Кыргызстан космоско спутник учурду
Кыргызстан 2-октябрда космоско аппарат чыгарган өлкөлөрдүн катарына расмий кошулду. Өлкөдө жасалган «наноспутник» SpaceX ракетасынын борту менен орбитага көтөрүлдү.
Учуруу АКШнын Калифорния штатындагы Ванденберг аскердик-аба базасынан SpaceX компаниясынын Falcon 9 ракета алып жүрүүчүсү аркылуу ишке ашырылганын президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Мамлекет башчы Садыр Жапаров АКШдагы иш сапары алкагында Кыргызстандын биринчи улуттук спутнигин учуруу аземине катышты.
Маалыматта айтылгандай, спутник бир ракета алып жүрүүчү менен учурулган космостук аппараттар тобунун курамында орбитага чыгарылды. Аны учуруу Кыргызстандын жана Бириккен Араб Эмираттарынын биргелешкен ишинин натыйжасы болду. Спутникти Бишкек шаарында жайгашкан Башкаруу борборунан ишке ашырылат.
"Спутниктин учурулушу Кыргызстан үчүн ар кандай тармактарда космостук маалыматтарды пайдалануунун жаңы мүмкүнчүлүктөрүн ачат. Алынган маалыматтар айыл чарба жерлерине, мөңгүлөргө, суу объекттерине, токойлорго жана жайыттарга мониторинг жүргүзүүгө, ошондой эле жаратылыш экосистемаларындагы өзгөрүүлөргө көз салууга мүмкүндүк берет. Спутниктен алынган маалыматтар жер казынасын мыйзамсыз пайдалануу фактыларын, уруксатсыз таштанды төгүүчү жайларды жана булгануунун башка булактарын аныктоо, ошондой эле логистикалык каттамдарды оптималдаштыруу үчүн колдонулат", - деп билдирди президенттин басма сөз кызматы.
Спутниктик технологиялар жаратылыш коркунучтарына мониторинг жүргүзүү жана аларды эрте аныктоо үчүн өзгөчө мааниге ээ болору белгиленди. Алынган маалыматтар кургакчылыктын, суу ташкындарынын, жер көчкүлөрдүн, селдердин жана токой өрттөрүнүн белгилерин ыкчам аныктоого мүмкүндүк берет. Бул өз убагында чара көрүү жана мүмкүн болуучу зыянды азайтуу үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү түзөт.
Мамлекет башчынын басма сөз кызматы белгилегендей, келечекте спутниктен алынган маалыматтар мамлекеттик санариптик системалар менен интеграцияланып, мейкиндик карталарын жана аналитикалык моделдерди түзүү үчүн колдонулат. Бул мамлекеттик чечимдерди кабыл алууда, инвестициялык пландаштырууда жана мамлекеттик программалардын аткарылышын көзөмөлдөөдө объективдүү маалыматтарды пайдаланууга мүмкүндүк берет.
Спутниктик маалыматтарды суперкомпьютердик технологиялардын мүмкүнчүлүктөрү менен айкалыштырып пайдалануу Кыргызстандын экономикалык жана жаратылыш ресурстарын кыйла так жана натыйжалуу башкаруу үчүн негиз түзөрү да айтылды.
Долбоор тууралуу маалымат
Кыргызстандын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин 24-сентябрдагы билдирүүсүнө ылайык, көлөмү бир бөлкө нандай болгон спутник айыл чарба өсүмдүктөрүнө байкоо жүргүзүү, табигый кырсыктардын кесепеттерин баалоо жана «кургакчылыктын алгачкы белгилерин аныктоо» үчүн камералардын жана сенсорлордун комплексин колдонот.
Спутниктин баасы болжол менен 10-12 миллион сом деп бааланган. Бирок бул суммага аны АКШга жеткирүү, ракетага интеграциялоо жана космоско учуруу чыгымы киреби же жокпу расмий такталган эмес.
SpaceXтин чакан спутниктерди чогуу учуруучу программасында орбитага 50 килограммга чейинки жүктү жеткирүүнүн базалык баасы 350 миң доллардан башталат. Бирок бул жалпы коммерциялык тариф жана Кыргызстандын беш килограммдык спутнигин учуруу үчүн SpaceXке канча төлөнгөнү ачык жарыяланган жок.
Долбоорду жетектеген «Кыргыз Электроника» технологиялык компаниясынын директору Илья Черныйдын айтымында, салмагы 5 кг болгон космостук аппаратты 10дой кыргызстандык инженер эки жарым жыл бою жасап чыкты. Аппараттын болжолдуу кызмат мөөнөтү 15 жыл. Борбор Азиядагы жергиликтүү маалымат каражаттары анын баасын болжол менен 130 миң доллар деп баалашты.
Кыргызстандын расмий өкүлдөрү аппарат өлкө ичинде чогултулганын кабарлашкан. Черный наноспутниктин ичиндеги «технологиялардын көбү» орусиялык экенин айтып, муну «бардыгын нөлдөн баштап иштеп чыгууга 5-10 жыл кетери» менен түшүндүрдү.
Кыргыз спутнигинин Калифорниядан орбитага учурулушу Борбор Азияда күч алып жаткан космостук атаандаштыктын дагы бир маанилүү этабы болууда.
Борбор Азия аймагы
Борбор Азияда космоско өз спутниктерин чыгаруу тажрыйбасы буга чейин да болгон.
Кыргызстандын азыркы аппаратынын өзгөчөлүгү анын өлкө ичинде иштелип чыгып, чогултулганы.
Казакстан 2006-жылы алгачкы KazSat-1 байланыш спутнигин учурган. Андан кийин өлкө байланыш жана Жерди байкоочу бир нече аппаратты орбитага чыгарды.
Түркмөнстандын биринчи улуттук байланыш спутниги TurkmenAlem 52.0E 2015-жылы Falcon 9 ракетасы менен космоско чыгарылган. Салмагы 4,7 тоннадан ашкан аппаратты Франциянын Thales Alenia Space компаниясы жасаган.
Өзбекстан да өзүнүн биринчи илимий спутнигин түзүү боюнча иш жүргүзүп жатат. Август айында Өзбекстан орбитага Кытайда жасалган спутникти учурган. Анын курамында «Өзбеккосмос» агенттигинин адистери иштеп чыккан жасалма интеллект модулу бар экени айтылган. Мындан тышкары, Ташкент 2028-жылга чейин өзүнүн спутнигин чыгарууну пландап жатканын жарыялаган.
Казакстандын азыркы тапта орбитада өзүндө өндүрүлгөн бир нече спутниги бар. Сентябрь айында өлкө «Жерге байкоо жүргүзүүчү тогуз спутниктен турган эл аралык топ түзүү» планын жарыялаган. Ага Монголия, Конго Республикасы жана Нигерия берген спутниктерди киргизүү пландалууда.
Англиядагы Эксетер университетинин Борбор Азия боюнча эксперти Нелли Бекус "Эркин Европа/Азаттык" радиосуна курган маегинде жеке космостук инфраструктурасын түзө алган мамлекеттер үчүн мындай аракеттер жана чыгымдар улуттук коопсуздук жагынан өзүн актай турганын айткан.
«Акыркы жылдары дүйнө жүзүндө геосаясий чыңалуу күчөгөн сайын жергиликтүү адистер башкарган спутниктик маалыматтарга эркин жетүү мамлекеттик коопсуздук үчүн барган сайын маанилүү болуп калды», - деген ал.
Бекустун айтымында, «космостук мүмкүнчүлүктөр көптөн бери өнүккөн мамлекеттүүлүктүн белгиси катары кабыл алынып, өлкөнүн технологиялык дараметин жана дүйнөлүк аренадагы ордун көрсөтүп келет».
Батыштагы айрым талдоочулар авторитардык өкмөттөр өлкөсүндө жарандык башаламандык чыгып кетсе байланыш каражаттарын көзөмөлдөп же өчүрүп коюу мүмкүнчүлүгүнө ээ болууга кызыкдар экенин белгилешет.
Казакстан 2022-жылдын башындагы кандуу "Каңтар окуясында" интернетти бир нече күнгө өчүргөн. Ал эми Өзбекстан 2028-жылга пландалган өзүнүн спутниги өлкөгө «эгемен жана объективдүү маалымат булагын» камсыздай турганын билдирген.
Казакстан айыл жергесиндеги калкка Starlink кызматын киргизүү тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканда Илон Масктын SpaceX компаниясы менен мамиле туңгуюкка кептелген. Буга Казакстандын спутниктерге сигнал жөнөтүп жана кабыл алган жер үстүндөгү байланыш станцияларын өлкө ичинде куруу талабы себеп болгон. Мындай шарт Астанага байланыш инфраструктурасын өз көзөмөлүндө кармоого мүмкүндүк бермек.
Макаланын англис тилиндеги түп нускасы бул жерде