Армен Саркисян дүйшөмбүдө Ереванда ант берип, Армениянын Советтер союзу ыдырагандан берки төртүнчү президенти болуп калды. Ал өлкөнү он жылдан бери башкарып келген Серж Саргсяндын ордун басты.
Экөөнүн фамилиясы окшош угулганы менен тууганчылык байланышы жок. Ошентсе да жаңы президент мурдагы президенттин партиясынын же бийликтеги Республикалык партиянын мүчөсү.
Андыктан Армен Саркисян инаугурациядагы сөзүндө мурдагы президентти мактап өттү:
"Армениянын Евразиялык экономикалык биримдикке мүчөлүгү жана Евробиримдик менен кеңири өнөктөштүк тууралуу келишимге кол коюлганы - өлкөнүн өнүгүшүнө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү тартуулайт. Парламенттик башкаруу системасы ага эң мыкты шарт түзүп берет. Бул маселеде чебер мамлекеттик ишмер жана уюштуруучу президент Серж Саргсяндын саясий көрөгөчтүгүн баалоо керек".
Президенттиктен парламенттик башкарууга...
Армен Саркисян Армениянын парламенттик башкаруу системасы боюнча шайланган биринчи президенти болуп калат. 2015-жылдын декабрь айындагы конституциялык референдумда Армения жарым-жартылай президенттик системадан парламенттик республикага өткөн. Ага ылайык, президенттин ыйгарым укуктары кыйла чектелип, премьер-министр өлкөдөгү башкы саясий фигурага айланган.
Маселен жаңы президенттин вето укугу болбойт. Мамлекет башчыны жети жылга эл эмес, парламент шайлайт. Ал бул кызматты бир гана жолу ээлей алат. Мындан тышкары президент куралдуу күчтөрдүн башчысы деп эсептелбейт. Тескерисинче, армян армиясын премьер-министр көзөмөлдөп калат. Президент шайлоону дайындаса да, парламентти тарката албайт.
Бул өзгөрүүлөр 2017-2018-жылдагы шайлоолордо күчүнө кирет деп белгиленген. 2017-жылдагы парламенттик шайлоодо Серж Саргсяндын Республикалык партиясы 101 депутаттан турган парламентте көпчүлүккө ээ болгон. Март айынын башында парламенттеги 90 депутаттын колдоосу менен Армен Саркисян президенттикке шайланган.
Мурда өкмөт башчы, Британиядагы элчи болуп иштеген 64 жаштагы жаңы президенттин саясий ролу кандай болот? Еревандык саясий серепчи Акоп Бадалян ой бөлүштү:
"Армен Саркисяндын жаңы шарттагы башкы милдети - бийликтеги тең салмактуулукту камсыз кылган бутагы болуп берүү. Де-юре анын чоң деле ыйгарым укуктары жок. Бирок көп жагдай анын де-факто ресурстарына жараша болот. Андай ресурстар ичине элдин ишеними, тышкы байланыштар жана экономикалык салмагы сыяктуу маселелер кирет".
Жаңы премьер жакында аныкталат
Армениянын оппозициясы 2015-жылдагы конституциялык өзгөрүүлөрдү кескин айыптап, президент Серж Саргсянды бийликти колдон чыгаргысы келбейт деп сындашкан. Референдумдун алдында Саргсян 2018-жылы апрелде президенттик мөөнөтү аяктагандан кийин бийликтен кетээрин билдиргени бар.
Бирок буга карабастан кызматын тапшырган президент эми премьер-министр болуп келет деген жоромол көп айтыла баштады. Жаңы премьер-министр 17-апрелде шайланат деп күтүлүүдө. Талапкерди Серж Саргсяндын бийликтеги Республикалык партиясы көрсөтмөкчү.
"Бардык белгилер Серж Саргсян премьер-министр болоорун көрсөтүп жатат. Дейин десең, Арменияда бир түндө өзгөрүүлөр болуп кетиши мүмкүн. Андай кырдаал бул жолу түзүлөбү же түзүлбөйбү, ал белгисиз. Бирок Серж Саргсян өкмөт башчы болуп калса керек. Анын үстүнө премьер-министрлик үчүн күрөштө аны жеңип чыга турган көрүнүктүү саясий ишмерлер да байкалбайт",-дейт саясий серепчи Акоп Бадалян.
Дүйшөмбү күнү кечинде оппозициячыл топтор Еревандагы Эркиндик аянтына чогулуп, Серж Саргсяндын президенттик мөөнөтү бүткөнүн майрамдашты. Ошол эле алар Саргсяндын премьер-министр болушуна каршылыгын билдиришти. Маселен "Сержди четке как" жарандык кыймылынын өкүлү Армен Григорян иш-чарада сүйлөп жатып, Саргсяндын он жылдык башкаруусунда Армениянын мамлекеттик карызы өскөнүн, калктын саны азайганын белгиледи. Ал "Саргсянга атаандаша ала турган саясатчылар жок" деген сөздөр суу кечпейт деп кошумчалады.
Еревандагы жыйынга келгендер Бажы биримдигине кошулуу тууралуу чечим 2013-жылдын сентябрь айында "бир түндө кабыл алынган" деп айтышты.
Армения Серж Саргсян башкарып турганда Орусия үстөмдүк кылган Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө болду. Ошол эле учурда Европа Биримдиги менен өнөктөштүк келишимине жетишти.