Кыргызстандын Каржы министрлиги актер Чыңгыз Мамаевге моралдык чыгым үчүн 100 миң, эмгек акынын ордун толтуруу үчүн 100 миң 395 сом төлөп бермей болду. Мындай чечимди бүгүн 9-апрелде Бишкек шаардык соту чыгарды. Маалыматты адвокат Нурсултан Жаныбеков "Азаттыкка" ырастады.
Актерго кенемте төлөө боюнча арызды буга чейин Биринчи май райондук соту карап, ушундай эле чечим чыгарган. Ал эми камакта болгон учурдагы материалдык чыгымдын ордун толтуруу арызы канааттандырылган эмес.
Чыңгыз Мамаев 2022-жылдын апрель айында Кылмыш-жаза кодексинин “Зордуктоо” жана “Сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер” беренелери боюнча шек саналып кармалган. Бишкек шаардык соту 2023-жылдын январь айында анын бөгөт чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгарган.
2022-жылдын 1-апрелинде Дулат Кожоев аттуу адам үйүнө Германиядан конок катары келген Сабрина Шубертти Чыңгыз Мамаев зордуктаганын айтып чыккан. Актердун жубайы буга чейин биологиялык экспертизанын жыйынтыгы таза чыкканын билдирген.
2024-жылы апрелде Бишкектин Свердлов райондук соту Мамаевдин иши боюнча өкүм чыгарып, аны актаган. Кийин ушул эле чечимди Бишкек шаардык соту жана Жогорку сот күчүндө калтырган. (КЕ)
Шерине