Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:29

АКШ менен Кытайдын тиреши кайрадан курчуду


АКШ менен Кытай тууларын көтөргөн кытайлык окуучу. Бээжин, 2012-жыл.
АКШ менен Кытай тууларын көтөргөн кытайлык окуучу. Бээжин, 2012-жыл.

Бээжин АКШнын Ченду шаарындагы консулдугун жабууга буйрук берди. 21-июлда Вашингтон Кытайдын Хьюстон шаарындагы консулдугун жабуyга 72 саат мөөнөт берген.

Кытайдын Тышкы иштер министрлиги 24-июлда АКШнын Ченду шаарындагы Башкы консулдугун жабууга буйрук берди. Мекеме ошондой эле дипломатиялык өкүлчүлүктүн бардык ишмердүүлүгүн токтотууну талап кылды.

Министрлик бул АКШнын «негизсиз кадамдарына» карата мыйзамдуу жооп экенин билдирди. Буга чейин, 21-июлда Вашингтон Кытайдын Хьюстон шаарындагы консулдугун жабууга 72 саат убакыт берген.

Бээжин АКШнын мындай чечимин кескин сынга алып, эл аралык эрежелерге каршы келерин билдирген.

Жума күнү Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Ван Венбин Кошмо Штаттарды өзүнүн «ката чечиминен» баш тартууга жана эки тараптын алакасынын жанданышына шарт түзүүгө чакырды.

Ченду шаарындагы америкалык консулдуктун кызматкерлери Кытайдын ички иштерине кийлигишип, туура эмес кадамга барганын кошумчалады.

АКШнын Кытайда, баш калаа Бээжинден башка шаарларда беш, Гонконгдо бир консулдугу бар.

Кытайдын Хьюстондогу консулдугунун имараты. 22-июль, 2020-жыл. Техас штаты.
Кытайдын Хьюстондогу консулдугунун имараты. 22-июль, 2020-жыл. Техас штаты.

АКШ Кытайдын консулдугун эмнеге жабууну буйруган?

21-июлда Вашингтон Кытайдын Хьюстон шаарындагы башкы консулдугун жабууну буюруп, аны аткарууга 72 саат берген.

Мамлекеттик департамент чечим америкалык интеллектуалдык менчикти, жеке маалыматтарды «коргоо» максатында кабыл алынганын билдирген.

Республикачыл сенатор Марк Рубио Хьюстондогу консулдукту «Коммунисттик партиянын АКШдагы тыңчылык операцияларынын түйүнү» деп атады. Ал ошондой эле «эми имарат жабылышы керек, тыңчылар 72 саат ичинде чыгып кетиши зарыл же алар камалат» деп «Твиттерге» жазды.

Консулдуктун жабылышы тууралуу буйрук жарыяланардын алдында АКШда кытайлык эки жаранга жүздөгөн компанияларга киберчабуул жасап, коронавирустун вакцинасы боюнча жүрүп жаткан иликтөө маалыматтарын "уурдоого аракет кылышкан" деген айып тагылган.

Ошондой эле Хьюстондогу жергиликтүү маалымат каражаттар консулдукта түнү өрт чыкканын жазышты. Маалыматтарга караганда, белгисиз адамдар таштанды челектеринде кагаздарды өрттөшкөн. Бул маалыматты АКШ президенти Дональд Трамп дагы ырастады.

Помпео: Кытай өзгөрмөйүнчө, дүйнө коопсуз болбойт

23-июлда Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Майк Помпео АКШнын союздаштарын Кытайдын Коммунисттик партиясынын «гегемонияга» умтулушуна туруштук берүүгө чакырды. Ал Калифорнияда Ричард Никсондун китепканасында сүйлөп жатып буларды билдирди.

"Биз - дүйнөдөгү эркиндикти сүйгөн калктар Кытайды өзгөрүүгө түртүшүбүз керек. Муну президент Никсон да каалаган. Биз аны өзгөрүүгө түртүшүбүз керек. Анткени, Бээжиндин кадамдары биздин мамлекеттерибизге жана өсүп-өнүгүүбүзгө коркунуч туудуруп жатат", - деди Помпео.

Кошмо Штаттарды 1969-жылдан 1974-жылга чейин башында турган Никсон АКШ менен Кытайдын ортосунда дипломатиялык алакалардын түзүлүшүнө жол ачкан.

АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео. 23-июль, 2020-жыл. Калифорния штаты.
АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео. 23-июль, 2020-жыл. Калифорния штаты.

Эки держава ортосундагы мамилелер акыркы мезгилде улам курчуп баратат.

АКШ Кытай коронавирустун коркунучу тууралуу маалыматтарды "жаап-жашырган, Гонконгдогу, Шинжаңдагы эркиндиктерди жана адам укуктарын одоно бузуп жатат" деп айыптап келет.

Эл аралык укук коргоо уюмдары жана бир катар Батыш өлкөлөрү Кытай бийлиги Шинжаңдагы уйгур, казак жана кыргыз сыяктуу улуттарды «саясий тарбия лагерлеринде» негизсиз кармап турганын билдиришүүдө. Буга чейин Кытайдан келген ондогон казактар жана кыргыздар Шинжаңдагы туугандары лагерде кармалып турганын айтып, бийликке кайрылышкан.

Бирок Кытайдын жетекчилиги Шинжаңдын тургундары диний же саясий көз карашы үчүн куугунтукталып жатканын четке кагып, алар кармалган лагерлерди "кесипке үйрөтүүчү борборлор" катары мүнөздөгөн.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG