Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:38

Анталияда Маликанын соту башталды


Малика ооруканада жатканда тартылган сүрөт.
Малика ооруканада жатканда тартылган сүрөт.

Түркиянын Анталия шаарында катуу сабалган Малика Ноотиеванын иши сотко өттү.

Анталия шаарында жети ай мурда сабалган Малика Ноотиеванын иши боюнча биринчи соттук отурум 12-июлда оор жазаларды караган төртүнчү сотто өттү. Малика сотко ата-энеси жана Анталиядагы 30дан ашык журтташ, аны колдогон түрк жарандар менен келди. Айыпталуучу М.Й.нин эч бир жакыны сотко катышкан жок.

Сот бул окуяны дагы терең иликтөө үчүн 7-сентябрга чейин мөөнөт берди. Малика Ноотиеванын адвокаты Энис Зияли сот жүрүшү тууралуу "Азаттыкка" маек курду.

"Азаттык": Сот иши тууралуу кандай маалыматтар менен бөлүшө аласыз?

Энис Зияли: Бүгүн Анталия сотунда Малика Ноотиеванын иши боюнча соттук отурум өттү. Жалпысынан үч сааттын ичинде сот эки тарапты тең укту. Маликага колдоо көрсөткөн Анталиядагы кыргызстандыктар менен түркмөндөр, азербайжандар дагы келишти.

Москвадан Анталияга жетелеген азап

Москвадан Анталияга жетелеген азап

Түркиядагы ооруканага оор абалда түшкөн бейтааныш кыргыз кыздын жакындары табылды.

Алгач сот айыпталуучуну укту. Ал Маликаны тоногон, өлтүрүүгө аракет жасаган деген айыптарды четке какты. Айыпталуучу "мен Маликанын телефонун, сумкасын, алтындарын алган да эмесмин, сабаган да жокмун" деп көрсөтмө берди.

Малика болсо азырынча жакшы сүйлөй албагандыктан ыктыярчы кыргыз котормочулардын жардамы менен түшүндүргөнгө аракет кылды. Негизинен жаңсап, окуя кандай болгонун сотко түшүндүрүп берүүгө аракет жасады.

Малика сотко "мени муунтуп, желкеме, башыма урду, бутка тепти" деп кыйналып айтып берди. Сот азырынча окуяны терең иликтөө үчүн прокурорго дагы мөөнөт берди. Ошентип сот 7-сентябрга жылды. Ага чейин айыпталуучу камакта болот.

Малика ооруканадан февралда чыккан
Малика ооруканадан февралда чыккан

Маликанын башына операция жасалганы тууралуу соттук медициналык экспертиза керек экен. Бул сот ишинде жалгыз күбө болгон кыргызстандык кызды Интерпол аркылуу издөө талабы коюлду. Маликаны алдап, сойкулукка сатты деп шектелип жаткан ал кыздын дайын-дареги белгисиз.

"Азаттык": Айыпталуучу сотто дагы эмнелерди айтып берди?

Энис Зияли: Айыпталуучу 2016-жылдын 20-декабрында Малика менен ресторанга, барга барганын, ошондой эле Анталиянын башка жерлерин кыдырганын айтты. Кеч болуп калгандыктан Анталиядагы Коркутели районундагы үйүнө чогуу барганын, Малика мас абалында болгонун айтты.

Айыпталуучу жолдон бурулуп жаткан Малика эшикти ачып, машинеден секирип кеткенин ырастайт. Ал машинаны токтотпой кете бергенин, бирок 25 километрден кийин кайтып барса ал жерде полиция жана тез жардам жүргөнүн көрүп, коркуп качып кеткенин айтты.

Маликага жардам издеген түрк жигит

Маликага жардам издеген түрк жигит

Катуу сабалып, өзүнө келе албай жаткан Маликага Түркиянын социалдык тармактарында акчалай жардам чогулуп жатат.

Айыпталуучу окуя болгон күндүн эртеси машинасынан Маликанын сумкасын тапканын, бирок үй-бүлөсүнө эмне деп түшүндүрөрүн билбей, сумканы ыргытып жибергенин айтты. "Малика машинадан секиргенде башы жарылган" деген көрсөтмө берип, күнөөсүн мойнуна алган жок.

"Азаттык": Маликанын абалы кандай? Соттун суроолоруна жооп бере алдыбы?

Энис Зияли: Малика азырынча жакшы сүйлөй албагандыктан, үнү акырын гана чыккандыктан суроолорго жооп берүүдө кыйналды. Ыктыярдуу котормочунун жардамы менен түшүндүргөндөй болду. Малика айыпталуучуну таанып, "ушул киши мени муунтту, башымды темир союл менен урду, телефонумду, сумкамды, алтын буюмдарымды тоноду" деп айтты. Сот үчүн ушул кыска көрсөтмөлөрү деле жетиштүү болот деген үмүттөбүз.

Редакция: 23 жаштагы Малика Ноотиева былтыр 21-декабрда сабалып, эс-учун жоготкон абалда Анталиянын “Ак деңиз” ооруканасына түшкөн. Буга чейин башына үч жолу оор операция жасалып, баш сөөгү сынып, ал жерге пластик коюлган. Февралда Малика ооруканадан чыгып, тергөөгө байланыштуу учурда ал Анталияда жашап жатат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG