Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Август, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:14

"Мен чынармын кылым көктөп куурабас". Омор Султановдун акындык доору


Омор Султановдун жаш кези
Омор Султановдун жаш кези

Омор Султанов бир ырында: "Акын болуу кандай оор! Жеңил болуу – президент. Акын жүгү – бүтүн бир доор!" - деп жазган эле.

Бул эми, албетте, метафора маанисинде айтылган, көтөрүңкү маанайдагы сөз деңизчи, бирок мунун Омор акындын өзүнө жакшы эле жараша турган жөнү бар: ал кыргыздын улуттук адабиятында, айрыкча поэзиясында бүтүндөй бир доордун жүгүн аркалаган, өзү да поэтикалык бүтүндөй бир доорго айланган ысым катары калды.

Омор акындын доору өткөн кылымдын экинчи жарымындагы "жылымтык" ("оттепель") мезгилдин шарапат-шарпасы менен пайда болгон феноменден - "алтымышынчылар" ("шестидесятники") деп аталган көркөм кыймылдан башталган. Бу феномендин бир топ кызык жактары болгон экен. Айталы, дүйнөлүк адабиятта, жалпы эле маданиятта адатта жаңы агымдар жүз жылдыктардын бурулушунда жаралса, "алтымышынчылар" бир кылымдын орто ченинде пайда болуптур. Анан калса алар эски адабий салттарды танбаптыр да чанбаптыр, ошо кездеги үстөмдүк кылып турган коммунисттик идеологияга деле албууттанып акаарат айтпаптыр, анын короосуна дабыратып таш атпаптыр. Тетирисинче, саясий турмуштун лениндик нормаларына кайтып келүүнү талап кылып, бийликке каймана мааниде гана каяша кылыптыр.

Бул үчүн окказионализм (лат. occasionalis – кокустук) аттуу ыкма ойлоп табышып, жалпы поэтикалык көз караштарын, позицияларын "жаңы ересь” деп аташыптыр. Муун алмашуу иши да тынч өтүптүр, орус модернизминдеги Б.Пастернак, А.Ахматова өңдүү лөктөрдүн ордун жаңы "трибун" акындар менен "жоош лириктер" ээлеп, дүйнөнү көркөм кабылдоонун жаңы усулдары менен тарыйкаларын жарата баштаптыр.

Бул феномен ошо кезде расмий түрдө жаңыдан гана жазмага ээ болгон кенже адабияттар (младописьменная литература) катары каралып жүргөн улуттарга да мухиттеги үйөрдөй эле таасирин тийгизди. Анын толкуну айрыкча биздин улуттук адабиятты арабасын алына жараша кылдыратып келаткан элеттик, провинциалдык абалдан чапчаң сууруп алып, дүйнөлүк секиге көтөрүп чыгарды.Ошол эле учурда ал бизде муундар кагылышын да пайда кылды: мурункулар алардын ордун алганы келгендерди кыйла эле мурдун чүйрүп кабыл алышты, эркин формада жазгандарды “ийри-муйру, жүүнү бош, мээге жукпас ырларыңа түкүрдүм" дегенге чейин барышты, айрым чыгаан чыкмаларын торпок кезинде эле торойто чаап салганга аракет кылышты.

Мурункулардын купулуна толбогондор арасында биздин акын Омор Султанов да бар эле. Алгачкы эки китебин - "Тоо күндөрү" менен "Жылдыздуу түндөрдү" - эч ким деле элес албаптыр, ал эми "Отузунчу станция" (1968) жана "Аэропанорама" (1970) аталган кийинки эки жыйнагы көңкү адабий журттун өзгөчө көңүлүн өзүнө бурган экен, буга кошо алар акынга "модернист" деген ылаңка да алып келиптир. Адабий абагайлар арасында күдүң-күпүр сөздөр чыгыптыр, анын үстүнө акын аларды "ырларыңар совхоздун ак койлорундай окшош" деп сээрге сайып койгон экен.

Омор Султанов. 2010-жылы тартылган сүрөт
Омор Султанов. 2010-жылы тартылган сүрөт

Айтор, ошол жылдары акын башынан бир топ эле кызыктуу, анан да кыйын-кычыктуу иштерди өткөрсө керек, алардын чет жакасын кулак чалып калды эле, иштин чоо- жайын буйруса "Поэзияга келаткан жолдо" деген автобиографиялык баянынан кенен-чонон окуп алабыз деп күтүп жүргөнбүз, өкүнүчкө жараша, акын анысын акырына чыгарганга үлгүрбөй кетти...

Эми ойлоп көрсөк, ошо кезеңде “модернист" деген жарлык адабий, маданий, жалпы эле коомдук аң-сезимде - саясий чөйрөдө андан бетер - жалаң терс мааниде кабылданыптыр. Чындыгында ал бар болгону учурдагы, агымдагы заман (модерн – современный) деген эле кеп тура. Ушул өңүттөн чыгып караганда кала берсе биздин элдик поэзиядагы "заманачыларды"деле кайсы бир деңгээлде модернисттер деп атасак болчудай.

Анын сыңарындай алтымышынчы жылдардын жазарман жаш мууну да жаңы келген замандын илебин, демин туюнтканга, анын шары менен тең шартылдап адымдаганга умтулган. Ошол кыймыл кийин барып бүткүл улуттук адабияттын жүзүн аныктап, бешене-бейнеси болуп каларын, аны өнүккөн адабияттардын катарына кошорун, өзү менен бирге жалпы кыргыз маданиятынын дээрлик бардык чөйрөлөрүн жана тармактарын, атүгүл кайсы бир деңгээлде коомдук илимин да алга кошо жетелеп кетерин ал кезде, албетте, эч ким олуялык кылып озунуп көрө алган эмес. Баары, Омор акын өзү жазгандай, саал башкача болгон көрүнөт:

Акындары алтымышынчы жылдардын
Көргөн жокпуз ал учурдун жыргалын.
Жүрдүк куулуп жалаң жеме, тил угуп,

Азабынан курч жазылган ырлардын.

(Белла Ахмадулинага арналган ыр. 2010).

Акынга каяша кылыш кыйын, эмнеси болсо да ага "Эл акыны" дегенин кыйла кечиктирип беришти, Токтогул сыйлыгын дегеле ыраа көрүшпөдү. Буга анын калемдештери, алардын ичинде жазуучу жердештери кошумча болушту. Дүйнөлүк классиктердин бири, жаңылбасам Жорж Оруэлл болсо керек, жазуучу атангандардын көбү атак-даңкты абдан жакшы көрөт, ошонун айынан ичи тар, көрө албас болушат деп бекер айтпаган окшойт.

Айрым изилдөөчүлөр озук чыкма таланттар арасынан - андайлар алтымышынчылар ичинде да болгону талашсыз - мындай бир таң калыштуу психологиялык жагдайды байкашкан: алар достукта, сүйүүдө, башка алака-мамилелерде да өзүнө окшош адамдарды, бирин бири илгиртпей түшүнгөн өнөк издеп, айласы куруган учурлары болот. Ушундай жагдайга, менимче, Омор акын да туш болгон окшойт. Бери эле дегенде ал өз чөйрөсү катары ырларында москвалык акындарды көп эстеген:

“Переделкино” акындардын мекеси,
Жыргал анда “Поэзия кечеси”.
Ыр окуган Андрей В. шамшардай,
Кремлге тийип канайт чекеси.

Бардыгында жакын жашоо-курактар,
Гитарада Окуджава Булат бар.
Мен бөксө эмес, алар да анда толтура,
Кайран достор, эми жетпес ыраакта.

Алар мени Омар, Амор дешчү эле,
Азыр таппайм жоксуңар да эч жерде.
Менден көз жаш акпайт сыртка дечү элем,
Агып чыкты кечээ Белла кеткенде.

“Cүйүүнүн султаны” Омор Султанов
please wait

No media source currently available

0:00 0:56:00 0:00

Расмий сыйлык-наам Омор акынга кечигибирээк келгени менен элдик баа эрте келди. "Отузунчу станция", андан соң "Аэропанорама" жыйнактарынан кийин эле поэзия ышкыбоздору акынды биздеги саналуу классиктерге кошо баштады. Буга бир жагынан ошо кезде эл ичине кеңири таралып, калкка каркап алынып кеткен Канымгүл Досмамбетованын, Рысбай Абдыкадыровдун, көп узабай Түгөлбай Казаковдун, Асанкалый Керимбаевдин обондору түрткү болду. Түбү келип коомдук пикир жаңылбады: ошол обондор да, алардын тексттери да азыр адабий-маданий классика болуп калды.

"Омор Султанов – тирүү классик, - деп жазды учурунда биздеги адабий сындын классиги, бейиши болгур Кадыркул Даутов. – Жалпы адабият алкагында кечээ да, бүгүн да өзгөчөлөнүп көрүнүп турган бекем орду бар. Эртең да саналуу гана таланттардын арасында болот… Омор Султановдун акындык табиятын эч ким алмаштыра албайт жана ал эч кимге алмаштырылбайт. Жеке өзүнө гана таандык, кандай жан болсо да бул Омор Султановдун поэтикалык станогунун маркасы деп айкын ажыратып ала турган оригиналдуу дүйнөсү бар. Калем кармап, китеп чыгарып, жазуучу аталып жүргөндөрдүн баары эле мындай үлкөн ийгиликке ээ боло бербейт".

Ырастан эле Омор акындын ырлары таптакыр "совхоздун койлоруна окшошподу". Чыгармачылыгында ал өзүн өзү кайталабады, башкаларды туурабады, оңунан чыкса да, чыкпаса да акын окшошсо бир гана өзүнө окшошту; андан азыр инверсия деп атап алышкан плагиаттын кыйды түрүн табыш кыйын. Бул акындын нукуралыгын жана тубасалыгын көрсөткөн башкы жагдай болду.

Ал кадимки жайдары кыргыз усулунда да, эркин формада да бирдей жазды. Муну менен поэтикалык каражаттардын диапазонун кеңейтти. Бир эле жолу эмес, ар бир ирет өзүнчө жаңылык, адабий окуя катары бааланган көркөм туундуларды жаратып, эстетикалык секирик жасап турду. Ошондой бийик секириктердин бири, албетте, бул - "Сен жөнүндө поэма".

Акындын бир ырында бул түрмөктүн кантип жаралганы тууралуу мындай бир ишарат бар: "Оттотушту ооздугумду чыгарбай, озуп бара жатсам күлүк чыгаандай. Омуроого тээп турушту аксатып, мен чыдадым кыңк деп үнүм чыгарбай". Ошондо айласы кеткен акын "сүйүүдөн башка демократия жок" ( И нет демократии, кроме любви. А.Вознесенский) деген принципке салган окшойт: "Сүйгөнүмдү жаздым ырга айлантып, кетпес кылып жүрөгүмө байлантып. Ошол болду алып калган мени аман, жаштык менен махабатка байралтып", -дейт. ("Эл акыны деген наам берилгендеги ыр").

Акынды "аман алып калган" бул түрмөк адатта адабий адистер, алар аркылуу көпчүлүк поэзия күйөрмандары арасында аваз болуп айтылып жүргөн дүйнөлүк арзуу лирикаларына тең келсе тең келет, асти алардан кем калбайт. Болгону аны башка тилге, мисалы, орусчага которсо кыйла эле сыны кетип, сыры күбүлүп калмак. Не дегенде ашыктык жалпы адам баласына тиешелүү базалык, универсалдуу сезим болгону менен анын ар бир элде өзүнчө үлбүрөгөн ньюнстары, өзгөчөлүктөрү болот. Бул баарыдан мурда ошол сезимди туюнткан лексикалык каражаттардан, метафора, эпитет, аллегория ж.б.у.с. троптордон таасын байкалат.

"Сен жөнүндө поэмада" арзуу ишинин нака кыргызча түрү, кыргызча наар-насили, кыргызча кайрыктары менен бойоктору, кыргызча ойлом оролу мүрөл үлгүдө жолугат. Чыгарма бизге дал ушул касиеттери менен баалуу.

Түрмөктө: "Мен болсо сен жөнүндө поэмамды жалдырап Жараткандан сурап, тилеп, сыя эмес каным менен жазганымды менчелик сүйүшпөсө кайдан билет?" - деген саптар бар. Буга караганда акын өмүрүндө чындап эле чоң махабатка жолукса керек, болбосо мынчалык керемет саптар чыкпас эле деп кыяз кылганга болот. Бирок поэмада Петрарканын Лаурасындай, Дантенин Беатричасындай конкреттүү персонаж жок. Италиялык эки акын өздөрүнүн ынтыктарын кудайсынтып кабыл алып, алардын сулуулугун ыйык көрүп, ошого табынышса, биздин акын тек гана жердеги сүйүүнү ырга салат. Лирикалык ынтыгын ал ою, бою, кебете-келбети үчүн эмес, "сүйүү бардыгынан сүйүп калат". Ошо сезимдин күчүн акын: "Мага келчү майда өкүнүч, кайгылар урундуңар тоскоолдукка урабас, эми мени кебелте албай калдыңар, мен чынармын кылым көктөп куурабас",-деген саптарда туюнтат.

Европалык акындарда сүйүүнү кудайлаштыруу (обожествление) апазы басымдуу көрүнсө, Омор акын аны эсхатологиялык мааниге көтөргөн. Башкача айтканда, адам баласынын бу жарыктыкка келип-кетишин барып келип ушул сезимге байлайт:

…Башка баары утурумдук дүнүйө

Түбөлүктүү бир тагдыр бар сүйүүдө…

… Дүйнө -жалган, түбөлүк деп махабат,

Мен аларга жеткире алаар бекемин?!

…Өзүңдү ойлоп турармын,

Өмүрдөн өтүп баратып.

Чоюн Өмүралиев: Омор Султановдун чыгармалары карыбайт
please wait

No media source currently available

0:00 0:37:33 0:00

Омор акын дагы бир ырында "сүйгөнүнө жетпегендер арманда дешет, менимче, жеткендер деле арманда" дейт. Эмнеге? Себеби сүйүү деле чарчатат, тажатат. Ал деле өтмө, кетме сезим болот. Мисалы, Тютчевде ушундай: "Любя, страдая, грустно млея, она изноет наконец". Анан калса Омор акын өзү деле айтып жатпайбы "чарчайсың, албетте, бардыгынан, жашоодо эч нерсе жок чарчатпаган" деп (Чарчоонун жетимиш экинчи ыры).

Акын бул түрмөктү анча деле улгая электе баштаса керек эле. Анда эмнеге аны "Чарчоонун жүзүнчү ыры" деп атаган?

Чарчоо – бул жерде тек гана метафора, ал дүйнөлүк, айрыкча орус акындарында арбын кезигет. Фетте, маселен, шамал да чарчайт, түн да чарчайт, токой да чарчайт, баары чарчайт. "Устало все кругом, устал и цвет небес,

И ветер, и река, и месяц, что родился,

ночь, и в зелени потусклой спящий лес,

И желтый тот листок, что наконец свалился".

Адам болмуштан тажабайт, адам болуштун ташпишинен, түйшүгүнөн чарчайт дешет философтор. Адам болуш үчүн, ошол эле байыркы ойчулдар айткандай, күнүгө жан үрөп иштөөгө туура келет, бул үчүн кара күч эле керек болбойт, акыл талап кылынат, баарынан ушул акылдын чарчаганы азап. Акын болсо ойлонбой тура албайт.

"Айтпа акылдын чарчаганын эң жаман", - дейт ал. Акынды баары чарчатат: жөн жүрсөң деле сага тымызын тузак салган ичи тарлар, көрө албастар чарчатат; паракорлор, бийлигине манчыркап мас болгондор, ишинен ичип келип, аялын сабаган коңшусу, ким бирөөнүн денесинде согуштан калган осколка, убакыттын тардыгы, мүрзөгө окшоп жымжырт калган позиция, азыр эч кимди айбыктыра албас "эл эмне дейт" деген сөз чарчатат, иши кылып тирүүлүктүн түгөнбөгөн ыпыр-сыпыры менен майда бараттары чарчатат.

Бир китептен (Мацуо Монро. Научи меня умирать) окудум эле: кайсы бир элде ысымын маал-маалы менен алмаштырып турмай салт бар экен. Азан чакырып койгон аты тажатканда андан расмий түрдө баш тартып, бөлөк ысым алат экен да жаңы төрөлгөн адамдай болуп жашай берет имиш. Бул апсанадыр же чындыр, кандай болгон күндө да "Чарчоонун жүзүнчү ыры" мага ушул кепти эстетти. Сөз болуп жаткан түрмөктө акын мурдагы поэтикалык Эгосун өзгөртүп, башка Эго (Ego- лат. мен) тапкандай таасир калтырат. Бери эле дегенде "Сен жөнүндө поэмада" ал ички жалкы сезимдерди жалпы сезимдерге айланта билген лирик акын катары көрүнсө, "Чарчоонун жүзүнчү ырында" таптакыр башка кыяпта – ойчул, философ акын болуп көрүнөт. Бир эле ырын мисалга келтирели. Айталы, жер эмнеге титирейт? Илим буга өзүнчө жооп берет, Омор акын башка жооп табат:

Биз билбесек керек аны,

жер дагы

бир нерсеге

болсо керек нааразы.

Бирок ачууланып, нааразы болгудай жердин адам сыяктуу мал-жаны, үй-жайы, көр оокаты, катын-баласы, кур намысы жок. "Ал эч кимден, эч нерседен коркпойт дагы".

Болгону аны ийне тийген шардай кылып жарып алса болот.

"Мен андан коркпойт элем.

Коркконум

эгер алсак жерди жарып

көмөбүз кайда алпарып? "

Мына маселе! Ошондуктан "жерди жарып ийе электе билип калса болор эле титирээрин жер эмнеге?! Эгер жер титиресе, ал, демек, нааразы да бир нерсеге..."

Айтмакчы, бул түрмөктө Омор акын Жерди жарып сала турган "атом бомбасын сынагандан көрө эркин ырдын формасын сыноо жакшы" (Пабло Неруда) деген эрежени карманган окшойт.

Жалпылап алганда, "Чарчоонун жүзүнчү ыры" бизге кандай ибарат калтырат?

Менимче, ал ибарат, дүйнөлүк дагы бир классиктин сөздөрүн саал өзгөртүп айтканда, мындай: адамга жашоодо үч нерсе жасоо керек – адам болуудан тажабаш керек, жакшылык кылгандан чарчабаш керек жана акылдан чарчабаш керек.

Омор акын бизге бир топ эле үлкөн көркөм дөөлөт калтырып кетти. Алардын ичинде "Адам турмушу" романы менен "Ак жол, көк асман” повести да бар. Биринчиси ыр менен жазылган романдар катарында кадыресе барандуу орунда турат, экинчиси акындын проза жанрындагы тырмак алды чыгармасы, экөө тең классик жеткен көркөм бийиктиктерин билдирет. Мындан тышкары акындын котормолору өзүнчө сөз сөз кылууну талап кылат. Менимче, дал ушул тажрыйба акынга дүйнөлүк адабий мектептерден таалим-тарбия алганга огожо болгону калетсиз. Ал эми немец жазуучусу Лео Герман менен авторлошуп орусча жазылган "Остров дракона", "Пираты поневоле", "Таинственный всадник", "Весть с того света" деген романдар сериясы азырынча ачыла элек казына бойдон турат.

Ушул жерде кайра эле Кадыркул акенин (Даутов) айтканы эске келет. Ал минтип жазган эле: акындын "поэтикалык дүйнөсүн төрт тарабынан келип кеңири караштырып, тереңдеп ачып чыгыш үчүн атайын китеп жазыш керек, буга белгилүү шарт, убакыт талап кылынат. Ички даярдыгы күчтүү, чыгармачылык тажрыйбасы мол, зор эрудит, дүйнөлүк адабият боюнча жетиштүү түшүнүгү бар таланттуу эстетик сынчынын келиши күтүлөт".

Ошондой эстетик сынчы келечекте кыргыздан чыгарына үмүт кыла туралы. Азырынча муну айтуу абзел:

Көлгө чөккөн алтын шуру сыяктуу

Көк асмандан көз ымдашат жылдыздар.

Мен да чөгүп кылымдардын түбүнө,

Жылдыз сымал көзүмдү ымдап тургум бар.

Омор акын жаңы калем шилтей баштаганда эле ушинтип кыялданган экен. Эми ал бизге кылымдардын кыйырынан жылдыздай көз ымдап турсун! Оомийин!


Эсенбей НУРУШЕВ

Автордун пикири "Азаттыктын" позициясын чагылдырбайт


Шерине

Азаттыктан угуңуз

XS
SM
MD
LG