Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:57

Абдураимовдун долбоору, президент өкүлү күткөн ыйгарым укук


Жарасул Абдураимов жана Зиядин Жамалдинов.
Жарасул Абдураимов жана Зиядин Жамалдинов.

Өткөн аптада Ош облусунун жетекчиси алмашты. Октябрь окуяларынан кийин келген Жарасул Абдураимов башка кызматка дайындалып, ЖКнын мурдагы депутат Зиядин Жамалдинов облустун жаңы жетекчиси болду.

Кыргызстандагы эң чоң облустардын бирине дайындалган жетекчи ким, мындан ары облус өкүлүнүн укуктары кеңейдиби?

ЖКнын мурдагы депутаты, 55 жаштагы Зиядин Жамалдинов президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп 22-июлда дайындалды. Облустагы активге тааныштыруу учурунда президенттик администрациянын бөлүм башчысы Жалалов Жаныбек жаңы жетекчини "тажрыйбалуу кадр" деп сыпаттады.

"Тажрыйбаңыз мол, жетиштүү деп ойлойм. Буюрса биздин бөлүм региондор менен иштешебиз. Сиздер менен бирге аймактарды өнүктүрөбүз деп ойлойм",-деди ал.

Ош облусундагы активине жаңы жетекчини тааныштыруу учуру. 23-июль, 2021-жыл.
Ош облусундагы активине жаңы жетекчини тааныштыруу учуру. 23-июль, 2021-жыл.

Жамалдинов өз сөзүндө Оштон чыккан саясатчы экенин белгилеп, жергиликтүү көйгөйлөрдү жакшы билем деди. Кызматка дайындалардан мурун президент менен жолукпаганын, мындан кийин облус өкүлдөрүнө көбүрөөк укук берилет деп үмүт аратып турганын айтты.

"Мурун өкмөттүн өкүлү болсо, эми президенттин өкүлү болуп калды. Көбүрөк ыйгарым укуктарды берет деген үмүттөбүз. Биринчи максат - Ош облусундагы айылдарга шарт түзүү. Көп кемчиликтер бар. Мисалы, кайсы айылга барбагыла метрике алууда көйгөй жаралат. Муну эң биринчи кезекте чечебиз. Андан кийин сөзсүз түрдө экономикага салым кошо турган ишканаларды куруу, инвесторлорду тартуу".

Зиядин Жамалдинов деген ким?

Зиядин Жамалдинов.
Зиядин Жамалдинов.

Зиядин Жамалдинов 1966-жылы Ош облусунун Ноокат районунда туулган. Алгач Оштогу эт комбинатында эмгектенген.

1994-жылы салык кызматына ишке кирип, он жылга чукул ар кандай кызматтарды аркалаган.

Саясий карьерасы 2003-жылы Акыйкатчы институтунун Ош облусу боюнча ыйгарымдуу өкүлү болуп иштегенден кийин башталган.

2005-жылы Жогорку Кеңештин III чакырылышынын депутаты болуп шайланган.

2007-жылы "Ак-Жол" партиясынын курамына кирип, Жогорку Кеӊештин IV чакырылышынын депутаты болгон.

2015-жылы болсо, "Өнүгүү-Прогресс" партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеӊештин VI чакырылышынын депутаты болуп шайланган.

Ачык булактарда 2010-жылы "Ата-Журт" партиясына мүчө болгону жазылган. Облустук өкүлчүлүк тараткан маалыматта "Ата-Журттун" дагы, "Ак-Жолдун" дагы катарында болгону айтылган эмес.

Жамалдиновду ким сунуштады?

Коомдук тармактарда Жамалдиновду Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов менен жердеш экенине көңүл бургандар болду. Ал эми саясий талдоочу Төлөгөн Келдибаев болсо, жаңы өкүл менен президент Садыр Жапаровдун байланышын белгиледи:

Төлөгөн Келдибаев.
Төлөгөн Келдибаев.

"Садыр Жапаров менен пикирлеш, мамилеси жаман эмес болгон. Башка партияларда болушса да чогуу жүрүшкөн. Бирин-бири тааныйт, дос катары да болушу мүмкүн. Ошондуктан ушул кадрды тандады деп ойлойм. Буга чейин кандай иштерди жасаганын айта албайм. Жетекчи болуп эми келди, көрө жатаарбыз".

Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү болуп турган Жарасул Абдураимов экономика жана финансы министринин орун басары болуп дайындалды. Ал 2020-жылы октябрь окуяларынан кийин Ош облусун жетектеп калган эле.

Борбордук бийлик Абдураимов Оштогу саясий абалды турукташтырып, акимдердин, айыл өкмөттөрдүн бийлик талашуусун токтотот деп ишеним арткан.

Абдураимовдун 10 долбоору

Абдураимов Ош облусун өнүктүрүүнү көздөгөн 10 долбоор сунуштаган. Алардын арасында аэропортту башка жакка жылдыруу, электромобилдерди алып келүү сыяктуу дымактуу долбоорлору, байпак чыгаруучу цех ачуу сыяктуу чакан долбоорлору дагы бар эле.

Абдураимов менен чогуу иштеген кызматкерлер бул долбоорлордун басымдуу бөлүгү ишке ашуу алдында турганына ишендирүүдө. Жаңы дайындалган президенттин өкүлү Зиядин Жамалдинов каражатты аз талап кылган долбоорлорду аягына чыгарам деп сөз берди.

"Балким акча каражаты көп кете турган өндүрүштүр. Аны эптеп баштап алып, аягына чыгарбагандын не кереги бар. Балким ону тең керектүү, бүтүрө турган ишканалардыр? Андай болсо, баарын бүтүрүүгө аракет кылабыз. Жарасул Осмоналиевич баштаган ишти алып кетпейм деген оюм жок. Башталган иштерди улантып, алып кеткенибиз жакшы".

Жарасул Абдураимов 1960-жылы Гүлчөдө туулган. Буга чейин ал ишкерлик менен алектенип, "Ишеним" партиясынын саясий кеңешинин төрагасы, Нанотехнологиялар институтунун башчысы, Футзал федерациясынын президенти, өкмөттү реформалоо боюнча атаандаш долбоордун автору катары да маалым.

Абдураимовдун кызматка келишине бир тууган агасы Каныбек Осмоналиев менен президенттин жакын мамилеси түрткү болгону айтылган. Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Осмоналиев убагында Садыр Жапаровго боштондук талап кылып митинг уюштуруп, камакка алынган эле. Ал буга чейин премьер-министрдин кеңешчиси болуп турду. Бирок акыркы убактарда бийликти сынга ала баштаган.

Кыргызстанда жаңы Баш мыйзамга ылайык, Мамлекеттик катчы институту кайра түзүлүп, июль айынын башында ал кызматка жазуучу Чолпонбек Абыкеев дайындалды. Каныбек Осмоналиев "Азаттыкка" берген маегинде ал орунга дайындаларын күтүп жүргөнүн айткан.

Каныбек Осмоналиев.
Каныбек Осмоналиев.

"Конституциялык кеңешме иштеп жатканда президент мага тапшырма берип, мамлекеттик катчы институтун киргизели деген. Мен конституциялык кеңешменин мүчөсү катары аны киргизип, өткөргөнбүз. Мен ошондон улам ишенип алыпмын, ушул орунду берсе керек деп. Сүйрөп жүрүп анан ушундай болуп калды. Улуттук идеологияны түптөө үчүн көп аракет кылдым эле, ошол позициям президенттин тегерегиндеги айрымдарга жакпай калса керек".

Жарасул Абдураимовдун Ош облусунун жетекчилигинен алынган учуру анын агасы Каныбек Осмоналиевдин бийликти сындай баштаган учурга туш келди.

Парламенттик шайлоонун камы

Ош облусу - Кыргызстандагы ири облустардын бири. Ал Кытай, Өзбекстан, Тажикстан менен чектешет. Облустун курамына 7 район, 3 райондук маанидеги Кара-Суу, Ноокат, Өзгөн шаары жана 88 айылдык аймак кирет.

Саясат талдоочу Абдыжапар Аккулов акыркы эки жыл ичинде үч жетекчи алмашкан облус өкүлчүгүн бийлик саясий курал катары колдонуп жатат деп сынга алды. Анын пикиринде акыркы дайындоолор парламенттик шайлоого байланыштуу:

Абдыжапар Аккулов.
Абдыжапар Аккулов.

"Жетекчилик кызматты көп учурда саясий курал катары пайдаланып үйрөнүп алдык. Экономика, элдин социалдык турмушу, ар бир облустун понтенциалын пайдаланып, өнүктүрүү программасын иштеп чыгуу мындай турсун шайлоонун гана жыйынтыгы маанилүү болуп калды. Кадрдык дайындоолор ошого басым кылуу менен чечилип жатат. Бул ирет да ал нерсе кайталанды десек болот".

Облус жетекчилеринин укуругу узарабы?

Президент Садыр Жапаров 15-июлда "Президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө" жарлыкка кол койду. Буга ылайык, эми облус жетекчилери президентке түз баш ийет. Буга чейин алар өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү аталып, ыйгарым укуктары чектелүү эле.

Документке ылайык, президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү өзү жетектеген аймакта президент аныктаган мамлекеттин ички жана тышкы саясатын ишке ашырат. Атап айтканда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана укук коргоо органдарынын ишин тескейт. Мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнүн жана мекемелердин жетекчилерин кызмат ордунан четтетүү жана бошотуу боюнча сунуштарды киргизе алат. Бир сөз менен айтканда ыйгарым укуктуу өкүл - облустун башкы кызмат адамына айланганы турат.

Ал президенттин демилгеси же Министрлер кабинетинин төрагасынын сунушу менен кызматка дайындалат жана бошотулат. Ошондой эле, аларга түздөн-түз баш ийет, отчёт берет. Ыйгарым укуктуу өкүлдүн орду саясий мамлекеттик кызмат жана ал облустун башкы кызмат адамы болуп саналат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG