Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:42

Өзбек журналисти туугандары менен камалды


Хорезм милициясы 21-сентябрда Махмуд Ражабды кармаганга аракет кылган, бирок аларга журналисттин тууган-уругу каршылык көрсөткөн.
Хорезм милициясы 21-сентябрда Махмуд Ражабды кармаганга аракет кылган, бирок аларга журналисттин тууган-уругу каршылык көрсөткөн.

Өзбекстанда журналист Махмуд Ражаб менен кошо анын 20дай тууганы камакка алынды. Алардын арасында кичинекей балдар, төрт айлык наристе да бар.

Кармалгандар ички иштер министрине даттаныш үчүн Хорезм облусунан Ташкентти көздөй жөө бараткан.

Махмуд Ражабга быйыл жазында Түркиядан өзбекстандык оппозициячыл саясатчы Мухаммед Салихтин китептерин алып келгени үчүн кылмыш иши козголгон эле. Журналист күнөөсү жок экенин айтып келет.

Журналист 22-сентябрда тууган-уругу менен кошо Хорезм облусунун Ташкентти көздөй жөө жолго чыккан. Жөө жүрүштү Шабнам Оллошукурова аттуу блогер «Фейсбуктагы» баракчасы аркылуу түз чагылдырып жаткан. Ага ылайык журналист бала-чакасы, тууган-уругу менен орточо 50 чакырымды басып өткөндөн кийин милиция аларды күч менен кармап кетти. Блогердин социалдык тармактарга түз берүүсү 23-сентябрда жергиликтүү убакыт менен саат 11лер чамасында үзүлдү.

Мунун алдында Махмуд Ражаб жедеп арга-амалы калбай калганда жөө жүрүшкө чыкканын түшүндүргөн:

Биздин максатыбыз - Ташкентте министр Пулат Бабажановдун өзү менен көзмө-көз жолугуу.

- Биздин чыдамыбыз түгөндү. Биз Хорезм облустук милициясынын зордук-зомбулугуна, басымына тоюп бүттүк. Биз жогору жакка жазган бир да кайрылуубузга жооп ала албагандан кийин Ташкентке чейин жөө баралы деп чечтик. Биздин максатыбыз - Ташкентте министр Пулат Бабажановдун өзү менен көзмө-көз жолугуу. Хорезмде мени негизсиз каралап салышты. Өзүмдүн ак экенимди далилдегенге мүмкүнчүлүк беришкен жок. Ошон үчүн Ташкентке жол тартууну чечтик.

Хорезм облустук милициясы Махмуд Ражаб тугандары менен кошо кармалганын ырастады жана аларды «митинг жана тынч жыйындар тууралуу мыйзамды бузду» деп айыптап жатат.

Облустук ички иштер башкармалыгы тараткан билдирүүдө​ «Үргөнч шаарынын акими аларга демонстрацияга чыгыш үчүн атайын уруксат алышы керек экенин, бул акция башка адамдарга терс таасирин тийгизбеши зарыл экенин түшүндүргөн. Бирок жөө жүрүшкө чыккандар мамлекеттик бийликтин кадыр-баркына көлөкө түшүрүү максатында жарандардын өз мамлекетине болгон ишенимин азайтканга аракет кылышты. Алар өз акциясын социалдык тармактар аркылуу түз чагылдырып, коомчулуктун көңүлүн бурушту», деп айтылат.

Махмуд Ражабга ушул жылдын апрель айында кылмыш иши козголгон. Ал ошол маалда Стамбулдан Түркияда бозгунда жүргөн өзбекстандык оппозициячыл саясатчы Мухаммед Салих менен анын иниси Мухаммад Бекжандын китептерин ала келген. Буга байланыштуу журналистке «өлкөдө тыюу салынган буюм-тайымдарды алып келген» деген айып коюлган.

Жергиликтүү милиция 21-сентябрда журналистти үйүнөн кармап кеткенге аракет кылган. Бирок Махмуд Ражабдын кошуналары, туугур-уругу каршылык көрсөтүп, аны карматпай коюшкан.

Оппозициячыл саясатчы Мухаммед Салих Махмуд Ражабдын кармалышын бийликтин куугунтугу катары сыпаттады жана бул окуяларды декабрда өтө турган парламентик шайлоо менен байланыштырды:

Мухаммед Салих.
Мухаммед Салих.

- Журналистти кармап жоопко тартуу туурлуу жогору жактан буйрук келди. Бул саясий иш. Өзбек оппозициясына каршы күрөштүн жаңы толкуну башталды. Оппозиция кайрадан улуттун жана азыркы бийликтин душманы деп жарыяланды.

Мухаммед Салих - белгилүү өзбек оппозиционери. Маркум президент Ислам Каримов Өзбекстанды башкарган жылдары ал Түркияга кетип, башпаанек алган.

Эгер журналистти сот күнөөлүү деп тапса беш жылдан 10 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG