Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:56

Жыл башынан бери жол кырсыктарынан 500дөй адам өлдү


Кыргызстанда катталган кырсыктардын бири. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстанда катталган кырсыктардын бири. Иллюстрациялык сүрөт.

2020-жылдын тогуз айында Кыргызстанда 4184 жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу 28-октябрда Ички иштер министрлигинин (ИИМ) январь-сентябрь айларындагы ишмердүүлүгүн жыйынтыктоо боюнча онлайн коллегияда айтылды.

Анда белгиленгендей, бул кырсыктар учурунда жалпы 496 адам каза болуп, 6271 жаран ар кандай дене жаракаттарын алышты.

Отчёттук мезгилде балдардын катышуусу менен 915 жол-транспорт кырсыгы катталып, 59 бала каза болду. 1063 бала ар кандай жаракат алган.

ИИМдин басма сөз кызматы тараткан маалыматта жол кырсыктары азайганы айтылат. Мурдараак, 2019-жылдын алгачкы тогуз айында 4694 жол кырсыгы катталып, 529 киши каза болгону маалымдалган.

Кыргызстан - киши өмүрүн алган жол кырсыктары көп катталган мамлекеттердин бири. Расмий эсеп боюнча ушул тапта өлкөдө бир млн. 348 780 автотранспорт каражаты бар. (ErN)

XS
SM
MD
LG