Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:30

Ош: ажал менен ойногон айдоочулар


Бишкек-Ош жолундагы автокырсыкта тартылган сүрөт. 2018-жыл, 25-май.
Бишкек-Ош жолундагы автокырсыкта тартылган сүрөт. 2018-жыл, 25-май.

Ош шаарында 6-ноябрда автокырсыкта жабыркаган бир тууганынын укугун коргогон аял, 12-ноябрдан бери ачкачылыгын улантып жатат.

Адистер жол кырсыктарына айдоочулардын жол эрежесин сактабаганы, мас абалында автоунааны башкаруу, айдоочулук күбөлүккө, тааныштык аркылуу ээ болуу себепкер деп эсептешет.

Ош шаарынын тургуну Кундуз Усупбаева сиңдисин 6-октябрга караган түнү автоунаа сүзүп кеткенин айтып, иш калыс тергелбей жатканына нааразы. Ал азыр мэриянын алдында ачкачылыгын улантууда.

Кундуздун айтымында, бир тууганын ошол күнү кабыл алган дарыгер жана кийин түзүлгөн атайын комиссия туура эмес чечим чыгарган.

Усупбаева бул ишти УКМК, ИИМдин башчылары жана саламаттык сактоо министри көзөмөлгө алышын суранууда.

Ачкачылык жарыялап, Ош мэриясынын имаратына түнөп калган Кундуз Усупбаева. 12-ноябрь, 2020-жыл.
Ачкачылык жарыялап, Ош мэриясынын имаратына түнөп калган Кундуз Усупбаева. 12-ноябрь, 2020-жыл.

«Ош шаардык мэриясынын алдына беш күндөн бери ачкачылык жарыялап отурам. Азыр да Кадыр Козиев деген "таза" деп жыйынтык чыгарганын атайын түзүлгөн комиссия тастыктап жатат. Демек Козиев өзүнүн ушундай колдогон адамы бар үчүн да коркпой, "таза" деп жазды да. Сиңдим 42 күндөн бери белин көтөрө албай жатат».

Доомат артылып жаткан дарыгер менен окуя тууралуу маалымат алууга мүмкүнчүлүк болгон жок.

Ош шаардык милициясынын басма сөз катчысы Замир Сыдыковдун маалыматында Усупбаеванын бир тууганын сүзүп кеткен киши милиция тарабынан табылып, автоунаасы айып короого токтотулуп, Жоруктар кодексинин негизинде иликтөө иштери жүрүп жатат:

Замир Сыдыков.
Замир Сыдыков.

«Бүгүнкү күндө Жоруктар кодексинин 155-беренесинин негизинде тиешелүү иш-чаралар жүрүп жатат. Жабырлануучунун арызына байланыштуу тергөөчү эки жолу алмашты. Соттук медициналык-экспертизанын негизинде жабырлануучу "денесинин оор эмес жараат алган" деген корутунду чыгарып берген. Бирок кыздын туугандары бул корутундуга нааразы болуп жогорку инстанцияларга кайрылып жатат».

Анткен менен оор кесепеттерге алып келген кырсыктар маал-маалы менен катталып келет. Маселен, 8-ноябрда Ош-Исфана жолунда, Рават айылынын аймагында болгон жол кырсыгы беш адамдын өмүрүн алган. Бир күн мурун, 7-ноябрда Бишкек-Ош жолундагы жол кырсыгынан бир үй-бүлөнүн үч мүчөсү жол кырсыгынан көз жумган.

Адистердин айтымында жол кырсыктарына дээрлик айдоочулар өздөрү себепкер болууда. Жол эрежелерин одоно бузуу, мас абалда автоунаа башкаруу, кууп өтүү, каршы тилкеге чыгып кетүү жана ылдамдыктын тиешелүү нормаларын бузуу өңдүү көрүнүштөр кайгылуу кесепеттерге алып келүүдө.

Азамат Ормокеев Ош шаарында жол эрежелери, жол көзөмөлдөө кызматынын мыйзамсыз аракеттери боюнча видеолорду тартып, «Youtube^дан» өзүнүн каналы аркылуу көрсөтүп жүргөн активисттердин бири. Анын баамында, жол кырсыктарына айдоочулук күбөлүктүн сатылганы жана айдоочулардын билим деңгээлине көзөмөлдүн жоктугу себеп болууда.

Азамат Ормокеев.
Азамат Ормокеев.

«Биринчи кезекте мамлекет өзү күнөөлүү. Ош шаарында бир да мамлекеттик автомектеп жок. Бардыгы жеке менчикке өтүп кеткен. Экинчиси - айдоочулук күбөлүктү алууда, сынак тапшырууда каратып туруп эле акчаны алат. Ал жерде "өзүм тапшырып чыктым, сынактан өзүм өттүм" деген адам аябай аз».

Милиция өз кезегинде жалпы статистика боюнча быйыл өткөн жылдын ушул убагына салыштырмалуу жол кырсыктары азайганын белгилеп жатат:

«2020-жылдын 10 айында жалпы жонунан 4899 жол кырсыгы катталып, андан 596 адам каза болуп, 7289 адам ар кандай жараат алды. Бул көрсөткүч былтыркы жылга салыштырмалуу жалпы жол кырсыктарынын саны 9.8% кыскарган, каза болгондор 6.7%, жараат алгандардын саны 13.3% азайган», — деп жазылган расмий маалыматтарда.

Анткен менен Кыргызстан - киши өмүрүн алган жол кырсыктары көп катталган мамлекеттердин бири. Расмий эсеп боюнча ушул тапта өлкөдө 1 млн. 348 780 автотранспорт каражаты бар.

XS
SM
MD
LG