган. Ошолор да бул китепке камтылса жакшы болмок. Абдылдажан Акматалиев менен биргеликте тарых менен филологияны айкалыштырган кандидаттык диссертацияны Жазгүл Тентиевага тапшырганбыз. Тилекке каршы Жазгүлдүн ал эмгеги акырына чыкпай калды. Бирок канткен менен ушул китептин чыгып жатканы кубандырат”.

Маркабай Ааматов эми китепке кирбей калган акындын эмгектери алдыда 180 жылдыгына карата чыгарылчу китепке камтылат деп турат.

Молдо Кайып ким болгон?

Окумуштуулардын айтымында, Молдо Кайып өз заманынын илим-билимдүү инсаны катары, төкмө жана жазгыч акын катары белгилүү болгон. Акын Кара-Кулжа районундагы азыркы Кашка-Жол айыл аймагына караштуу Тоготой кыштагында 1847-жылы (айрым маалыматтарда 1848-жылы) төрөлүп, чөлкөмдүн ушул эле Тоготой жана Алтын-Күрөк айылдарында жашап өткөн. Акын бала чагынан Кашкар шаарында билим алып, кийин илимин Бухара жана Кокон шаарларында уланткан экен. Эс тарткан соң өзү да медреседе жана үйүндө балдарды окутуп, журтту агартууга салым кошкон.

Ал Кокон хандыгынын тушунда Алымбек Датка, Курманжан Датка башында турган мааракелерде жана башка иш-чараларда айтыштарга катышып турган. Акын Ош, Кара-Кулжа, Алай, Кара-Суу, Баткен, Аксы, Бухара, Анжиян, Кокон, Кашкар жана башка аймактарга чейин таанылган. Акындын чыгармалары арап арибинде тери менен кагазга жазып калтырылган жана эл оозунда сакталып калган. Жазгыч акын 1911-жылы 64 жашында кайтыш болгон.

"Акын актуалдуу темаларды көтөрүптүр"

Филология илимдеринин доктору Кадыралы Коңкобаев Молдо Кайыптын бүгүнкү доордун актуалдуу маселесин көтөргөн ырларды мурас кылганын, алар мектеп программаларына кирсе, кийинки муунга өрнөк болот эле деген ойдо:

Кадыралы Коңкобаев.
Кадыралы Коңкобаев.

“Бүгүн кыргыз маданиятынын дагы бир актай барагы толтурулду десем ашыкча болбойт. Бүгүн биздин коомчулукту маңкурттукка айлантып бара жаткан терс таасирлерден кутулуу үчүн бир кылым мурун аталардан калган мурасты таанышыбыз керек. Бизде “жети атасын билбеген жетесиз кул” дейт. А жети ата кандай доорлорду басып өткөнүн окумуштуулар так билбей, ар ким ар кандай жоромолдоп жүрүшкөн. А Молдо Кайып бул тууралуу жакшы казал калтырыптыр. Жети атаны тактап берип, аларда кийинки урпактары кандай мамиле кылышы керек деген нерсени абдан таамай берген. Экинчиден дагы бир “Кыз тарбиясы” деген казалы бар экен. Окуп алып таң калдым. Бүгүнкү Кыргызстандагы аялдар проблемасы эң актуалдуу маселе. Эркектердин акмактыктарын басма сөздөн угуп алып ооз ачылат. Кулак-мурдун кесет деген эмне деген жорук? Акындын эмгегинде кыз балага кандай мамиле, кандай тарбия керек баарын жакшы жазыптыр”.

"Казал-мурас" китеби.
"Казал-мурас" китеби.

“Казал-мурас” китебинин жыйналышы, жарык көрүшү Молдо Кайыптын 4 уулунан тараган урпагынын жапа тырмак колдоосу менен ишке ашты. Эми алдыда алар акындын чыгармачылыгын дагы жайылтуу максатында анын атындагы фонд түптөөнү көздөп турушат. “Казал-мурастын” бет ачарында сөз сүйлөгөн маданият өкүлдөрү болсо алдыда акындын чыгармачылыгы дагы терең изилдениши керек деген маселе көтөрүштү.

Кара-Кулжадан келген химия жана биология мугалими Анарбай Ыдырысов Молдо Кайыптын төртүнчү урпагы (кыбырасы). Ал бубасы тууралуу бала чагында эл ичинен көп кептерди эшитип келгенин айтат:

Анарбай Ыдырысов.
Анарбай Ыдырысов.

“Ал мезгилде ар бир айылда жок дегенде төрт-беш адам колумдан тартып, бубаңдын ырын айтып берейин деп айткан учурлар болгон. Азыр мен 60 жаштан өтүп, андай кишилер калбай калды. Азыр мен уккан ырлардан бул китепке кирбей калганы көп. Бул менимче келечектин иши. Дагы изилдесе болот. Менин угушума караганда, бубам жашынан зирек, куйма кулак киши болгон экен. Эми Молдо Кайыптын фондун түзүп, көп иштерди жасасак деген максатыбыз бар”.

Кыргыз элинде салттуу төкмө акындык менен чогуу “молдо” лакабын алып жүргөн жазгыч акындар феномени бар. Алар төкмөлүктөн сырткары диний жактан да сабаттуу болуп, өз чыгармаларын арап арибинде жазып калтырышкан. Алардын сап башында Молдо Нияз (Нияз Эрназар уулу) турат. Ошондой эле жазгыч акындар Нурмолдо (Нурмолдо Наркул уулу), Молдо Кылыч (Кылыч Шамыркан уулу), Тоголок Молдо (Байымбет Абдырахман уулу), Алдаш Молдо (Алдаяр Жээнике уулу), Молдо Багыш (Багыш Сарыбай уулу), Молдо Кайып (Кайып Козубай уулу) жана башкалар да өз атына кошумча ушундай лакап алышкан.

Кыргыз адабияты көркөм дөөлөттөргө бай экенин кылымдарды карытып келген “Манас” эпосу эле далилдеп турат. Мындан сырткары 13-кылымдагы Кет Буканын, 14-кылымдагы Токтогул ырчынын, ушул эле доордо жашап өткөн кыргыз-казакка орток ырчы Асан Кайгынын үзүл-кесил болсо да эмгектери айтылып, ысымы эл аралап кетпедиби.

А кийинки доордогу Калыгул Бай уулунан бери алсак, Арстанбек, Жеңижок, Токтогул Сатылганов баштаган залкар санатчы-төкмөлөр, Молдо Нияз, Молдо Кылыч баштаган улуу төкмө жана жазма акындар таскак салды. Алардын бизге жеткен эмгектери бүгүн да “жашап жатат”. Бул көсөмдөр менен катарлаш өткөн дагы далай акындардын оозеки жана жазылган ыр-мурастары өткөөл доорлордо изин таптырбай кетти. Бирок изилдөөчүлөрдүн мээнети менен чети оюлуп жатат.

Баяныбыздын соңунда Молдо Кайыптын айрым ырларынан үзүндү келтиребиз.

СӨЗ БАШЫ

Эй, Молдо Кайып атым бар,

Эки ооз айткан ырымды,

Эп тутуп айткан акындар.

Элимде чыккан атым бар,

Элимде чыккан атымды,

Элине жайган акындар,

Ээликкен кезден өтүп мен,

Эңкейип калган жашым бар,

Эңкейип калган кезимде,

Эс кылып айтар акым бар,

Эс кылып айткан ырымды,

Эсине сактаар асылдар!

Алмадай башта акыл бар,

Алмадай башта акылды,

Айлыма айтар акым бар,

Аны сактап көөнүнө

Айта жүрөр асылдар,

Ар дайым болбойт тегиз дейт,

Ак менен кара эгиз дейт,

Артыман жаман сөз кылар,

Акылдан курук бакылдар,

Айыңга жаны жакындар!

БУРАДАР

Жан дүйнөмө баш бакпа,

Жан дүйнөмө баш баксаң,

Жабыктырар ташты атпа,

Жандап өтүп баратсам,

Жарадар кылып аксатпа.

Ыр дүйнөмө түкүрбө,

Кадырымды түшүрбө,

Шынаа какпа бүтүнгө,

Сага турсам жан тартып,

Мени душман күтүнбө,

Мөгдөй түшсөм азыраак,

Бүттү экен деп түшүнбө.

Жугунду төкпө дүйнөмө,

Жаман-жуман сүйлөнө,

Кык салганда ажарын,

Ачат билгин гүл деле,

Кастык кылсаң курчуймун,

Пастык кылсаң өсөмүн,

Аман турса өзөгүм,

Ташты келет көзөгүм,

Акмактар жүрсө чыр менен

Молдо Кайып ыр менен,

Кылымга кетер сыр менен,

Казалда төгөр дил менен,

Билип алсын билбеген!..

ДОС ТУТПА

Түгөнбөс сага санатым,

Урпагым учаар канатым,

Абалкы кептен угуп ал,

Акыйкат сүйлөөр адатым,

Болбостун айтам жөнүнөн,

Булбулдай таңшып төгүлөм,

Көөнүңө сакта жаш бала,

Көрөңгө таап сөзүмөн.

Болор бала шок болот,

Бой жеткенде токтолот,

Боконо сөөгү ката элек,

Элим деп күйүп октолот,

Ошондойдон боло көр,

Назарга сынга толо көр.

“Жараса ушул жарайт” деп

Үмүткө колду созо көр.

Акылымды ук бала,

Акыл айтсам уктаба,

Көөнүңө насаат жугузуп,

Кыялың менен уч бала.

Катардан чыгат билбеген,

Билим ал бала дил менен,

Айтамын сага туюнтуп

Дос болбош керек ким менен...

Турмуштун жолу табышмак,

Тайгылба балам, чалыштап.

Акылын угуп атаңдын,

Алга бас кенен арыштап.

Жашоонун жолу табышмак,

Жаңылып баспа, чалыштап.

Улуунун угуп акылын,

Умтулгун алга арыштап...

  • 16x9 Image

    Максат Жангазиев

    "Азаттыктын" кабарчысы. 2015-жылы КУУнун филология факультетин, 2020-жылы КМЮАнын башкаруу жана укук факультетин аяктаган. Ч.Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаты. "Жүрөк үнү" аттуу ыр жыйнактын автору.

XS
SM
MD
LG