Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:56

Ереванда жүздөн көп киши кармалды


Армениядагы нааразылык акциялар учурунда тартылган сүрөт.
Армениядагы нааразылык акциялар учурунда тартылган сүрөт.

Ереванда нааразылык акциясына катышкан 100дөн ашуун киши кармалды. Мурдагы президент Серж Саргсяндын өкмөт башчылыкка шайланышына каршы митингдер бир жумадан бери тынбай келатат.

19-апрелде жүздөгөн киши оппозициячыл депутат Никол Пашиняндын чакырыгы менен өкмөт имараты жайгашкан Республика аянтына чогулду. Полициянын маалыматына ылайык, тартип коргоочулар кире беришти бошотууга аракеттенип, 106 киши кармалды.

Айрым маалыматтарда полиция күч колдонгону айтылууда. Анын алдында “атайын коргоого алынган жайлар” тууралуу билдирүү таратылып, ал имараттарга мыйзамсыз кирүүгө аракеттенген демонстранттарга каршы “күч колдонулаары” эскертилген.

Миңге жакын киши башкалааны аралап жүрүш уюштургандан кийин мэриянын жанындагы паркка жайгашышты. Мындай нааразылыктан уламбы, өкмөт башчы Серж Саргсян кабинеттин алгачкы жыйынын бир нече саат кеч өткөрдү. Пашинян баштаган демонстранттар полицияны куралдарын таштап, аларга кошулууга чакырышты.

"Армения эли коррупцияга, адилетсиз саясий системасына каршы баркыт революциясын жарыялады. Серж Саргсян болсо Армениядагы паракорлуктун символуна айланып калган десек болот", - дейт Пашинян.

Ал тапта өкмөт үйүнүн жанында акцияны чагылдырып жаткан журналистти сабап кетишкени белгилүү болду. Тирайр Мурадян демонстранттарга окшобогон эки жигиттен таяк жегенин "Азаттык" радиосуна айтып берди. Журналист догдурларга кайрылып, бир нече саат ооруканада жатып чыкты.

Мурдагы президент Серж Саргсяндын кызмат мөөнөтү аяктаары менен премьерликке шайланышына каршы нааразылык акциялар башталганына бир жумадан ашты. Башкаруудагы Республикалык партиясы Пашинянды диалогго чакырды.

Кошмо Штаттар тараптарды зомбулуктан карманууга, Орусия болсо мыйзамдарды урматтоого үндөдү. Жаңы президент Армен Саркисян коомдук тартипти бузууну айыптаган билдирүү жасады.

2008-жылы өлкөдөгү эң жогорку кызматка биринчи жолу шайланган Серж Саргсян Москва менен жакшы мамиле түзгүсү келет. 2015-жылкы референдумда армениялыктар парламенттик системага өтүү сунушун колдошкон. Муну менен өкмөт башчынын ыйгарым укуктары кеңейтилген, президенттикки, тескерисинче, чектелип калды.

Буга чейин Саргсян премьерликке умтулбасын айтып келген. Оппозиция аны убадасына турбагандыгы үчүн да сындап келатат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG