Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:23

Айыл чарбадагы аксаган реформалар


Кыргызстандын айыл чарбасына акыркы 20 жылда 690 миллион доллар салым болгону менен бул тармактын өлкөнүн ички дүң продукциясындагы көлөмү 20 пайызга кыскарган.

Агрардык реформалардан эмне үчүн майнап чыккан жок? Тармакты өнүктүрүүнүн негизги көрсөткүчү акча каражатыбы же заманбап уюштуруу, башкаруубу? Министрлерди бат-бат алмаштыргандан эмне өзгөрдү?

"Арай көз чарай" талкуусуна Жогорку Кеңештин депутаты Сайдулла Нышанов, Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Жаныбек Керималиев жана фермер Манас Саматов катышты.

“Азаттык”: Сайдулла мырза, Кыргыстандын агрардык секторуна 690 миллиард доллар, б.а. 47 миллиард сом салынганы менен, ички дүң продукциябызда айыл чарбанын үлүшү 20 пайызга кыскарып кеткени, элдик жомоктордо айтылгандай “күндө туусам күндө жок, күндө жылан жеп кетет” дегендей болгон жокпу?

Сайдулла Нышанов: Айыл чарбасына салынган каражаттардын натыйжа бербегени 70-80 пайызына чейин уурдалып кеткен. Ошонун айынан айыл чарбасы иргеле албай келүүдө.

Айыл чарбадагы абалды сындагандардын кээ бири министрликти жоюш керек деп айтышат. Мына картошканы көп эктик эле, ал сатылбай калат, быйыл Орусиянын күнөсканаларында өскөн помидорду жеп жатабыз. Бул көрүнүштөр айыл чарбасы үчүн коңгуроо болгон коркунучтар. Убагында Кыргызстанга беш миң долларлык кочкорлор келген, алардан бизге эч кандай пайда тийген жок. Жөн эле акчаны чыгарып кетиш үчүн жасалган долбоорлор көп болгон. Күнөөлүүлөрдү таппайбыз.

“Азаттык”: Жаныбек мырза, өкмөт көп жылдан бери эле жеке-майда чарбаларды ирилештирип, кооперативдерди түзүүнү башкы багыт катары көп айтып келет, бирок, кооперативдер эмне үчүн өскөн жок?

Жаныбек Керималиев: Кооперация боюнча концепция дагы жазылууда. Чакан чарбаларды ирилештирүү боюнча иштер жүрүп жатат. Мисалы, жакында эле Ак-Талаа районунда “Мангел” деген кооператив ачылды, алар 200 гектар жердин айланасына өздөрү чогулушту. Бир туунун, бир максаттын айланасында ишти алып барышууда. Ошонун натыйжасында быйыл жакшы түшүм алышты.

Чаткал районунда дагы ушундай эле кооператив ачылып, 500 гектардан ашык жерди иштетип жатышат. Ушинтип ирилештирүү боюнча иштер улана берет. Насыяларды берүүдө да ирилештирген чарбаларга өзүнчө көңүл бурулса деп маселе коюп жатабыз.

Азыркы күнгө чейин республика боюнча 360тан ашык кооператив уюштурулган, алардын арасында мактанчу ири чарбалар дагы бар. Чүй аймагында эле жашылча-жемиштерди өстүрүүчү ири кооперативдер уюштурулду. Алардын продукцияларын чет мамлекеттерге чыгаруу боюнча иштер жүрүүдө.

“Азаттык”: Манас мырза, деги дыйкан, фермердин Айыл чарба министрлиги, өкмөт менен байланышы барбы, экөө бири-бири менен эсептешип, кеңешип, чогуу иш алып барабы?

Агрокөргөзмөдөн бир көрүнүш
Агрокөргөзмөдөн бир көрүнүш

Манас Саматов: Айыл чарбасына келген акчанын кумга сиңгендей жок болуп кетишинин бирден бир себеби айыл чарбанын башына тармакты билген адис башкаруучу келбегендигинде болду. Биздин саясий системабыз ошондой адамды алып келбей жатат.

Айыл чарбасын тейлеген вице-премьерби же министрби тармакты билген реформатор келген жок. Эгерде министр айыл чарбасын толук билбесе кантип тапшырма берет? Тармакты өнүктүрүү, реформа жасоо боюнча жеке концепциясы болбосо жөө жомокторду айтып кете беришет.

Министрлер дыйкандарга караганда Жогорку Кеңешке көп катташат, фермерлер менен таптакыр иштери жок. Азыр министрлик өз алдынча, дыйкандар өз алдынча иштешет. Эл өзүнүн демилгеси, эмгеги менен өзүн-өзү багып келатат. Ошонун натыйжасында айыл чарбасында бир топ жакшы иштер болууда. Буга мамлекеттин жардамы менен эмес, эл өз мээнети менен жетүүдө.

“Азаттык”: Сайдулла мырза, өкмөт облустарды, аймактарды айыл чарбасынын кайсы бир багытына жараша адистештирүү керек деп маселе көтөрүп жатат, ал канчалык реалдуу жана өнүмдүү болот?

ЕАЭБ: аштыгын сата албаган дыйкан арбын

​ЕАЭБ: аштыгын сата албаган дыйкан арбын

Кыргызстан өз продукциясын Евразиялык экономикалык биримдиктин алкагында эмне үчүн эркин сата албай жатат? Кошуна Казакстанга жашылча-жемиш киргизүүгө эмне тоскоол болууда? Орусиядан помидор ташып келүүнүн зарылчылыгы эмнеде?

Сайдулла Нышанов: Мен Манас аксакалдын сөзүнө толук кошула албайм. Азыр биз кандай министрди койсок дагы эгер каражаты болбосо реалдуу эч нерсени чече албайт.

Өкмөт айыл чарбасына керектүү каржы булагын чече албай жатат. Азыр эле министрдин орун басары айтып жаткан уюштурулган кооперативдердин 99 пайызы мурда эле колунда бар, уюштургуч, иш билги адамдардын аракети менен болгон.

Кооперативдерди ачуу үчүн да каржыны комплекстүү чечүү керек. Мисалы, үрөндү, асыл тукум уруктарды алып келүү менен эле чечилбейт. Керек болсо биз жердин кыртышын изилдешибиз керек, эмдиги жылы эмне эгебиз, кайсы рынокко сатабыз - буларды билишибиз керек. Дүйнөлүк базарларда айыл чарба продукцияларынын баалары кандай болот - болжолдоолорду жасап, маалымат берип турушубуз зарыл.

“Азаттык”: Жаныбек мырза, Кыргызстанды 2017-жылга чейинки Улуттук стратегиясында 50 миң гектар кайрак жер өздөштүрүлүп, суулуу жерге айланыш керек эле. Арадан беш жыл өттү, беш миң гектарга жакын жерди суу басыптыр, муну кандай бааласак болот, программа ишке ашпай калдыбы?

Жаныбек Керималиев: Эми бул жерде программада ашыгыраак жазылып калган, аткаруу реалдуу эмес. Мисалы, Кадамжайда Бүргөндү массивинде 3700 гектар жер өздөштүрүлгөнү жатат. Ак-Талаа районундагы Ак-Сай деген жерде 700 гектардан ашык жерди суу басат. Дагы ушинтип жалпы баарын кошсок Кыргызстан боюнча айтсак 10 миң гектардан ашык жерлер өздөштүрүлөт. Эми кыргыздагы макалда айтылгандай “төшөктү башыңа тартсаң бутуң ачылат, бутунду жапсаң башың ачылат” болуп жатпайбы...

(Талкуунун толук варианты менен видеодон таанышыңыз)

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG