Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:11

«Насыя алып билимге жумшадым»


Марат Сейитов учурда АКШнын Техас штатындагы Даллас шаарында «Harmony public schools» мектебинде мугалим болуп иштейт.

Биз аны менен АКШдагы билим берүү системасынын өзгөчөлүктөрү, карантин учурундагы окуу, программалоо боюнча билимин кантип миңдеген доллар насыя алып өркүндөткөнү тууралуу сүйлөштүк.

Марат АКШга 2010-жылы барган. Алгач мектепте түрк тилинен сабак берип, кийин балдарга роботту кыймыл-аракетке келтирип программалоо боюнча тренердин жардамчысы да болгон. Андан соң ал робот жасоо боюнча мектепте өз командасын түзүп, учурда окуучуларга робот жасоо, анын кыймыл-аракетин программалоо боюнча сабак берет.

- АКШдагы мектепте балдарга робот кураштыруу боюнча сабак бересиз. Бул сабак балдарга кандай пайда алып келет? Ушундай сабактарды Кыргызстанда да өтсө жемиши кандай болчудай?

- Мен балдарга роботикс боюнча сабак бергениме он жылдын жүзү болду. Мен берген сабак балдарга команданын ичинде иштегенди үйрөнүүгө жардам берет. Бул же тигил маселе боюнча өз оюн так айтканды, презентация кылганды үйрөтөт. Анан албетте, программалоону үйрөнүшөт. Эң башкысы - маселени изилдегенди үйрөнүшөт. Жыл сайын бир маселени атап, аны чечүүнүн жолун изилдешет. Калыстардын алдында жасаган ишин презентация кылып жатканда алар бир команда экенин да көрсөтүшү керек.

Ушундай сабактар Кыргызстанда да болсо жакшы болмок. Мен аны эки-үч жыл мурда алып барганга аракет кылдым. Бул жактагылар менен сүйлөшүү болду. Кыргызстанга бул программаны эң жакын уюштурган жер - Гонконг, Түркия жана Орусиянын Санкт-Петербург шаарында эле экен. Аларга «программаны Орто Азияда, Кыргызстанда уюштуруп, ал жакта биринчи болгон команданы АКШга алып келсе болобу» деп кайрылдым. «Негизи болот» дешти. Бирок ал программа менчик болгондуктан башында 100 миң доллардай капитал болушу керек экен. Бизде андай каражат болбогону үчүн эч нерсе кыла алган жокпуз.

Кыргызстанга барсак сунуш киргизип көрөм. Мисалы, Кыргызстанда маселе деле көп да. Ошолорду балдардын көз карашы менен карап чечкенге жардам берген сунуштарды киргизиш керек.

- Башында АКШга келгенде түрк тилинен да сабак берчү экенсиз. Америкалык балдарга башка тилди үйрөтүү кыйын болгон жокпу?

- Америкалык балдарга үйрөтүү кыйын эле. Негизи мен иштеген мектепте чет тил катары испан тили бар. Андан сырткары орус тилин, түрк тилин, француз тилин, немис тилин да тандашат. Балдар кызыгат, көбүнчө испан тилине баргысы келбегендер келет. Аларды кызыктырыш үчүн ар кандай көп нерселерди табышың керек. Эң кыйыны ошол балдарды кызыктыруу болду. Башында өздөрү укпаган, билбеген нерсе болгондуктан кызыгып келишет. Кызыккан учурун кармап калыш керек. Бирок түрк тилин үйрөнгөндөр аз деп айтсам болот же чектелүү. Себеби, практика жок. Мектеп менен эле чектелип калат.

- Сиз АКШнын билим берүү системасын ичинен көрүп, билип таанышып калдыңыз да. Биздеги билим берүү системасынан эмнеси менен айырмаланат экен? Биз кайсы жактарын өзүбүзгө алсак жакшы болчудай?

- Бул жерден жетишерлик тажрыйба топтодум десем болот. Эң маанилүүлөрүн Кыргызстанга алып баргым келет. Мисалы, Кыргызстанда жалпы республикалык тестирлөө (ЖРТ) бар. Жөнөкөй эле мектептеги баланын алган баллын бүт мектеп билет, кандай болгонун угат. Бул жакта жөнөкөй эле тесттин жыйынтыктарын ачыкка чыгара албайсың. Себеби сынактын жыйынтыгы - баланын жеке конфиденциалдуу маалыматы. Ошондой болушу керек деп ойлойм. Кыргызстанда жаман балл алып калган баланы баары билип, «башың иштебейт» дегендей мамиле кылышат. Ошондой болбош керек.

Экинчиден, бул жакта ар бир классты бүтүп жатканда онлайн же кагаз түрүндө предметтик тесттер болот. Алардын баарынын жыйынтыктары сакталат. Аны каалаган учуруңда карап алсаң болот. Кыргызстанда да үч жылдай мугалим болуп иштеп калдым. Ал жерде журнал толтурасың, аны керек болгон маалда барып алышың керек. Ошол да тоскоолдук жаратат. Ошонун баары онлайнга өтсө жакшы болмок.

Үчүнчүдөн, дата база (маалыматтар топтому). Ошол эле ЖРТны алалы, былтыр, мурдагы жылдары 11-класстардын теңинен көбү андан кулап, белгиленген чекке жетпей калды. Бул аябай жаман нерсе. Ошол окуучу ийгиликке жете албай калган мектептердеги мугалимдердин билимин жогорулатып же башка бир нерсе кылыш керек. Аларды талдап чыгыш үчүн дата керек. Чогултуп алып, баарын изилдеп, эмнеден кетти, кайсы суроолорду туура эмес кылган деп талдаш керек. Ошонун жыйынтыгына жараша чечимдерди чыгарып, кетирилген каталарга кийинки жылы басым жасаган оң.

Америкада азыр балдардын физикалык же моралдык чектөөлөрүнө карабай кадимки эле окуучулар менен сабакка катышуусуна шарт түзүлгөн. Бизде да ушундай болушун каалайт элем. Алар да коомдун бир бөлүгү. Алардын да билим алууга толук укугу бар.

Бир кызыктуу окуяны айта кетейин. 2015 же 2016-жыл болсо керек эле, роботикс боюнча командам штатта экинчи орунга чыккан. Ошол жылы океандан келген цунамилерди кантип токтотобуз деген маселе бар болчу. Командамда аутист кыз бар эле. Ал «океандын жээгине бак тигели» деген оюн айтты. Балдар макул болуп, бир тамырдан эле 30-40 миң бутак өсүп чыга турган Aspen tree деген бактын түрүн Интернеттен карап таап чыгышып, ушундай бак тигели деген идеяны айтышты. Бак тиккен токойчулар менен, өрт коопсуздугун сактагандар менен барып сүйлөшүштү. Ошол аутист кыздын берген сунушу кызыктуу болуп, биздин командага ийгилик алып келген.

- Азыр АКШда да коронавирустан улам мектептер карантинге жабылып жатса керек. Окуучуларды окутуу жагын кандай кылып жатасыздар?

- Азыр карантинге жараша мектептер жабылды. Бирок окуучулардын баары онлайн түрдө сабакты улантып жатат. Биздин мектеп ар бир окуучуга кромбук (Chromebook) берген. Ошону колдонуп тапшырма аткарышат. «Google Classroom» деген платформа бар, биз азыр ошону колдонобуз. Окуучулар ошол жерде мугалим берген тапшырманы аткарып кайта жиберип коюшат. Мугалим баа коюп, ар кандай сунуштарын берет. Бир жакшы жери - тапшырмалар эч качан жоголбойт. Балдар, ата-эне же мугалим каалаган учурда берилген тапшырманы алып чыгып көрсөтө алат. Мен Кыргызстандагы мугалимдерге жана билим берүү мекемелерине азыр карантин учурунда ушундай нерселерди колдонууну сунуш кылат элем.

- Программалоо боюнча билимиңизди өркүндөтүш үчүн насыя алып, окууга төлөгөн экенсиз...

- Ооба. Кыргызстанда насыя алып той өткөрүп жатышса, мен насыя алып билимимди жогорулаттым (күлүп). АКШда билим алууга төмөн пайыздык чен менен насыялар берилет. Аны кийин бөлүп-бөлүп төлөсөң болот. Азыр башка иштерди да караштырып жатам. Билим алам, тажрыйбамды кеңейтем дегендерге бардык мүмкүнчүлүктөр бар.

Белгилей кете турган нерсе - программалоо боюнча билимди онлайн түрүндө алдым. Бул да өз кезегинде убакытты үнөмдөөгө жардам берет.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG