Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:55

Трамп айыптаган күчтөр


АКШнын президенти Дональд Трамп БУУнун Башкы Ассамблеясында. 24-сентябрь, 2019-жыл.
АКШнын президенти Дональд Трамп БУУнун Башкы Ассамблеясында. 24-сентябрь, 2019-жыл.

24-сентябрда АКШнын президенти Дональд Трамп Нью-Йоркто Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы Ассамблеясында сөз сүйлөдү.

АКШнын президенти Дональд Трамп Нью-Йоркто БУУнун Башкы Ассамблеясынын 24-сентябрдагы жыйынында сөз сүйлөдү. Трамп мамлекеттердин эгемендигин коргоп, глобализмди айыптады. Ал БУУнун трибунасынан «келечек глобалисттердин эмес, мекенчилдердин колунда. Өз жарандарына кам көргөн өлкөлөр - дүйнөнүн пайдубалы» деди.

Кытай

Трамп өз администрациясынын эл аралык соода-сатык боюнча саясатын колдоп, анын ичинде Кытайдын товарларына кошумча нарк салыгы киргизилгенин жактады. АКШнын лидери Кытайды экономикалык саясатына байланыштуу сынга алып, Бээжинди протекционизм жана өндүрүш тыңчылыгы боюнча айыптады.

- Кытай мурда катуу убада бергениндей өз экономикасын либералдаштырууну камсыз кыла алган жок. Эл аралык соода-сатыктын ишмердүүлүгүн бузууда. Кытай ошондой эле интеллектуалдык менчикти, соода жүргүзүүнүн сырларын уурдап тыңчылык кылып, рынокто демпинг (атаандаштарын сүрүп чыгаруу максатында өз товарын чет элдик рынокто арзан баа менен сатуу - Ред.) менен шугулданууда, - деп баса белгиледи Трамп.

АКШ президенти ошондой эле Гонконгдогу нааразылык акцияларына да назар салып жатканын жашырган жок.

- Кытайдын дүйнөлүк саясаттагы болочок орду дал ошол континенталдык Кытай менен автономиялуу аймактын жарандары ортосундагы терс мамиле кандай болуп чечилгенине жараша болот, - деди ал.

Иран менен Араб коалициясы

Дональд Трамптын сөзүнүн басымдуу бөлүгү Иранга арналды. Ал башка мамлекеттерди Тегерандын саясатын өзгөртүш үчүн ага басым-кысым көрсөтүп, таасир эткенге кошулууга чакырды. Америкалык лидер Ирандын жетекчилигин биринчи орунга өз элинин кызыкчылыгын коюуга үндөп, эгер бул өлкөнүн саясаты өзгөрбөсө санкциялар азыркыдан да катаал болорун эскертти.

- Тынчтыкты жактаган өлкөлөрдүн коопсуздугу үчүн бүгүнкү күндө олуттуу коркунуч жаратып жаткан жагдай – бул Ирандын репрессиялык режими. Алардын режими дүйнөгө өлүм менен бүлгүн сээп жатат. Ирандын лидерлери дүйнө жүзүнө тараган терроризмдин демөөрчүсү гана болбостон, Сирия менен Йемендеги согуштардын тутанышына от жагууда, - деди Трамп.

Трамп Иран өзөктүк куралга ээ болуш үчүн колдон келишинче аракет кылып жатканын да айтты. «Тегеран бул максатка жетиш үчүн кандай гана аракеттерди кылбасын, баарыбыз буга каршы турушубуз керек» деп, дүйнөлүк коомчулукка чакырык таштап өттү.

АКШнын президенти Сауд Арабиясынын мунай объектилерине дрондордон коюлган чабуул үчүн да Иранды каарып өттү.

- Ирандын аракеттеринен улам ага коңшу өлкөлөр да (Израил, Сирия, Йемен, Сауд Арабиясы), дүйнө коомчулугу да жабыр тартып жатат, - деди Трамп. Ирандагы режимди ооздукташ үчүн «дүйнөлүк коомчулук жетиштүү аракет кылбай жатабыз» деп ал мурда да баса белгилеп айткан болчу.

2015-жылы Иран менен дүйнөнүн алты державасы - АКШ, Британия, Франция, Орусия, Кытай жана Германия кол койгон келишимге ылайык Иран өзөктүк программасын чектеп, Тегеранга салынган эл аралык санкциялар алынган. Кийин АКШ бул келишимден чыгып кеткен.

Түндүк Корея жана Венесуэла

Былтыр Трамп Ирандан тышкары Түндүк Корея менен Венесуэланы да «коркунуч жараткан мамлекеттер» деп атаган.

Бул ирет ал өзөктүк куралдан баш тартуу боюнча Корей жарым аралы менен болгон сүйлөшүүлөрдүн аки-чүкүсүнө токтолуп отурган жок. Бирок, «тынчтыкка жетиш үчүн сүйлөшүүлөр жигердүү уланууда» деп белгилеп кетти.

Венесуэла маселесине токтолгон Трамп ал жерде Николас Мадуро сөз эркиндигин жексен кылып, Кубанын саясий кызыкчылыктарына жол берип жатканын, «өлүм эскадрону» тарабынан балдардын өлүмүнө жол берилип жатканын катуу айыптады.

- АКШ азыр Венесуэлага ири өлчөмдө гуманитардык жардам жөнөтүүгө даяр турат. Азыр ал өлкөдөгү жагдай кандай нукта өнүгүп жатканына маани берип, көз салып турабыз. Ал жерде демократия орной турган күндү гана күтүп жатабыз, – деди Трамп.

Ооганстанда террорго каршы аракеттер уланат

Кошмо Штаттардын президенти Ооганстанда «Талибан» кыймылы чабуулдарын күчөткөнүн да эске салды. Вашингтон өнөктөштөрү менен бирге бул аймакта террорчулукка каршы күрөштү уланта берерин эскертти.

Миграция маселеси

Трамп мыйзамсыз миграцияга каршы ойлорун айтып, мамлекеттик чек араны коргоо, миграцияны көзөмөлдөө аракеттери күчөй турганын билдирди.

- Мыйзамсыз миграция коомчулукту бүлгүнгө учуратып, гүлдөп өнүгүп жаткан коомго доо кетирет. Кылмыштуу топтордун тамыры кеңири жайылышына шарт түзөт. Коопсуздук, адилеттүүлүк, туруктуулук деген түшүнүктөргө да шек келтирет, - деди ал.

Трамп ошондой эле «миграция агымын күч менен жолго салган болбойт, бул багыттагы саясат өтө эле адилетсиздик, кыр көрсөтүү менен жүрүп жатат» деген активисттерди да айыптап өттү.

Анын айтымында, ачык чек ара саясаты айтканга жакшы угулганы менен экстремисттик топторго, наркотрафик жана адамдарды кулчулукка сатуу менен шугулданган топторго жакшы мүмкүнчүлүк ачып берип, адам укуктарынын сакталышына туздөн-түз доо кетирип жатат.

АКШнын ички саясаты тууралуу

Трамп «Улуттук жандануу» деп аталган программа тууралуу да учкай айта кетти. Анын сөзүнө караганда, АКШда жумушсуздук менен жакырчылыктын деңгээли кыйла төмөндөдү.

«Айрым өлкөлөрдүн туруктуулугу менен экономикасын бүлүндүрүүдө» деп глобалисттерди айыптаган Трамп ушундай чаранын алдын алыш үчүн АКШ квота тартибин киргизип, ичке ташылып кирген товарлардан салык жыйноонун суммасын көтөргөнү туура болгонун айтты.

Дональд Трамп БУУдагы сөзүндө бул жолу Орусия менен Украинаны бир да жолу оозанган жок.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG