Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:17

Ооган президенти “Талибанга” кол сунду


"Талибан" согушкерлери.
"Талибан" согушкерлери.

Ооганстандын президенти Ашраф Гани өлкөдө тынчтык орнотуу үчүн исламчыл “Талибан” тобун саясий кыймыл деп таанып, Баш мыйзамды кайра кароого убада берди.

Ооган лидери шаршембиде Кабулда өткөн эл аралык конференцияда радикал топ менен мунаса табуу үчүн “эч кандай шарт” койбостон тынчтык сүйлөшүүсүн баштоо ниетин билдирди. Бирок бул конференцияга "Талибан" кыймылынан эч ким чакырылган эмес.

“Талибан” жана анын жетекчилери – бүгүн чечим кабыл алуу силердин колуңарда. Ынтымакка келгиле, чыныгы тынчтыкка жетип, курмандыктарга толгон, кыйноого баткан өлкөбүздү коргоо үчүн бирге туралы”, – деди Ооганстандын президенти Ашраф Гани талиптерге кайрылып.

Ашраф Гани (ортодо) конференцияда, 28-февраль, 2018.
Ашраф Гани (ортодо) конференцияда, 28-февраль, 2018.

Ооган лидери өлкөгө 16 жылдан бери дүрбөлөң салып келаткан радикал топ борбордук бийлик менен кепке келсе, Кабул “Талибанды” саясий топ деп расмий таанып, баш калаада өкүлчүлүгүн ачууга уруксат берип, мүчөлөрүнө паспорт берип, түрмөдөгүлөрүн чыгарат. Ошондой эле Ооганстандын Баш мыйзамын кайра карап чыгууга даярдыгын билдирди.

“Согушкерлер болсо Кабул өкмөтүн таанып, мыйзамды сыйлашы керек. Тынчтык келишимине жетишүү үчүн биз талиптерге эч кандай алдын-ала шарт койбостон сунуш кылып жатабыз”, – деди ооган лидери. Тынчтык сүйлөшүүлөрүндө “талиптердин көз карашы эске алынарын” да тактады.

Баш калаа Кабулда өткөн 20дан ашуун мамлекеттин, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышкан эл аралык конференцияга “Талибан” кыймылынан эч ким чакырылган эмес.

Кабул.
Кабул.

Батыш колдогон Кабул өкмөтү 2014-жылы НАТО күчтөрү Ооганстандан чыгып кеткенден кийин өлкөнүн коопсуздугун коргоо милдетин өзүнө алып, “Талибан” баштаган куралдуу топтор менен кармашып келатат.

Август айында жарыяланган Вашингондун Ооганстан боюнча стратегиясында бул туңгуюктан чыгып, согушкерлерди сүйлөшүүгө тартуу каралган.

АКШнын үч миңден ашуун аскери контртерроризм миссиясын аркалап, ооган коопсуздук күчтөрүн машыктырып, көмөктөшүп келатат. Ошондой эле 14 миңден ашуун америкалык жарандык персонал ооган жергесинде жүрөт. Өлкөдө НАТОго мүчө башка мамлекеттердин дагы жоокерлери бар.

“Талибан” кыймылы болсо ооган өкмөтүн “куурчак режим” деп атап, бетме-бет отуруудан баш тартып келатат. Радикалдык топ Ооганстанда эң чоң аскерий күчү бар АКШ менен түз сүйлөшүүнү көздөйт.

“Эгер Америка ооган элинин мыйзамдуу койгон шартын кабыл алып, өзүнүн кооптонуусун жана талабын Ислам Эмираты аркылуу билдирсе, бир чечимге келүүгө көмөк болмок”, – деп “Талибан” кыймылы өткөн аптада билдирген.

АКШ президенти Трамп өткөн айда Вашингтон “Талибан” менен сүйлөшпөй турганын айткан. Ак үй Кабул өкмөтү тынчтык сүйлөшүүлөрүндө негизги ролду ойношу керек деген позицияда.

Баласын кучактаган ооган келин.
Баласын кучактаган ооган келин.

Ооган өкмөтү менен “Талибан” кыймылы тынчтык сүйлөшүүсүн 2015-жылы баштаган, бирок көп узабай эле үзгүлтүккө учураган. Кабулдагы конференцияда президент Гани ошондой эле коңшу Пакистанга кайрылып, “өткөнгө кылчайбай”, Исламабадды алака-байланыштын жаңы деңгээлине өтүүгө үндөдү.

Пакистан өз аймагынан куралдуу топторго башпаана бергени үчүн АКШ менен Ооганстандын катуу басымына кабылган кези. Ошол эле маалда Исламабад радикал топтор Пакистандын аймагында туруп, Ооганстанга кол салып жатканын танып жүрөт. Бирок соңку эки жылда талиптер ооган өкмөтүнө каршы чабуулдарын күчөтүп, өлкөнүн дээрлик 40% өз көзөмөлүнө алды.

БУУнун маалыматы боюнча, дээрлик 40 жылдан бери уланып жаткан куралдуу тирештен улам ооган калкынын 40% жакыны жакырчылыкта жашап келет. Үч жарым миллиондой киши гуманитардык жардамга муктаж.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG